САДЫР ЖАПАРОВ АБАКТАН ҮН КАТТЫ

“Бийликтин өкүлүн барымтага алды” деген айып менен, жабырлануучу Эмилбек Каптагаевдин “доом жок, камалбасын” деген өтүнүчүнө карабай 11 жыл 6 айга соттолуп кеткен Садыр Жапаров абактан үн катты.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты жергиликтүү басылмалардын бирине кенен маек берип, анда "Кумтөр" кенине байланыштуу 2012-жылдагы депутаттык комиссиянын иши, бул ишке байланыштуу Бишкекте өткөн митинг, Камчыбек Ташиевдин Ак үйдүн дарбазасынан эмне үчүн ашып өткөнү, өзү жана Талант Мамытов үчөөнүн кармалышы, эң негизгиси, 27 жылдан бери бийлик башында тургандардын жалпы элге кылган кыянаттыктары тууралуу сөз кылды.

Чыныгы далилдер жок туруп, укук коргоо органдарынын басымы менен жасалма көрсөтмөлөрдүн негизинде соттолуп кеткендигин, атамбаевдик бийлик алмашкандан кийин деле сотто мурдагыдай эле адилетсиздиктер уланып жаткандыгын айтып, “Бизде сот процесстериндеги аудиожазуулар толук бойдон сакталып турат. Убагы келгенде салыштырабыз, териштиребиз. Акыры бир күнү өлкөбүздө адилеттүүлүк орнойт” деди.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан