БИШКЕКТЕ НААРАЗЫЧЫЛЫК МИТИНГИ ӨТТҮ

7-январда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына 300гө жакын адам митингге чыгып, "Кытайда кыйноого алынып жатышат" делген этникалык кыргыздарга жардам берүүнү бийликтен талап кылышты. Митингчилер Кыргыз жарандыгы, паспорту коррупциялык жолдор менен кытайларга көп берилип кеткенин эскертишип, мыйзамсыз жарандык алгандарды текшерип чыгууну, керек болсо депортациялоону талап кылышты.

“Ала-Тоо" аянтында башталган митинг КТРК имаратынын алдында уланды. Чогулгандар телеканалдан митингге чыккандардын талаптарын так, толугу менен бийликке жеткирип, элге бул маалыматты көрсөтүүнү талап кылышты.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан