ИШКЕРЛЕРГЕ ДИППАСПОРТ БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕНҮҮДӨ

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров мамлекетке акыркы үч жылда жыл сайын кеминде 10 миллион сом салык төлөгөн кыргызстандыктарга дипломатиялык паспорт берүү демилгесин көтөрүп чыкты.

"Мындай жол менен жарандардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымына баа берген болобуз. Бул ыкма өлкө казынасына алардын мындан дагы көп салык төлөөсү үчүн шык берет",- деп жазылат негиздемеде.

Дипломатиялык паспорт мамлекеттик чек ара, аэропорт, көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен өтүүдө айрым жеңилдиктерди берип, көпчүлүк өлкөлөргө визасыз барууга жол ачат. Демек, виза алуудагы түйшүктөрдөн арылтып, бизнес жүргүзүү жолун жеңилдетет. Бирок мындай демилгенин кооптуу жагы дагы бар. Дипломатиялык паспорт визага баш оорутпай каалаган күнү, каалаган өлкөгө чыгып кетүүгө, демек, жоопкерчиликтен оңой качып кетүүгө жол ачат.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан