БИР БҮРКҮМ. АКШга ЭЛЧИЛИККЕ БОЛОТ ОТУНБАЕВ КӨРСӨТҮЛДҮ...

  • ТИМ Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине мурдагы тышкы иштер министри АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВдун талапкерлигин көрсөттү.
  • Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигине ДИНАРА КЕМЕЛОВАнын талапкерлиги көрсөтүлдү.
  • ТИМ Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигине учурдагы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси БОЛОТ ОТУНБАЕВдин талапкерлигин көрсөттү.
  • КАНАЙЫМ БАКТЫГУЛОВАны ТИМ Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигине көрсөттү.
  • Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети ЭЛЧИЛЕРДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН 15-январда карайт.
  • УКМК Бишкек ЖЭБин жаңылоодо мамлекетке 111 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДАН ашык зыян келтирилген деп жарыялады.
  • Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы АЖЫЛЫК САПАРГА баруучуларды каттоо 9-январдан башталганын жарыялады.
  • Премьер-министр Абылгазиев БИЗНЕС-ОМБУДСМЕН институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду.
  • Сооронбай Жээнбеков ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВге ырайым берүүдөн баш тартты.
  • Бишкек шаарынын экс-мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВго “Коррупция” беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү.
  • "КУМ-БЕЛ" көмүр кениндеги абалды изилдөө боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссия түзүлдү.
  • Ички иштер министринин мурунку орун басары ДАНИЯР АБДЫКАРОВ "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын башчысы болуп дайындалды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан