КАБЫРГАСЫ СЫНГАНЧА САБАШКАН. БИШКЕКТЕ ИШКЕРДЕН 50 МИҢ ДОЛЛАР ТАЛАП КЫЛГАН ДЕП ШЕКТЕЛИП 3 АДАМ КАРМАЛДЫ

Жакында милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунун барымтага кармап, акча талап кылганга шектүүлөрдү колго түшүрүштү. Алар ишкерден 50 миң доллар талап кылып сабап, кабыргасын да сындырышкан.

“КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП 3 КИШИ КАРМАЛДЫ”

Бул кылмыш тууралуу ИИМдин криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы) жетекчиси Азамат Токтоналиев төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Ушул жылдын 12-декабрында белгисиз кылмышкерлер Бишкек шаарынын тургунун күч менен кармап, убактылуу ижарага берилүүчү батирге камап коюп, бир суткадан бери акча талап кылып жатканы тууралуу бизге маалымат түштү. Биздин кызматкерлер жаранды опузалап акча талап кылгандардын аты-жөнүн аныктоо, аларды кармоо сыяктуу оперативдүү издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бул факт боюнча, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышкерлердин колунда жаткан адамды бошотуу боюнча атайын операция Бишкек шаарынын борборунда, Бөкөнбаев менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өткөрүлдү. Баары өтө ыкчам жүргүзүлгөндүктөн, кылмышка шектүүлөр качканга да, каршылык көрсөтүүгө да үлгүрүшкөн жок. Батирде кылмышка шектүү 3 адамдан сырткары жабырлануучу да бар болгон.

“ЖАБЫРЛАНУУЧУ АЯБАЙ КОРКУП КАЛЫПТЫР”

– Алгачкы иликтөө иштеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, Хаетилла Токтобаев аттуу жаран Мидин Келгенбаев жана Виктор Багирян деген мурда соттолгон адамдар менен сүйлөшүп, ишкерден акча өндүрүүнү пландашат. Ошентип, 12-декабрь күнү кылмышка шектүүлөр Ж.Жолдошев аттуу жаранды күч менен кармап, колу-бутун кайрып, убактылуу ижарага берилүүчү батирлердин бирине алып барышкан. Жабырлануучунун курулуп жаткан ири объекттерде оңдоо иштерин жүргүзүүчү бригадасы болгон, ошондуктан кылмышка шектүүлөр анда акча бар деп ойлошкон. Алар жабырлануучуну батирге алып барган соң "сен бир имараттын курулушун чала жасап койдуң" деп шылтоолоп, андан 50 миң доллар акча берүүсүн талап кылышкан. Калган суммасын кийин, ал эми 2 миң долларын заматта таап бергенден кийин гана аны коё беришмек болушкан. Үчөөлөп жабырлануучуну сабап, денесине оор залал келтиришкен. Жабырлануучунун бир кабыргасы сынган. Кылмышка шектүүлөр анын жанындагы үйүнүн ачкычын алып, эгерде акча таап бербесе үй-бүлө мүчөлөрүн да өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ошентип жабырлануучу тааныштарына телефон чалып, акча издей баштаган. Кылмышка шектүүлөр анын жанында туруп көзөмөлдөшүп, ашыкча сөз айттырышкан эмес.

Жабырлануучу аябай коркуп калган, ага моралдык жардам көрсөтүп жатабыз. Элестеткиле, бирөөлөр күч колдонуп эле бир батирге алып барып, “мен смотрящиймин, зона, өлтүрөбүз” деген сыяктуу сөздөрдү айтып сабап жатса. Учурда күнүгө ага барып жолугуп, ал-абалы менен таанышып жатабыз. Тергөөдө көрсөтмө берүүгө да биздин кызматкерлер коштоп алып барып, алып келип жатат.

КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАР:

1. Мидин Келгенбаев, бул кылмыштуу топтун башчысы. Бишкек шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган. Мурда "киши өлтүрүү", "каракчылык", "опузалап талап кылуу" кылмыштары үчүн 5 жолу соттолгон. Абакта жатканда “барактын смотрящийи” болгон.

2. Хаетилла Токтобаев. Чүй облусунун жашоочусу, 1984-жылы Тажикстанда туулган.

3. Виктор Багирян. Бишкек шаарынын тургуну, 1989-жылы Өзбекстанда туулган. Мурда уурулук кылганы үчүн соттолгон. Абакта жатканда “хатанын смотрящийи” болгон.

Кылмышка шектелип кармалган бул жарандар ушул сыяктуу башка да кылмыштарга катыштыгы болушу мүмкүн экендиги текшерилип жатат. Анткени булар эч жерде иштешпейт, туруктуу кирешеси болгон эмес. Эгерде бул сүрөттөрдөгү адамдардан жабыр тарткандар болсо, төмөндөгү телефон номерлери аркылуу милиция кызматкерлерине кайрылышса болот:

Тел.: 0312 662353, 0500 630088,

0553 210001, 0772 887828

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaskaaa
2019-01-17 17:03:04
Буларды багып кереги жок. Акча камап кыйнаса
0
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан