Жаңы муундун өкүлү – ЖООМАРТ САПАРБАЕВ

Бейне

Учурда билими, иш тажрыйбасы, алгылыктуу сунушу жок туруп “биз элдик бийликти орноттук, эми бийликке келишибиз керек!” деп кыйкырган жаштар көп. Бирок алардын катарында “мен” деп төш какпай иштеп келе жаткандар да бар. Алдыдагы 15-20 жыл ичинде дал ушул муун башкаруу бутагына келип, Кыргызстандын тагдырын калчай турганы анык. Таанышып алыңыз, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаңы муундун өкүлү – Жоомарт Сапарбаев. Ал, болгону, 26 жашта.

– Жоомарт, референдум өтүп, “өх” деп кенен дем алып калдыңарбы?
– Ооба. Чынында, референдумдун жыйынтыгын жеке иштерим менен жүрүп кечирээк уктум.
– Айта бербейсиңби, балалуу болдум деп.
– Ооба, дал ошол 27-июнь күнү кыздуу болдум.
– Куттуктайм, бешик боосу бек болсун! Атын ким койдуң?
– Ата-энемдин тун небереси да. Андыктан атын өздөрү Сайкал деп коюшту.
– Кимге окшош экен?
– Көзүн ачпай уктап жата берген кызыл эт баланы эч кимге окшото алган жокмун. Бирок келинчегим “сага окшош” дейт.
– Анда жумуштан үйгө шашып жаткан кезиң экен да.
– Мурда жаш балдарды жакшы көргөнүм менен, анчалык маани берчү эмесмин. Баласаак экенимди эми сездим. Кызым ыйласа, апасы биякта калып эле мен тызылдап жиберип жатам.
– Кепти жумушуңа бурсак, сени ЖКнын жыйын залынан көрөбүзбү же башка пландарың барбы?
– Партиянын саясий кеңеши жаштардан 3-4 баланы тизмеге кошобуз деп чечти. Алардын катарында мен да бармын.
– Өлкөбүздө биринчи жолу Жаштар иштери боюнча министрлик түзүлдү. Оппозиция иштери менен жүрүп, көпчүлүк лидерлер менен жакшы тааныш болдуң, иштештиң дегендей... Бул кызматка келсем деп суранган жоксуңбу?
– Суранган жокмун. Алмаз Атамбаев “жетекчи болуп иштейсиңби” деп сунуштаган. Бирок бул кеп кайра козголгон жок. Учурда бул министрликке “иштейм” деген ою, энергиясы бар, татыктуу адам жетекчи болду.
– Норвегияга баратам деп шашып отурасың. Буга чейин канча өлкөнү кыдырып көрдүң, кайсы бири өзгөчө жакты?
– АКШ, Греция, Түркия, Польша, Филиппин аралдары өңдүү онго жакын өлкөнү кыдырып көрдүм. Өзгөчө таасир калтырганы Филиппин аралдары болду. Анчалык контрастты эч жерден кезиктирбегем. Мисалы, Маниланы аралай чоң жол кетет. Анын бир тарабы заңгыраган үйлөр, акыркы үлгүдөгү машиналар, айтор, элита. Ошол эле жолдун экинчи жээги Мумбайдын жакыр райондорундай, жепирейген тамдар, балит, акыр-чикир аралаш жашоо.
– Жумуш менен эмес, эс алууга жөнөсөң кайсы өлкөнү тандайт элең?
– Тибетти көздөй жөнөмөк­мүн.

Укук коргоо кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Жоомарт балакай кезинде өз заманынын каармандарына, алсак, Санта-Клауска ишенчү. Ал кезде денди өңдүү оюндар чыгып, ар бир баланы кызыктырып, мындай оюнчугу барлар өзүнчө эле “авторитет” эмес беле. Ошондой күндөрдүн биринде Жоомарт Санта-Клауска “белекке денди бер” деп суранып кат жазып, аны “почтадан салып жибериңиз” деп атасына берет...

– Атам катты окуп, ичи ачышса керек. Эртеси уйкудан турсам, жаздыгымдын жанында жапжаңы денди турат. Сүйүнгөнүмдү сураба! Ал күнү кечке ошол оюн менен алпурушкам.
Бала кезимде итти аябай жакшы көрчүмүн. Бир итибиз 8 күчүк тууп, жакшы бага албай койгон. Же билбейм, мага ошондой көрүнчү беле, айтор, күчүктөрдүн курсагы ачтай туюла берчү. Анан апама көрсөтпөй, бөтөлкөгө сүт куюп алып күчүктөргө берчүмүн. Кийин анча иттин бир үйгө кереги жок экенин түшүнүп, досторума өзүм таратып бергем. Дагы бир Акбар аттуу овчарка итим бар болчу. Бир күнү сабактан келсем, өлүп калыптыр. Тимеле жер-сууну бузуп, өңгүрөп ыйлагам.

Үй-бүлөдө экөө гана болгонуна карабай ата-энеси балдарын ашыкча эркелетип, оюна коюшчу эмес. Тескерисинче, агасы чарба иштери менен алек болсо, Жоомарт апасына каралашып, үй иштеринин баарын өздөштүргөн. Азыр “палоо басуу боюнча оштук туугандарды алдыга салбайм” деп тамашалаганды жакшы көрөт.

– Мектепке биринчи жолу барган күнүм эсимде. Атам экөөбүз жетелешип мектепке барганбыз. Ошол биринчи эле күнү балдар тийишип, бирөөсү гүлүмдү үзүп, аны бетке чаап жиберсем, мурду канап кетпеспи. “Биринчи атаман” деген балээ бар го, ошол күндөн тартып эле классыбызда ушундай атка конгом. Бирок мени балдар менен мушташууга же ар түрдүү оюндарга караганда китептер көп кызыктырчу. Мектебибиздеги китепканага окуучулар көп киришчү эмес экен. Мен үйдөгүлөрдү окуп бүткөн соң китепканага баргам. Барсам, эшиги бек. Издеп жүрүп китепканачыАнаркан эжени таап ачтырып, китеп алып кеткем. Ошентип жүрүп ал жердеги китептерди да мектепти бүтүргүчө окуп бүттүм. Акыркы коңгуроодо Анаркан эже “биздин китепкана Жоомарт үчүн иштеди” деп тамашалаган.

Кесип тандоого келгенде Жоомарттын атасынын досу жакшы жардам берген. Ал “эгер сени тарых, саясат кызыктырса, Кыргыз -Орус Славян университетине тапшыр” деп кеңеш берет. Ошентип, аталган университеттин эл аралык мамилелер факультетине тапшырып, өтөт. Бир жыл окуган соң атайын программа боюнча экзамен тапшырып, алдыңкы он студенттин тизмесине кирип, АКШга барып окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алат. Океандын ары жагында өткөн бир жыл Жоомарттын кесип тандоосуна чекит коёт.

– АКШдан келер замат эл аралык мамилелерден саясат таануу бөлүмүнө которулуп кеттим. Ал кезде “Лица” деген гезитке макала жазып калчумун. Ошол гезиттин башкы редактору Бермет Букашева мени Өмүрбек Текебаев менен тааныштырган. Ошентип, 2005-жылы “Ата Мекенге” кирдим.

Жаңыдан партияга кошулган Жоомартты алдыда бир топ иштер, сыноолор күтүп турган. Анткени 2007-жылдагы шайлоодо “Ата Мекен” жетиштүү добуш алганына карабастан, парламентке өтпөй калды. Ошентип, Кыргызстан “Мен ишенбейм” акциясынан улам Жоомарт Сапарбаев аттуу жаш жигитти тааный баштады.

– Санап көрсөм, милиция кызматкерлери мени 19 ирет камашыптыр. Үч-төрт күн камакта жатып чыккан күндөрүм да болду. Камагандан натыйжа чыкпасын түшүнгөндө мага акчалай айып сала башташты. Жыйылып отуруп мамлекетке 50 миң сомдой карыз болуптурмун. Жакында Бишкек шаардык соту мага окшогон бир нече жаштын ишин карап, акчалай айыптарды жокко чыгарды.

Камактан, соттон көңүлү калса да, Жоомарттын “рахмат” айтчу жөнү бар. Анткени келинчеги Нурзада менен дал ушул Биринчи Май райондук сотунда таанышкан. Кезектеги бир нааразычылык акциясы үчүн Жоомартты кармап, сотко алып келишкен эле. Ал эми Нурзада кайсы бир таанышын колдогону келген. Ошентип, соттон таанышкан эки жаштын мамилеси үй-бүлөгө өсүп жетти.

– Азыр Нурзада бала менен үйдө. Бирок аялыма “менин айтканым менен болосуң, иштебей үйдө отурасың” деп бай-манаптык мамиле кылбайм. Кызымды торолтуп алган соң иштесе дейм. Көз караш, кызыкчылыктарыбыз дал келбей калса, мага аялымдын кызыгы жок калат. Нурзаданын бир халатты үстүнөн түшүрбөй, сериал кубалап көргөн аялга айланышын каалабайм.

Жаш үй-бүлөнүн азырынча машинасы же менчик “чатыры” жок. Шаардагы үйлөрдүн биринде батирде турушат.

– Менин байлыгым – кызым. Учурда 400 доллардын тегерегинде айлык алам. Үй-бүлөмдү ошону менен багам. Материалдык жактан байлык топтой элекмин. Акча деп анын артынан түшпөйм деле. Бирок жетиштүү турмушта жашасам деп умтулам.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан