ЖЕҢИЛГЕНДИ БИЛБЕГЕН БЕЙБАШ ЖОН ЖОНС

Ал допинг-тесттерден кулаган, баңгизатын колдонгонун моюнуна алган, мыйзам менен көйгөйлөрү болгон, кылмыш кылган жеринен качып кеткен. Бирок көпчүлүк күйөрмандардын ою боюнча ал эрежесиз уруш спортунун эң мыкты мушкери. Дээрлик бир жарым жылдык тыныгуудан кийин мушкер 2018-жылдын 30-октябрында UFC`нин октагонуна кайтып келип, өзүнө таандык чемпиондук курду жеңип алды.

Толук аты-жөнү – Жонатан Дуайт Жонс

Каймана аты – Сөөк (Bonеs)

Жарандыгы – АКШ

Туулган күнү, жылы – 19-июль, 1987-жыл

Боюнун узундугу – 193 сантиметр

Салмагы – 93 килограмм

Учурда UFC`нин жарым оор салмактагы чемпиону

  • Беттештери – 25
  • Жеңиштери – 23
  • Утулуулары – 1

(Кормье менен болгон 2-беттешинин жыйынтыгы жокко чыгарылган)

АМЕРИКА ФУТБОЛУНАН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Мектеп жашында Жонс бир тууган байкеси жана иниси менен чогуу Америка футболу менен машыккан. Өспүрүм кезинде абдан арык болгондуктан машыктыруучусу ага Сөөк деген лакап ысым ыйгарган. Кийин дүйнөдөгү эң атактуу “сөөк” ушул бала болорун кайдан аңдамак?

Келечектеги UFC`нин жылдызы жан дүйнөсү футболду жактыра албаганын түшүнүп, грек-рим күрөшү менен машыга баштайт. Ал эми анын бир тууган байкеси Артур жана иниси Чендлер болсо профессионалдык деңгээлде Америка футболчусу болушту. 2004-жылы ал күрөштөгү алгачкы ийгилигин жаратып, штаттын биринчилигинде 3-орунду багындырган. Мектепти аяктаган соң Айова штатындагы борбордук колледжге тапшырат. Ал жакта грек-рим күрөшү боюнча улуттук чемпиондукту жеңет. Окуудагы ийгиликсиз көрсөткүчтөрүнөн жана бейбаштыгынан улам Нью-Йорк штатындагы Моррисвил колледжине которулуп кетүүгө аргасыз эле. Бирок Жонстун сүйлөшкөн кызы кош бойлуу болуп калганынан улам өспүрүм бул окуусун да таштап, иштөөгө мажбур болот.

Социалдык түйүндөн тааныбаган адам эле UFC`де карьера жасоону, ММА залына келип эрежесиз эр уруш менен машыгууну сунуш кылат. Алгачкы машыгуудан бир ай өткөндөн кийин 2008-жылдын апрель айында профессионалдык деңгээлде биринчи беттешин өткөрөт. Алгачкы беттешинде каршылашын 92 секунддун ичинде жеңип алат. Кийинки 5 беттешин дагы мөөнөтүнөн мурда жеңип алуу менен UFC`нин көңүлүн өзүнө бурдура алган. Жыйынтыгында ошол эле жылдын 9-августунда Андре Гусмаого каршы UFC`нин октагонундагы дебюттук беттешин утуп алып, кайталангыс карьерасын баштайт.

БЕЙБАШ, БАҢГИ, БИРОК ЖЕҢИЛБЕС

2011-жылдын 19-мартында Жонс алгачкы чемпиондук кур үчүн беттеште Маурисиу Руаны техникалык нокаут менен жеңип алат. Кийин ал 7 ирет титулун ийгиликтүү коргойт. 8-ирет чемпиондук курду сактоо үчүн буга чейин эч бир жеңилүүнү билбеген Даниэл Кормьеге каршы беттеш өткөрүп, калыстардын чечими менен атаандашын утуп алган. 2015-жылдын май айында мушкер Энтони Жонс менен беттешмек. Бирок беттешке бир ай калганда мушкер жол кырсыгына туш болуп кош бойлуу аялды жаракат кылып, кырсык болгон жерден унаасын таштап качып кетет. Унаанын ичинен Жонстун документтери жана марихуана табылган. Сот аны күнөөлүү деп таап, 18 айга шарттуу түрдө эркинен ажыратат. Ошентип үлгүлүү чемпион коомчулуктун кыжырын келтирип алган.

Бул окуядан кийин UFC уюму Жонстон чемпиондук курду тартып алып, белгисиз мөөнөткө аны беттештерден четтетет. Ошол эле жылдын аягында спортчунун дисквалификациясы жокко чыгарылат. 2016-жылдын апрелинде ал Овинс Сент-Прюну утуп, кайрадан UFC`нин чемпиону аталат. 2016-жылы 9-июлда анын Кормье менен реванштык беттеши орун алмак. Бирок АКШнын допингге каршы уюму Жонсту "тыюу салынган каражаттарды колдонду" деген күнөө менен бир жылга спорттон четтетет. Америкалык мушкер 2017-жылдын июль айында октагонго кайтып келет дагы, Кормьени тизе бүктүрүп, кайрадан чемпиондук курду өзүнө тартып алат. Бирок ошол эле жылдын аягында допинг-тесттин жыйынтыгында Жонстун организминен тыюу салынган каражат табылат. Жеңилүү эмне экенин билбей туруп мушкер экинчи ирет чемпиондук курунан ажырайт.

ӨЗҮНӨ-ӨЗҮ ЭҢ КООПТУУ АТААНДАШ БОЛГОНДО...

15 айлык дисквалификация аягына чыккан соң Жонс 2018-жылдын 30-декабрында UFC 232 мелдешинде Александр Густафссон менен беттешери белгиленген. Мелдешке бир жума калганда Жонстун организминде тыюу салынган туринабол табылат. Бирок спортчуну мелдештен четтетишкен жок, себеби ал заттын көлөмү аябай аз эле. Бул кырдаалга карабай каршылашы Густафссон: “Мага баары бир. Ал ракетанын күйүүчү майын ичип алса дагы, мен аны тизе бүктүрөм”,- деп ишенимдүү айткан. Беттешке чейин швед мушкеринин мындай пикири орундуу болчу. Анткени буга чейин Жонско чыныгы каршылык көргөзө алган жалгыз мушкер дал ушул Густафссон болгон. Айрым эксперттер калыстар ал беттеште швед мушкеринен жеңишти тартып коюшту дешкен.

Алгачкы эки раундда Жонс менен Густафссон тең тайлашканы менен, 3-раундда нокаут менен утуп алды. Жонс кайтты! Беттеш бүтөр замат Кормьеге кайрылды “ДиСи, “атаң” келди. Күйөрмандарга чемпион экениңди далилде. Мен бул жердемин”.

Эң кызыгы, Жонс эч качан чемпиондук беттеште жеңилген эмес. Бүгүнкү күндө Жонсту бир гана АКШнын допингге каршы агенттиги гана жеңбесе, эч бир мушкер каршы тура албай келүүдө. Эгер чындап UFC`нин тирүүлөй легендасына айланууну кааласа Жонс биринчи ирет өзү менен күрөш жүргүзүшү керек. Бейбаштык, тыюу салынган каражаттар, дисциплинаны оңдоо. Бирок булардын бардыгы болбосо Жонс азыркыдай Жонс болбой калат беле?..

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

  • UFC`нин тарыхындагы эң жаш чемпион. Жарым оор салмак чегинде чемпиондук курду жеңген учурда 23 жашта болгон.
  • Бир жыл ичинде, тагыраагы, 364 күндүн ичинде (2011-жылдын 24-сентябрынан 2012-жылдын 22-сентябрына чейинки аралыкта) 4 жолу өзүнүн чемпиондук курун коргой алган. Бул UFC`нин тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч.
  • Жонстун биринчи жана акыркы жеңилүүсү 2009-жылы Мэт Хэмилл менен болгон беттеште орун алган. Анда каршылашын чыканак менен бир нече жолу уруп эсин оодарган. Бирок калыс беттешти токтотуп, эрежеге туура келбеген соккуларды жасаганы үчүн жеңишти каршылашына берген.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Buudaiuk
2019-01-15 14:43:55
кормье менен учунчу беттеши болот го эми.кутобуз
+2
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан