АЗИЯ КУБОГУ-2019. КЫТАЙ ДУБАЛДАРЫ УРАГАН ЖОК

7-январь күнү футбол боюнча улуттук курама команда Азия Кубогунда алгачкы оюнун өткөрдү. “С” тайпасында “Ак шумкар” Кытай менен кез келди. Аталган оюн эки команда үчүн эң маанилүү беттеш болчу. Себеби ким упай жоготсо тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү азаят. Анткени биздин тайпада эң башкы фаворит Түштүк Корея да бар.

Оюндун 1-таймдагы жүрүшү кыргыз күйөрмандарын кубантып жатты. Люкс, Мурзаев, Сагынбаев кооптуу абалдарды байма-бай жаратып жатышты. Эсеп санын Ахлидин Исраилов мыкты соккусу менен ачты. Ошентип бул гол кыргыз футболунун тарыхында калды. Оюндун экинчи бөлүгү таптакыр башкача өңүттө өттү. Кытайдын машыктыруучусу Липпи кыраакылыгына салып, өз командасынын оюнун бат эле өзгөртө койду. Чабуулдар күчөп, жыйынтыгында дарбазачыбыз Матяш жөнөкөй абалдан өз дарбазасына гол жаратып койду – 1:1. Экинчи гол да көп күттүрткөн жок. Кытай чабуулчусу Матяшты алдап өтүп, Кытайды алдыга чыгарды.

Оюндан соң Александр Крестинин бул оюнду утууга мүмкүнчүлүк болгонун айтып, Матяшты түшүнүп турарын айтты. Эми “Ак шумкар” алдыда Түштүк Корея жана Филиппин командалары менен беттешет. Корейлер менен болгон оюнга алардын лидери Сон Хен Мин “Тоттенхэмден” келгиче жетишпей калары белгилүү болду. Түштүк Корея биринчи оюнда Филиппинди 1:0 эсебинде жеңип алды.

АЗИЯ КУБОГУ-2019

«С» тайпасы

1-тур

Кыргызстан – Кытай 1:2

Түштүк Корея – Филиппин 1:0

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан