ЖЫЛДЫЗДАРДЫН «ДҮЙНӨСҮ»

К

К

Компьютердик технология өнүккөн азыркы заманда эстрада ырчыларынын атын жамынып электрондук почта ачып, алардын күйөрмандары менен достошкондор көбөйүүдө. Алар чынында эле жылдыздарбы же такыр башка адамдарбы, бул тууралуу өздөрүнөн сурап көрөлү.

Мирбек: «МИРБЕК ДЕП КАТТАЛГАНДАРГА КАРШЫЛЫГЫМ ЖОК»
“Орусияда бүт баары бар, бизде болсо Атабеков” деп кыргыз шоусунун мекенчилдери ырдагандай, Мирбек “красавчиктин” mail.ru сайтындагы почтасын издеп көрдүк. Анда 15 Мирбек бар экен. «Мой мир» долбоорунда бири 502 дос топтоого жетишиптир. Андан да “мен жөнүндө көп сөз болуп жатат, адашпасам экен...” деген сыяктуу ой толгоолор жазылганы кызык болду. “Мунун баары чындыкпы?” деп ырчы жигитке кайрылганда төмөнкүдөй жооп уктук.

Мирбек: – Чынын айтсам, мурун бир жолу катталган элем. Анда эч кандай сүрөт жок болчу. Бир жылдан бери убакыттын тардыгына байланыштуу кирбей калгам. «Мой мирге» менин атымдан катталгандарды да угуп жүрөм. Аларга каршы деле эмесмин. Болгону, үй-бүлөмдүн, жеке сүрөттөрүмдөн абайлашса. Күйөрмандарыма маалымат үчүн, мен ал жакка кирбей турганымды айтып коёюн.


Кундуз: “МЕНИН АТЫМДЫ ЖАМЫНГАНДЫ БИЛЕМ...”
Кундуз менен интернет аркылуу байланышкысы келгендер сөзсүз түрдө аны сүрөттөрү менен көрүп, достошкусу келет. Ал үчүн аты, фамилиясы менен издөө салып, Кундузду тапса болот. Ырчы кыз менен достошуу ар кимге кубаныч тартуулай турганы анык. Бирок ал адам чыныгы Кундузбу же башкабы, кеп ошондо.

Кундуз: – Бир эмес, экөө менин атымдан “Менин дүйнөмдө” “жашап” жүргөнүнө таң калам. Бирөөсү эркек бала экенин билем, бирок далилдей албай жүрөм. Менин атымды пайдаланып почта ачып, «Менин дүйнөм» долбооруна катталууга анын акысы жок. Баарынан да кызыгы, үй-бүлөм тууралуу сураган күйөрмандарыма “баары жакшы” деп “спокойно” жооп берип коёт экен. Баарынан да ойлонткону, алар мен тууралуу эмнелерди жазышат болду экен? Ошондуктан элге айтат элем, “Менин дүйнөм” долбоорундагы Кундуз мен эмес, такыр башка адам.


АЖАРЛУУ АИДА ЧЫН ЭЛЕ ӨЗҮБҮ?
“Менин дүйнөмдөн” Аида Кулуева деген атты көрсөңүз, ишенип кат жазып убара болбоңуз, анткени ал чыныгы Аида Кулуева эмес. Ырчы кыздын атын жамынган адам жаңы катталганбы, айтор, азырынча дос күтө элек экен. Бирок анкетасы толугу менен так берилген. “Аида өзү эле го” деп биз ырчы кызга кайрылсак, ал таңдана жооп берди.

Аида Кулуева: – Чын эле ошондой бекен? Мен эч качан «Менин дүйнөм» долбооруна катталган эмесмин. Интернет аркылуу чет өлкөдөгү досторум менен кат жазышып турам, бирок атайын кирип сүрөттөрүмдү жүктөөгө убактым тар. Бирөөнүн атын жамынып чыккандар эмне пайда көрүшөт, билбейм. Күйөрмандарым да ал “Аида” менен достошпой эле коюшсун.


Ильяз: «ИЛЬЯЗ ДЕП КАТТАЛГАНДАР МЕН ЭМЕС»
Ойлуу көз карашы менен кыздарды жаралаган Ильяз Абдыразаковдун 9 “түгөйү” бар экен. Ильяздын атын жамынгандар да Мирбектен эмнебиз кем дешкенби, айтор, ырчы жигитти 9 жолу каттап жиберишиптир. Алардын айрымдары “достор үчүн гана кирүүгө болот” деп кирүү мүмкүндүгүн чектеп да коюшуптур. Ильяздын “дүйнөсүндө” гастролдогу, үй-бүлөлүк сүрөттөрү да жүктөлгөн.

Ильяз: – Менин убактым аз болгондугуна байланыштуу интернетте отуруп эл менен баарлашууга шартым жок. “Интернетте сенин атыңды пайдаланып жүрүшөт” дегенди көп угам. Бирок элге да айтып коёюн, интернеттеги Ильяз Абдыразаков болуп катталып жүргөндөргө ишенбей эле койгула. Сиздер башка бирөөлөр менен сүйлөшүп жатасыздар. Мен бир гана www.super.kg сайтына конок катары катталганмын.

Бек Борбиев деп катталган экөөнүн бирөөсү чын эле Берадор мырза. Ал эми 7 Султан Садыралиевдерди канча издесеңиз да арасынан чыныгы Султанды таба албайсыз. Бирок Азамат Эркинбаев, Нурзат Токтосунова, Айпери Сыдыкова, Добр менен “Менин дүйнөм” аркылуу байланышып жатсаңыз, чочулабай эле коюңуз. Анткени сиз алардын дал өзүнүн дарегине кайрылгансыз.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Саулешка
2010-07-12 10:43:31
ой кудай мен суйунуп журсом Султан Ильяз менен дос болдум деп :( бул эмнеси ыя?
-1
Нурай
2010-07-12 11:34:00
Мирбектин августта "Близнецы" болгону жакты
-1
margo_1607
2010-07-15 14:56:22
Ха-ха мен да билбептирмин что августа Близнецы болуп калыш мумкун экенин!
-1
Akjol
2010-07-16 03:55:02
Мен билчуумун ырчылар оздору эмес экенин.
-1
Jekintay
2010-07-16 18:47:29
Бироого эмес, кудайга ишенбейсинерби "Мой Мирчилер"! Алар эмес экенине башынар жетпедиби?
-1
alexandra
2010-07-17 02:27:16
Super Info, Rasul kyzy Aygerim tuuraluu maalymat berip koyosuzdarby? Al moy mirde ukmushtuu sozdordu jazat, surottorun baaryn juktop koygon, any menim saytim arkyluu taap alsanyz bolot zhyldyz_88@mail.ru
0
aikusikdan
2010-07-29 16:11:17
emnege MOI MIR jonyndo ele jazgansynar,odnoklassniki saitychy?Mirbek Atabekovdun beti bar da anda da
0
Cholpon
2010-08-03 16:21:22
XA XA XA. men da Odnoklassniki den drug bolpu koshulup algam Mirbeke. ay lgr dese. banan oylogom alardn atyn koldongondor dep. birok koshulgam da teryat necego dep. kstaki facebook ta Roza Otumbaevaga da koshulup algam :(
0
Wonderfullgirl
2010-08-06 11:01:02
ха ха Отунбаевага ким коюптур дейм да , мен билчумун коп эле жылдыздар алар эместигин.
0
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан