«АШЫНГАН БАЙ АЗИАТТАР». АЗИАТЧА «КҮЛЧҮ КЫЗ» ТУУРАЛУУ ТАСМА

Голливудду өткөн жылы азиялык киночулар таң калтырды. Алсак, АКШнын киносынчыларынын улуттук коому 2018-жылдын эң мыкты тасмасы деп кытайлык режиссёр Хлоя Чжаонун “Чабандес” аттуу тасмасын табышты. Андан кийинки эле эң чоң жаңылык дагы бир кытай режиссёру Жон Чу тарткан “Ашынган бай азиаттар” тасмасы болду. Аталган тасма киносынчылардын, көрөрмандардын, айрыкча айымдардын купулуна толуп, сатыкта көп киреше тапкан тасманын бирине айланды.

Жанры – Романтикалуу комедия

Режиссёру – Жон Чу

Продюсери – Нина Жейкобсон

Сценарийдин автору – Адель Лим

Оператору – Ваня Чернюл

Композитору – Брайан Тайлер

Башкы ролдордо – Констанс Ву, Генри Голдинг, Мишель Йео, Жемма Чан, Лиза Лу, Нора Лам

Узактыгы – 120 мүнөт

Бюджети – 30 миллион доллар

Сатыктан түшкөн каражат – 238 миллион доллар

Тарткан мамлекет – АКШ

Чыккан жылы – 2018-жыл

СИНГАПУРГА БОЛГОН САПАР, КҮТҮЛБӨГӨН СЮРПРИЗ

1995-жыл. Лондон. Элеонор Янг 2 кичинекей баласы менен эң кымбат деп саналган "Калторп" мейманканасына кирип келип, эң жакшы бөлмөнү брондогонун айтат. Алар нөшөрлөп жааган жамгырда калып суу болушкан, жол жүрүп чарчашкан эле. Элеонордун уулу Ник мейманкананын полун баткак бут кийими менен булгап салат. Ошондон уламбы же азиаттарды жактырбаганданбы, айтор, мейманкананын кызматкерлери Элеонордун үй-бүлөсүнө мейманканадан бөлмө берүүдөн баш тартышат. Элеонор эшикке чыгып, күйөөсүнө автомат-телофондон чалууга мажбур болот. Кайра ал мейманканага кирип келгенде мейманкананын кожоюну аны күлүп жайнап-тосуп алат да, кызматкерлерине Элеонордун күйөөсү эң жакын досу экендигин жана бир аз мурун эле мейманкананы Янгдардын үй-бүлөсү сатып алышканын айтат...

2018-жыл. Нью-Йорк. Профессор, Нью-Йорк шаардык университетинде экономика жана оюндардын теориясы боюнча адис, окутуучу болуп эмгектенген Рейчел Ву дагы бир окутуучу Ник Янг менен кыз-жигит мамиледе жүрөт. Бир күнү Ник сүйүктүүсү Рейчелге Сингапурга жакын досу Колиндин үйлөнүү тоюна чогуу барып, биротоло үй-бүлөсү менен да таанышып келүүнү сунуштайт. Алардын баарлашуусун кошуна столдо отурган Никтин күйөрман кыздары угуп калат. Социалдык тармактар аркылуу уулу Ник сүйлөшкөн кызы менен Сингапурга келерин уккан Элеонор уулуна Рейчел үйүнө эмес, мейманканага жатуусун эскертет.

Рейчел жигити менен Сингапурга учарда күтпөгөн окуяга тушугат. Анткени карапайым адам деп эсептеп жүргөн жигити учактын “биринчи классынан” өзүнчө, заманбап бөлмө буюртма берген эле. “Сен байсыңбы, ачык айт!” деген Рейчелдин суроосуна Ник: “Ооба, мен бардар үйдүн баласымын. Үй-бүлөмдүн акчасы өтө көп, бирок алар меники эмес”,- деп жооп берет.

КАЙНЕНЕ-КЕЛИН “КАРМАШЫ”

Сингапурда Рейчелди көптөгөн кызыктар күтүп турган эле. Ник менен Рейчел мейманканага токтошуп, эртеси Рейчел сингапурлук курбусу Пек Линдин үйүнө конокко барат. Ал жерден жигити бир канча муундан бери аябай бай жашап келе жаткан үй-бүлөнүн мураскери, ага көп кыз күйөөгө тийүүгө эки көзү төрт экенин угат.

Андан соң Рейчел Никтин достору, туугандары, эң негизгиси апасы жана чоң энеси менен таанышат. Күтүлгөндөй эле Никтин апасы Рейчелди анча жактырбайт, ал эми чоң энеси жакшы кабыл алат.

Ник досу Колиндин, ал эми Рейчел анын болочок жубайы Араминтанын “бойдокчулук менен коштошуу отурушуна” катышып, ал жакта байдын балдарынын акчаны асманга сапырып эс алуусу көрсөтүлөт.

Рейчелди Никке кыйбай, экөөнү ажырым жолго салгысы келгендер четинен табыла берет. Рейчел баарына чыдаганы менен, Никтин апасынын: “Сен менин уулума татыктуу жубай боло албайсың!”- дегенин жүрөгүнө катуу кабылдайт. Баарына кол шилтеп Сингапурдан кетүүнү ойлоп жатканда ага курбусу өз бактысы менен күрөшүү керектигин айтат.

Жыйынтыгында Рейчел Колин менен Араминтанын тоюна укмуштуудай жасанып барат. Ал жердегилер анын көйнөгүнө, сулуулугуна суктанышат. Той аяктаарына аз калганда Элеонор Ник менен Рейчелге жеке тыңчы аркылуу Рейчелдин жашоосун иликтегенин, ал никесиз төрөлгөн кыз экенин, анын апасы Керри күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, башкадан төрөп, жыйынтыгында Америкага качып кеткендигин билдирип, даңазалуу үй-бүлө үчүн мындай чуулгандуу тарыхы бар карапайым үй-бүлөнүн кызы келин боло албасын айтат. Никке апасы жана чоң энеси Рейчел менен мамилесин үзүүнү талап кылат. Мындай кордукка чыдабаган Рейчел тойдон чыгып кетет, Ник болсо аны алып калуу аракетин кылат, бирок жыйынтык чыкпайт...

ДЕПРЕССИЯ ЖАНА ХЕППИ-ЭНД

Рейчел терең депрессияга кабылып, курбусу Пек Линдин үйүндө жашап калат. Никке жолугушууну, атүгүл телефон чалууларына жооп берүүнү каалабайт. Ал учурда Рейчелдин апасы Керри Никтин чакыруусу менен Сингапурга келип, кызына тагдырын баяндайт. Апасы кызына күйөөсү ур-токмокко алып жүргөндө мурунку классташына жолукканын, экөөнүн ортосунда сүйүү оту тутанып, жыйынтыгында кош бойлуу болуп калгандыгын, күйөөсүнөн коркуп АКШга качып кеткендигин айтат. Андан соң Керри Рейчелди Ник менен жолугушууга көндүрөт. Жолугушуу учурунда Ник Рейчелдин колун сурайт.

Эртеси Рейчел Элеонорду маджонг (кытайлардын кумар оюну) оюнун ойноо үчүн чакырат. Оюн учурунда Рейчел Элеонорго: “Сизге бир көргөндө эле жакпай калгам. Эмнеге? Кедей болгонум үчүнбү же англиядагы жеке мектепте билим албаганым үчүнбү?” деген суроо узатат. Элеонор: “Сен биздин корообуздагы адам эмессиң. Сен америкалыксың, америкалыктар өз бактысы үчүн гана күрөшөт”,- деген жообун узатат. Рейчел бир күн мурун Ник анын колун сураганын билдирет. “Кыжалат болбоңуз, мен анын сунушун кабыл алган жокмун! Эгер Ник мени тандаса анда үй-бүлөсүнөн айрылат. А эгер үй-бүлөсүн тандаса, анда сиздер татыктуу деген кызга үйлөнөт, бирок өмүр бою силерге таарынып жүрүп өтөт. Мен Никти ушунчалык сүйөм, ошондуктан апасынан айрылышын каалабайм! Качандыр бир убакта Ник сиз татыктуу деген кызды таап, ага баш кошот. Сиз неберелериңизди колго алып эркелетип жатканда ушунун баарына менин салымым чоң экенин эстейсиз. Ошол бакыт жалгыз бой эне өстүргөн кедей, ата-теги белгисиз эмигрант кыздын арты менен келгенин эстейсиз!”- деп айтып, оюндан өз ыктыяры менен утулуп, апасын ээрчитип чыгып кетет.

Элеонор ошондо гана баласынын бактысына балта чаап жатканын түшүнүп, уулуна келинине салчу шакекти тапшырат. Рейчел менен апасы Сингапурдан АКШга “эконом класс” менен учар алдында Ник учакка келип, Рейчелдин колун сурайт. Рейчел макулдугун берип, баары Сингапурда калышат. Тасма соңунда Ник менен Рейчелдин үлпөт тоюнда кайнене менен келиндин тил табышуусун байкоого болот.

ГОЛЛИВУДДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАР ПАЙДА БОЛДУ

“Ашынган бай азиаттар” тасмасы Голливудга жаңы жүздөрдү тартуулап, Чоу Юньфатт, Люси Лью сыяктуу азиат түспөлүндөгү таланттуу актёр-актрисалардын ордун басчулар пайда болгонун көрсөттү. Тасмадагы башкы кармандардын ролун жараткан Констанс Ву менен Генри Голдинг азыр режиссёрлордун да, көрөрмандардын да бүйүрүн кызытып турган чак.

Констанс Ву.
1982-жылы, 22-мартта АКШнын Ричмонд шаарында Тайвандан барган эмигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Карьерасын телесериалдарга, ситкомдорго тартылуудан баштаган. Буга чейин “Мыйзам жана тартип: Атайын имарат”, “Торчвуд”, “Жашыруун операция” телесериалдарына тартылган. Азырынча бойдок.


Генри Голдинг.
1987-жылы, 5-февралда Малайзиянын Бетонг шаарында төрөлгөн. Генринин атасы англичан болгондуктан 8 жашында анын үй-бүлөсү Англияга көчүп келишкен. Тасмага тартылганга чейин ал моделдик кесиптен жана телеалпаруучулук жактан өзүн сынап жүргөн. Бир канча жылдан бери BBC каналында саякат тууралуу көрсөтүүдө алпаруучулукту аркалаган. “Алтын издегендер” аттуу малайзиялык тасмада тушоосун кескен. Ал эми 2-тасмасы “Ашынган бай азиаттар” чыккан соң көптөгөн Голливуд тасмаларына сунуш түшкөн. Үй-бүлөлүү, 2016-жылы Лив Ло аттуу италиялык, тайвандык телеалпаруучуга баш кошкон.


ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Тасманын башына Наполеон Бонапарттын: “Кытай – бул уктап жаткан ажыдаар, аны ойготуу керек эмес, эгер ал ойгонсо бүт аалам селт этет”,- деген сөзү жазылган.
  • Тасма сингапурлук жазуучу Кевин Квандын 2013-жылы чыккан “Ашынган бай азиаттар” аталышындагы роман-бестселлеринин негизинде тартылган.
  • Китепте Гонун 3 итинин бирине Дональд Трамптын аты коюлат. Ал эми тасмада ал иттин аты Рокфеллер деп өзгөртүлүп берилген.
  • Тасманын видеопробасына катышуу үчүн Генри Голдинг бал айын үзгүлтүккө учураткан.

Асхат Субанбеков
super@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-01-22 09:31:14
Бирок баягы эле сценарий го.Байдын баласы, кембагал сулуу кыз...
0
Kanat.kg
2019-01-22 11:06:56
Бул кинонун орусчасы кандай, интернетте барбы? Билгендер айтып коё аласыздарбы, плиииз!
0
AshatMJ89
2019-01-22 11:08:05
Kanat.kg,"Безумно богатые азиаты"!
0
Kanat.kg
2019-01-22 11:24:54
AshatMJ89, а чоң рахмат! Бар болуңуз!
+1
bakyt9
2019-01-25 09:49:38
Kanat.kg,
"Совсем зыңк богатые азиаты".
0
orxidey
2019-01-25 23:09:06
Безумно богатые азиаты
0
zinagull1996
2019-01-26 02:55:45
Олло кызыктырасынар ээ. Эми аны [moderated]тан сатып алынып корулсо керек
0
zinagull1996
2019-01-26 03:01:20
Кинону [moderated]дан коро албасаныздар
Ок.ру дан Планета киного кирип
безумно богатые азиятки. Коро алсаныздар болот
0
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан