АДАХАН МАДУМАРОВ: “БИЗ КАНДАЙ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛАСАК, АЛАР ОШОНДОЙ ӨКМӨТТҮ ДАЙЫНДАЙТ”

– Бизде эң негизги укуктук мыйзам – бул Конституция. Анын 2-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат. Кыргызстандын эли өз бийлигин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системи аркылуу жүзөгө ашырат. Бул элдин колундагы аябагандай чоң укук, чоң курал. Мына ушул укукту биз кандай пайдаланабыз? Шайлоолордо жалпы кызыкчылыкты, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын колдобой, жеке көчөнүн, уруунун, тууганчылыктын же баягы эле куруп кеткен кур намыс менен кара курсактын кызыкчылыгын ойлоп шайлоого катышып, эртеси күнү арызданабыз. “Эмнеге Жогорку Кеңеш эл үчүн иштебейт? Эмнеге өкмөт элди карабайт? Эмнеге акимдер бизди укпайт?” деген сыяктуу дооматтарды коёбуз. Мындай дооматтарды коёрдун алдында биринчи кезекте "Менин да ушуга күнөөм барбы?" деп биз өзүбүзгө кайрылышыбыз керек.

Биз кандай бийликти кааласак, ошондой бийликти орнотуп алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Укуктук да, инсандык да тараптан. Укуктук тарабын биз колдоно албай жатабыз, же колдонгонго напсибиз, же “биздин айылдан, биздин көчөдөн, биздин уруудан” деген сыяктуу кур намыс мүмкүнчүлүк бербей келе жатат. Улуу инсан болууга, улуу, күчтүү мамлекет болууга тоскоолдук кылып жаткан ушул эки нерсе. Бири – кур намыс, бири – нафс. Нафс – бул шайтандын минип алган жоргосу болот, аны тыя алсак, биздин инсандык даражабыз көтөрүлөт, тыя албасак балээнин баары нафстан башталат. “Эмне үчүн Жогорку Кеңешке мурун кылмыш чөйрөсүндө жүргөндөр же сапаты өтө начар, мамлекеттик түзүлүштү билбеген, мыйзам жаза албаган, сөз сүйлөй албаган, мамлекеттик маселелерди көтөрө албаган кишилер депутат болуп келип жатат” деген нааразычылыктар күчөйт. Эмне үчүн күчөйт? Биз өзүбүз курап берип жатпайбызбы ошолорду. Ошол сабатсыз инсандар келсе, сабатсыз өкмөттү курайт. Себеби Конституция боюнча өкмөттү Жогорку Кеңеш курайт.

Биз кандай депутаттарды шайлап берсек, алар ошондой өкмөттү дайындайт. Бекеринен айтылбайт “Досуң ким экенин айтсаң, сенин ким экениңди айтып берем” деп. Биз кандай депутаттарга добуш бергенибизге карап, ошол шайлоо тилкесинин эли, шайлоочулары кандай экенинен жыйынтык чыгарсак болот. Мен дайыма айтып келем, Жогорку Кеңеш – бул элдин күзгүсү. Соңку мезгилдерде биздин мамлекет мындан ары карай мамлекет болуп жашап тура алабы, албайбы деген оор маселе, суроо жаралууда. Ал биздин өзүбүздөн көз каранды!

Келиңиздер, жеке инсан үчүн күрөшкөндү токтотолу. Өзүбүздүн мамлекетибиз, келечегибиз, укугубуз үчүн өзүбүздүн балдарыбыз, небере, чөбүрөлөрүбүз үчүн күрөшөлүчү, жеке инсан үчүн күрөшкөндү токтотолу. Жок дегенде мамлекет үчүн күрөшкөндү токтотпойлучу. Себеби биздин башка мамлекетибиз жок! Бир гана Кыргыз Республикасы деген мамлекетибиз бар. Эгер муну да колдон чыгарып, жок кылып алсак, анда Жаратканга дагы нааразы болгонго укугубуз жок! Келиңиздер, жоопкерчилигибизди сезели, ойгонолу! Келиңиздер, укугубузду талашалы, адам катары жашайлы!

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан