ӨЛКӨДӨ МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮРГӨН КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫНА КАРШЫ БИШКЕКТЕ МИТИНГ ӨТТҮ

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы 200дөй адам митингге чыкты. Алар бийликке чет элдиктерге Кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү, Кыргыз жеринде мыйзамсыз иштеп жүргөн Кытай жарандарын өлкөдөн чыгаруу, Кыргыз паспортундагы “улуту” деген графаны кайтаруу талаптарын коюшту. Чогулгандардын ичинен 4 адам делегат болуп шайланып, алар Жогорку Кеңешке кирип, вице-спикер Мирлан Бакировго жолугуп чыгып, “депутаттар биздин маселени чечип бермей болду” деп баштаганда көпчүлүк алардын сөзүн толук укпай чуу салышты. “Депутаттар чыгып жооп берсин” деген көпчүлүк Ак үй тарапка агыла баштаганда милиция митингчилерди кармап, автобустарга салып кетишти. Тынчтык митинги ушундай кырдаалда аяктады.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз жерине кирген чет элдик мигранттар боюнча маселе каралды. Жыйында Мирлан Бакиров: “Митингчилердин талаптарын уктум. Алар Кытай жарандарына жарандык берилиши, тышкы карыздар өңдүү маселелерди айтышты. Бул боюнча комиссия түзүүнү спикерге сунуштадым”,- деди. Көпчүлүк депутаттар маалыматтык согушта өкмөт уттуруп жатканын, элдин нааразычылыгына өкмөттөн өз убагында реакция жасалбай жатканын белгилешти.

Мурдагы бийликтин тушунда да тынчтык митингине чыккандарды милиция кармап кетип, суткалап камакка алчу. Элдин үнүн угууга карата бийликтин мындай мамилеси эч бир жолу жакшылыкка алып келген эмес.

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан