Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЭНЕГЕ ЭНЧИЛЕНГЕН АДИЛЕТ ӨКҮМ

№401 9-15-июль, 2010-ж.


1-июль күнү Бишкек шаардык сот залынан курмандыгын 13 жолу бычак сайып өлтүргөн аял эркиндикке чыкты. Кызыгы, анын эркинен ажыратылышына журналист себепчи болгон. Жана тагдырдын буйругу менен акталып чыгышына да башка бир журналист түрткү болуп отурат. “Коркунучтуу кылмышкер” аталган айымды сот жообунан бошотууга эмне себеп болду?

ТИЛ КАТ КАПКАН БОЛЧУ
2009-жылдын 3-ноябрында “Жылан” аттуу гезиттин ээси, журналист Сейит Мураталиев өз үйүндө жан таслим болгону жөнүндө гезитибизге жазган элек. Сейит Мураталиев кылмышка күнөөкөр деп шектелген Тахминанын күйөөсү Эркинди каматып жиберген. Ал мындайча болгон эле.
Журналист Мураталиевдин машинасын Эркин сатып алып, акысын аз-аздан төлөп берип кутулууга макулдашат. Машина тууралуу чыр улам күчөп отурат. Бир жолу Сейит Эркиндин үйүнө бастырып барат да, балдардын көзүнчө экөө мушташа кетишет. Натыйжада, Сейит Мураталиев арыз жазып, Эркинди каматып салат. Андан кийин сүйлөшүүлөр жүрүп, Сейитке 1000 сом төлөп беришип, ал сотко барып өз арызынан баш тартмак болгон. Бирок акчаны ортомчулар аркылуу алып алгандан кийин Сейит сотко келбей коёт. Күйөөсү же акталбай, же соту болбой, төрт ай СИЗОдо жатканына чыдабаган Тахмина аны бошотууга киришет.
3-ноябрь күнү Сейит өз арызын жокко чыгара турган тил кат жазып бермей болуп Тахминаны үйүнө чакырат. Анан тил катты алуу үчүн төшөккө жатууну сунуштайт. Көздөгөн максатына жеткенден кийин тил катты жазып берүүдөн баш тартат. Ошол учурда Тахминанын үйдө калган эки баласы телефон чалышып, “апа, ачка болдук” деп ыйлап жиберишет. Алардын ыйына чыдабай кеткен Тахмина колуна илинген бычак менен Сейитти 13 жолу саят.

АДАМДЫН ТАГДЫРЫН ӨЗГӨРТКӨН ЖУРНАЛИСТ
Ошол каргашалуу окуядан кийин Тахмина Амантаева өзү милиция бөлүмүнө келип, күнөөсүн мойнуна алат. Тергөө учурунда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча “атайын адам өлтүрүү” күнөөсү коюлган. Ошентип, күйөөсүн түрмөдөн бошотууну көздөгөн аял өзү анын артынан эркиндигинен ажыроо коркунучу астында калат. Мында баары ушинтип аяктамак, эгер Жаркын Темирбаева деген журналист болбогондо.
Жогоруда аталган айым окуя тууралуу уккандан кийин өз иликтөөсүн жүргүзө баштайт. Ал окуя болгон жердеги чакан дүкөндөргө барып, ошол жерде иштеген жигиттерден иштин чоо-жайын сураштыра баштайт. Бирок эч майнап чыкпайт. Акыры СИЗОдо жаткан Тахминага жолугуп, иштин кандай болгонун билет. Жаркын эже бул тууралуу: “Мен өзүм укук коргоочу жана журналистмин. Эгерде укук коргоо органдары аялдын укугун коргоп берсе, бул каргашалуу окуя болбойт эле. Колундагы эки чиедей баласын багып, түрмөдө жаткан күйөөсүн бошотуп алуу үчүн Мураталиевдин бардык сунушун көтөргөнү көрүнүп эле турбайбы. Ошол учурда намысын кордогон адам жылаңачтанып жатып алып “я люблю ласки” деп жатса, көзүнөн чаар чымын учуп, ааламы аңтарылып кетти да байкуштун. Келиндин чарасыз абалын көргөндөн кийин жардам берүүгө белсенип кириштим. Коомчулукту, жогору жакта отургандарды бул көрүнүшкө кайдигер карабасын өтүндүм. Талап кылдым. Ошентип, жакшы жыйынтыкка ээ болдук”,- дейт.
Тахминанын кылмыш ишинен кийин гана анын жолдошу Эркин Айжигитов сот залынан бошотулган. Жасаган айыбына тергөө изоляторунда отурган күндөрү эсептелип, аялынын камалышына, эки баласынын кароосуз калганына байланыштуу абактан чыгарылган.
Кезектешип сот залында отурган жубайлардын тагдырына коомчулук, журналисттер киришпегенде иштин кандай чечилерин эч ким билбейт эле.
Тергөө аяктап, Тахмина Амантаеванын иши Биринчи Май райондук сотунда каралды. Амантаеваны адам өлтүрүүгө түрткөн жагдайлар, анын психологиялык абалы соттук экспертизадан өтүп, күнөөсүн моюнуна алып өзү келгендиги, үй-бүлөлүк абалы эске алынып, 1 жыл 7 айга эркиндигинен ажыратылган.

«АДИЛЕТТИК БОЛОРУНА ИШЕНГЕН ЭМЕСМИН»
Бул иш 30-июнь күнү кайрадан каралып жатканын угуп, Бишкек шаардык сот имаратына бет алдык. Экинчи жолу тагдыры чечилип жаткан Тахмина бул окуя тууралуу бардык чындыкты айтып берди. Телмирип, тагдыр ташы кайсы жагына оой турганын билбей турган Тахмина менен бирге биз дагы соттун чечимин чыдамсыздана күтүп отурдук. Акыры бардык жагдай эске алынып, Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде мунапыс берилип, Тахмина Амантаевага эркиндик чечими чыгарылды. Эки колунан кишен чечилип, эркиндикке чыккан Тахмина дубалга башын жөлөй буркурап ыйлады. Ыйын токтоткондон кийин биз ага суроолорубуз менен кайрылдык.
– Тахмина, адилеттик болорун күттүңүз беле?
– Чынын айтсам, буга ушул мүнөткө чейин ишенген эмесмин. Көрсө, ааламда жакшы адамдар да бар тура. Мага жардам берген Жаркын эжеге, адвокат Канат Хасановго, адилет өкүм чыгарган сотко ыраазычылык билдирем. Булар болбогондо 10 жыл жөн эле мойнума илинип калмак.
– Күйөөңүздүн эркиндикке чыкканын уктук. Негедир сизди тосуп келбеди го...
– Мындан ары укмуш бактылуу жашап кетерибизге деле көзүм жетпейт. Бул окуя баары бир биздин мамилебизге таасирин тийгизсе керек. Ошентсе да уулдарым Чыңгыз жана Ильгиз мени күтүп жатышат. Андан ашкан бакыт болобу? Тиги жакта жатканда балдарымдын туулган күндөрү да өтүп кетти. Кудай буюрса, эмдиги туулган күндөрүн чогуу тособуз.
– Бул окуяга өкүндүңүзбү?
– Алакандай кагаздын айынан ушундай болуп кетти. Бул ишке мен күйөөмдү сактап калуу үчүн эле эмес, тепселген намысым үчүн бардым.
Адвокат Канат Хасанов Тахмина Амантаеваны коргоого анын оор тагдыры түрткү болуп, жактоочулук милдетти акысыз өтөгөн.
– Тахмина Амантаеванын жасаган кылмышы боюнча угузулган айып бир топ эле оор болчу. Анын себеп-жайларын териштирип, жактоочу катары тагылган жаза беренесин башкага алмаштырууга көп күч жумшалды. Акыры эмгегибиз жакшы натыйжа берип, Тахмина эми балдарынын жанына бара алат. Эркиндикке эки кадам калганда...
Тахмина колундагы кишенден бошонуп, сүйүнгөндөн ыйлап жатты.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(5)
15.07.2010. 10:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
13-07-2010
Соӊку аракети:
24-04-2012 16:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
Эркектердин ушундай ары жок болушат(баары эмес).Аял байкуш куйосун куткарам деп ушул ишке барып жатса а тигиниси каадаланып намыстанган,уялган киши болуп чыга калат.Эркин эсин болсо этегинди жыйып уй булонду сактап кал,балдарынды тируулой жетим кылбай!
17.07.2010. 10:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
28-06-2010
Соӊку аракети:
27-04-2012 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
РФ Тюмень Ялуторовск
0
Ак ийилет бирок... Эркин албетте бир аз намыстанып жаткандыр ким оз аялы душманы менен болгонун каалайт. Бирок чындык баары бир женип бул уйбулоо бактылуу болооруна ишенем жана бактылуулук каалайм.
02.08.2010. 12:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
25-07-2010
Соӊку аракети:
24-03-2011 00:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эже намысы тепселгени учун киши олтургонго барган, баары бир киши олтурду, кылмышкер! А намысын тепсетпей туруп закондун чегинде арыз менен кайрылса болмок, "Тил кат учун мага тошоко жатууну сунуштоодо"- деген темада, а ошондо куйоосу аман-эсен боштондукка чыкмак, уй булону куту бактылуу бойдон калмак! Баарына бул эже озу куноолу, куйоосу учун намысын тепсеткенге барбоо керек болчу, кандай кундо да эркек менен аял бири-биринин алдында ак болуусу керек!
02.08.2010. 12:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
25-07-2010
Соӊку аракети:
24-03-2011 00:49
Жынысы:
Белгисиз
0
А мумкун бул жерде эч кандай намыс тепселбей туруп каттуу жанжалдын айыбыдан чыккан, кандай болсо да эже озу куноолуу, кыска ойлук кылып, кызуу кандуулукка алдырган, баарын закондун чегинде гана чечсе болмок, "жаталы" десе эле жатып алып, анан олутуруп салбай! Бул жерде адилеттуулук эмес, коррупция ойногон! Адилеттуулук болсо, бул эже "жок"-деген минималдык турдо жазасын алмак, адам олтуруп атпайбы! Баардык нерселери эске алынган чакта деле 1 жыл 7 айга кесилгени туура эмес! Адилеттуулук ушулбу?
05.12.2011. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Ceed туура айтат!еже интимный сунушка макул болбосо бул иш по закону бутмок. и адам олбойт еле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: