ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 21-ЯНВАРДАН 27-ЯНВАРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада ишиңиз илгерилейт. Оптимист болуңуз. Жумуштардын жакшы бүтүшүнө башка шаардык өнөктөш, көзөмөл органдары, куда тараптар себепкер болушат. Алыскы шаарлар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ачууңузду ооздуктай билиңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Колуңузга акча тиет. Ал гана эмес, акча табуунун оригиналдуу жолдорун ойлоп табасыз. Андыктан учурда акыл калчап иш жасаңыз. Бир сырдуу болуңуз. Ишти алып барууда кыраакы болсоңуз жыйынтыгы жаман болбойт. Жабык типтеги ишканаларда болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жума ичи сизге сунуштар түшөт. Таанышуулар болот. Бузулган мамилелер жөнгө салынып, адамдар менен алака жакшырат. Жакын санаалаштардын жана жубайыңыздын сый-урматына ээ болосуз. Айрым дос, өнөктөштөр менен таарынычтар болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Шаршембиден тарта кесиптештер, жогорку рангдагы адамдар менен жакшы тил табышасыз. Эски тааныштарга жолугасыз. Жумушта топтолуп калган көйгөйлөрдүн баарын ушул жумада чечүүгө аракет жасаңыз. Жагымдуу мезгил.


АРСТАН (23.07-23.08)

Башка шаарда жашашкан балдарыңыз келет же сиз аларга барасыз. Сүйгөн адамыңызга да жолугуп калышыңыз толук мүмкүн. Түрдүү эс алуулар орун алат. Аптанын алгачкы күндөрү өнөктөштөрдөн, текшерүү органдарынан сак болуңуз. Эски оорулар козголушу мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бейшембиге чейин акча, эс алуу жана балдар жаатында маселе жаралышы мүмкүн. Андан соң ишиңиз оң жагына бурулат. Үйгө конок келет. Жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жашоо шартыңыз жакшырып, үйгө буюм, эмерек алышыңыз толук мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сапарга чыгасыз же жагымдуу кабар угасыз. Кошуна, дос, бир туугандар менен жакшы тил табышасыз. Иш кагаздар, документ иштери ойдогудай бүтөт. Аптанын орто чендерине чейин өнөктөш, жубайыңыз же жашы улгайган тууганыңыз маселе жаратат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Капчыгыңыздын кампайышы күтүлүүдө. Келе турган акчалар жумуштан, элдеги карыз же кредиттик акчалар болушу мүмкүн. Бул сумманын аз, көп өлчөмдө болушу сиздин активдүүлүгүңүздөн көз каранды. Курбу, аксакал бир туугандар көйгөй жаратат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Элдин сизди урматтап, аброюңуз жогорулаганын байкайсыз. Балдарыңыз, көңүл ачуу, каржы жаатындагы суроолор өзгөрмө мүнөздө өтөт. Аталган тармактар аптанын экинчи жарымында сиз ойлогондой чечилет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү жана ветеринардык мекемелерден кабар алып келүүгө туура келет. Туура кыласыз, барыңыз. Аталган тармактарга барсаңыз көңүлүңүз ачылып кайтасыз. Баалуу нерселерге ээ болосуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кесиптеш, курбу, айрым ишканалар менен чогуу иш алып барасыз. Пайдалуу келишимдер талкууга алынат. Көмөчүңүзгө күлдүн көп тартылышын кааласаңыз токтоо болуп, алдын ала маалыматтарга ээ болуңуз. Апта соңунда жакшы кабар угасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул жумада кайсы бир максаттарыңыз орундалат. Ал максатыңыздын же кайсы бир маселенин оң жагына чечилишин кааласаңыз жетекчиликке, өкмөт адамдарына кайрылыңыз. Бир сырдуу болуңуз. Эски дос, өнөктөштөргө аяр мамиле жасаңыз. Колго акча тиет.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 21-январдан 27-январга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан