Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси болуп Аликбек Жекшенкулов, Кытайдагы элчиликке Канайым Бактыгулова, Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелова, АКШдагы элчиликке Болот Отунбаев дайындалды.
Булардын талапкерлиги парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралган. Комитеттин жыйынында Аликбек Жекшенкулов депутаттын суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңешти мактоого үлгүрдү. “Азыркы жана Атамбаевдин тушундагы парламенттин ортосунда айырмачылык аябай чоң. Бул нерсени белгилеп кетпесем болбойт. Азыркы парламенттин ишине "5" деген баа берем”,- деди Жекшенкулов.
Дипломат кайсы эки башка парламент жөнүндө айтып жатканы түшүнүксүз. Азыркы парламент 2015-жылы, Атамбаевдин тушунда шайланган. 3 жылдан бери ушул эле депутаттар Жогорку Кеңеште отурат. Атамбаевдин тушунда депутаттар президенттин каалоосун кандай аткарып келсе, эми деле так ошондой аткарып жатышканы сындалып келе жатат.