БИР БҮРКҮМ. БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫРГЫЗСТАНДА

  • КАЙРАТ ИМАНАЛИЕВ Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды.
  • 2018-жылы мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке 158,3 МИЛЛИОН СОМ түшкөн.
  • Улуттук статистика комитетинин төрагасы: "2018-жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 15 МИҢ 747 СОМДУ түздү".
  • Америкалык Global Petrol Prices аналитикалык басылмасы: Борбор Азияда КҮЙҮҮЧҮ МАЙ эң кымбат Кыргызстанда сатылат.
  • 14-январь күнү Бишкектен Тегеранга учуп чыккан BOEING 707 учагы кырсыкка кабылып, борттогу 16 адамдын көбү мерт болду.
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги браконьерлер менен күрөшүү үчүн 2 МИЛЛИОН 280 МИҢ СОМГО 8 учуучу аппарат (дрон) сатып алды.
  • Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси КАДЫР ТОКТОГУЛОВ кызматтан бошотулду.
  • Жогорку Кеңештин депутаты ТАЗАБЕК ИКРАМОВ алкоголдук продукцияга "Манас" эпосунун каармандарынын атын ыйгарууга тыюу салууну сунуштады.
  • 14-январь күнү президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушту.
  • Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВди 3 жылга шарттуу соттогон Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган “Кыргыз Республикасынын АБА КОДЕКСИНЕ өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна кол койду.
  • Премьер-министр бир айдан бери бош турган транспорт жана жолдор министри кызматына ЖАНАТ БЕЙШЕНОВдун талапкерлигин сунуштады.
  • Вице-премьер Жеңиш Разаков ТҮКҮРҮККӨ салынган айып пулдун суммасын 1000 сомго чейин азайтуу каралып жатканын айтты.

    Кубан Жумамидинов
    politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан