Жашоого керектүү техниканы «акчам болгондо сатып алат элем» же «бирөө жасап берсе колдонот элем» деп жүрө бербей, көрүп-билгени же идеясы боюнча өз алдынча жасап колдонгондор бар. Алардын бири – Бишкектин 48 жаштагы тургуну Муратбек Султанбеков. Ал өзүнүн элосипед аталган электр велосипединин жасалышы, колдонулушу боюнча айтып берди.
ЭЛОСИПЕДДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
ИДЕЯ ЭМНЕДЕН УЛАМ ЖАРАЛДЫ?
Үйдө бурчта эски Москвичтин рессоралары жатчу. Андан рама жасамай болуп машина оңдогон балдарга алып барсам, болоттон жасалган нерсени ийип, тешүү кыйын экен, эптеп жасап беришти. Велосипеддин башка керектүү тетиктерин таап келип, бош убактымда иштеп, колумдан келбегендерин ар кимдерге алып барып жасаттым. Кээ бирлер акча албай эле жардамдашты. 2,5 ай дегенде бүттүм. Велосипедиме интернет колдонуучулар элосипед деген ат коюп беришти. Баягы жасоого катышкандарга алып барып көрсөтүп, тептирип көрдүм. Баарына жакты. «Жасап алсак болот тура» деп калышты. КАЗАКСТАНДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ САПАР
– Велосипедди сынап көрмөккө көчөгө тээп чыга баштадым. Айдоочулар деле, жөө жүргүнчүлөр деле карашат. Сигнал берип, токтотуп сурагандар да болуп жатты. Бир күнү бир жигит жолугуп, сүйлөшүп калдык. Көрсө, ал казакстандык журналист экен. «Биз ойлоп табуучулар тууралуу берүү даярдап жаттык эле, ошого катышып велосипедиңизди көрсөтүп бербейсизби» деди. Мен велосипедди жасаардан мурун аны көп болсо Кара-Балта, Токмок, Кантка дейре тебем го дегем. Журналисттин сөзүнөн кийин Казакстанга барууга макул болдум. Ошентип белгиленген датаны утурлай Бишкектен велосипедим менен чыгып, Алматыга 1,5 күндө жеттим. Көрсөтүүгө келген ойлоп табуучулардын жасагандарын көрүп, пикир алмаштык. Ошол берүүдө 2017-жылы Астанада
ЭКСПО көргөзмөсүнө катышууга сунуш түштү. Уюштуруучуларга «атайын кербен түзүлүп, ойлоп табуучулар жолду катар өздөрү ойлоп тапкан техникалары менен кошула беришсе» деген сунушту айттым. Алар пикиримди колдоп «Жашыл технология» кербени түзүлмөк болду. Кээ бирлер бар да, бир нерсени ойлоп тапканы менен, эл алдына алып чыкпай жүрө берет. Антпей, элге жайылталы дедим.
Ошентип көп өтпөй Бишкектен кайра велосипедим менен Астананы көздөй чыктым. Бул ирет кичи автобус жалдап, ага будканы чиркедим. Будкага керектүүлөрдү, батареяларды салдык. Маршрутубуз Бишкек-Алматы-Балхаш-Караганда-Астана болду, жалпы 1200 чакырым жүрүп, 5 күндө жеттик. Алматыдан тарта жол бою ойлоп табуучулар кошулуп көбөйдүк. Көргөзмөдө ойлоп табуучулар үчүн атайын жай уюштурулуптур. Ар кимдин ойлоп таап жасап келгендери менен тааныштык. Жасагандарыбызды өнүктүрүү жаатында кеңештик. Берүүлөр үчүн мен велосипедимди айдап көрсөтүп берип жаттым.
Эми максатым – Бишкек-Алматы-Астана-Ереван-Минск-Москва маршруту боюнча веложүрүш уюштуруу. Жалпы 12000 чакырым болот. Мени менен кошо кыргызстандык башка ойлоп табуучулар да чыкса, жол бою Кыргызстанды, анда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияларыбызды жарнамаласак деп ойлойм. Биздин жүрүштү журналист, блогер коштосо жакшы болмок. Идея бар, демөөрчүлөр табылса эле уюштурам.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg