Аида Акматова, Европанын рекорддор китебине кирген кыргыз кызы: «8 МЕТР БИЙИКТИКТЕН КУЛАП, КОЛУ-БУТУМ СЫНГАН»

Аида Акматова калың журтка II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында буту менен жаа атып таанылган. Көпчүлүк кыргыз циркинде ушундай таланттуу кыз эмгектенерин ошол оюндан кийин билген. Цирктеги өнөрүнүн аркасында Европанын рекорддор китебине кирген кыргыздын кызы бир кезде колу-буту сынып төшөктө жатып калган. Анда азыркыдай жылдызы жанмак түгүл, басып кетиши күмөн эле. “Номерлерим окшошпой жатса отура калып ыйлачумун. Жан чыдагыс ооруга туруштук берип отуруп ийгиликке жетиштим. Башымдан өткөн сыноо үчүн бир да өкүнбөйм” дейт жаачы кыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 31-май Туулган жери – Орусия, Архангельск шаары

Кесиби – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети

Билген тилдери – Орус, англис, немис, чех, болгар, украин, поляк тилдеринде эркин сүйлөйт

Сыйлыктары – “Кыргыз Республикасынын Маданиятынын отличниги”, цирк өнөрү боюнча Европа рекорддор китебине кирген, “Эхо Азии”, “Шабыт” эл аралык цирк искусствосунун фестивалдарында баш байге, экинчи орундарды багындырган.

6 ЖАШЫНДА ЦИРКТЕН ТУШООСУ КЕСИЛГЕН

Аида Акматованын ата-энеси цирк кызматкерлери. Атасы Муратбек Акматов жана апасы Жыпара Шамырова өмүрүн циркке арнаган адамдар. Алар дайыма жумушка кичинекей кызын ээрчитип алышчу. Андыктан Аиданын көргөн-билгени цирк дүйнөсү болгондуктан, башка кесипти тандашы мүмкүн эмес эле.

– Мен ата-энем Архангельск шаарында гастролдо жүргөндө төрөлүпмүн. Ал жактын салты бар экен, май айында ак түндөр болуп, эркектер балык уулоого кетишсе, аялдар лото ойношчу экен. Апам лотого акчасынын баарын уттуруп коюп, ошондо толгоосу күчөп мен жарыкка келиптирмин. Бул окуяны билген байке-эжелер мени Лотогүл деп коюшат (күлүп).

Алгачкы ирет 6 жашымда цирк аренасына чыгып өнөрүмдү тартуулагам. Ал эми расмий түрдө циркке 9 жашымда кирип, жеке номерлеримди даярдап баштадым. Менин кеңешчим, машыктыруучум ата-энем болду. 13 жашымда алгачкы жолу колум, бутум менен жаа аткан номеримди тартуулагам. Номер коозураак болсун деп бир айдай хореограф менен даярдандык. Эл алдына чыкканда толкундангандан бийди унутуп, импровизация кылып каалагандай бийлеп салдым. Колум менен жааны мээлеп атсам эки жолу тийбей калбаспы. Ого бетер ызаландым. Анткени классташ, туугандарымдын баарын чакырып алган элем. Дагы жакшы, кийинкилери тийди. Эл алдында билдирбей жылмайып турдум да, сахнанын артына өтөрүм менен көзүмдөн жаштар атып чыкты. Гримёрканын эшигин ичинен бекитип алып аябай ызаланып ыйлаганым эсимде.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЦИРКТЕРДЕ ИШТЕГЕН

Аида айымдын бир жарым саатка созулган маекте бир калыпта түптүз отурганы суктандырды. Кечке компьютерде кыйшайып отурган жаным аны туурайм деп далымды түздөп отурсам ашып кетсе 5 мүнөткө чыдайт экенмин. Ага суктанып отурганым деле бекеринен эмес, анткени ал 8 метр бийиктиктен кулап оор жаракат алганына карабай көп ийгиликтерди жаратып келет.

– Сиздер көргөн бутум менен жаа атуу номери менен манежге чыкканыма көп жыл болду. Андан кийин чакыруу боюнча ата-энем менен 5 жылдай Европада иштедик. Ал жакта эмгегим бааланып, цирк жаатында Европанын рекорддор китебине кирдим.

2007-жылы Германияда иштеп жүргөндө аба гимнастикасы боюнча номер көрсөтүп жатып 8 метр бийиктиктен кулап түшкөм. Колу-бутум сынды, бел, моюнумдан жаракат алдым. Дарыгерлер "жакшы баспай калышың мүмкүн" дешти. Операциядан өзүмө келгенде эле биринчи суроом: “Циркке кайта аламбы?”- деген болду. Дарыгер болсо ата-энеме “кызыңыз келесоо эмеспи?” деген эле (күлүп). Апам “цирктин кереги жок, кесибиң боюнча юрист болуп иштейсиң” деп койду. Эки ай ооруканада жатып, 4 ирет операция жасаттым. Ата-энем, досторум моралдык жактан колдошту, мен билбеген телекөрүүчүлөр гүл көтөрүп келип жатышты. Ошол нерсе мага чоң дем берип, цирк искусствосуно кайра кайтууну чечтим.

Андан кийин баарын нөлдөн баштадым. Мен бутум менен жааны тартышым керек эмеспи. Жаракат алганда сол бутумдун манжалары жабыркагандыктан жакшы сезбей калгам. Кайра калыбыма келүү учурунда Көчмөндөр оюндарына чакырышты. Ушунча бутка тургандан кийин кантип өнөрүмдү көрсөтпөй коёюн деген ой келди. Албетте, кайтуу аябай оор болду. Белим, колдорум ооруйт. Бутумдун манжалары жооруп, канап да кетчү. Кээде машыгуу учурунда отуруп алып ыйлачумун. Эки колума турганда сынган колдорума күч келчү, бутумдун манжаларын иштетүү чоң түйшүк жаратты. Айтор, 2016-жылы Чынара деген кыз экөөбүз дуэт катары чыгып, сүрөттөрүбүз дүйнөгө тарап, чет өлкөдөгү фестивалдарга, цирктерге чакыруулар көп болду.

Мына, 28-декабрда “New York times” журналы "2018-жылдын мыкты сүрөттөрү" деп менин сүрөтүмдү жарыялаптыр. Бул да мен үчүн чоң эмгегимдин акыбети, жемиши. Канча оор жаракат алып, көп түйшүк тартсам да, бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм.

ЦИРКТЕ КӨЙГӨЙЛӨР АБДАН КӨП

Былтыркы жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик циркинин айланасында чуу чыккан. Директор Курмангазы Исанаевдин дарегине айыптоолор айтылып, жыйынтыгында директор жумушунан алынган. Учурда артисттердин эмгек жамааты директорлукка Аида Акматованын талапкерлигин көрсөтүүдө.

– Циркте артисттердин айлыктары 2 жарым миң сомдон 5 миң сомго чейин. Бул албетте, жол кире, тамак-аш, батирдин акчасына жетпейт. Андыктан ар кимибиз жашоо үчүн күрөшүп кошумча жумуштарга орношуп алганбыз. Мен, мисалы, кроссфит, фитнес боюнча машыктыруучумун. Башкалар да гимнастика жактан машыктыруучу болуп, тойлорго чыгышат, долбоорлорго катышат, чет жактарга келишим менен иштешет.

Мурунку директор циркти 14 жыл бою башкарды. Аны иштеген жок деп айта албайм. Анткени 2-3 жылдай реквизит, костюмдарды жасап берди. Бирок чечилбеген маселелер абдан көп. Жасайлы десек акча жок деп койчу. Биз деле акча жок турбайбы деп кала берчүбүз.

Цирк артисттеринин өмүрү манежде өтөт. 5 мүнөттүк номерди көрсөтүш үчүн кеминде 2-5 жыл керектелет. Бизде түтүктөр жарылган, аба тазалагыч иштебейт, жөнөкөй гана гримёрдун бөлмөсү жок. Артисттер көпкө чейин чыдап жүрүштү. Аягында Маданият министрлигине, көп жерлерге арызданып кайрылышты. Жардам сурашты. Быйыл гана маданият, маалымат жана туризм министри бизге көңүл буруп, директорду кызматтан кетирди. "Сендей эч ким биздин көйгөйлөрдү түшүнбөйт" деп кесиптештерим директорлукка мени сунуштап жатышат.

Цирк көп оңдоп-түзөөгө муктаж. Жөнөкөй эле мисал, цирктин айланасы ресторан, кафеге толуп калган. Цирк деген маданий мекеме эмеспи. Бул жакка балдарга эс алуучу аянттарды уюштурса болот. Мурунку директорубуз дүйнөдөгү беделдүү "Монте-Карло" цирк фестивалында катышып, күмүш клоун сыйлыгын алып келген Кыргыз Республикасынын Эл артисти Манат Эшимбековду жумуштан кетирип, мекемеге киргизчү эмес. Менимче, ардагерлер бизге керек, жаштарга алар жол көрсөтпөгөндө ким көрсөтөт?

БИРӨӨНҮН ЭСЕБИНЕН ЖАШАГАНДЫ ЖАКТЫРБАЙТ

Аида башкалардай болуп социалдык тармактарга кооз сүрөттөрүн киргизип, интернет менен “оорубайт”. Аны Инстаграмдагы комплименттерге караганда жасаган ишинин жыйынтыгы кызыктырат. “Айрым мырзалар кымбат баалуу белектерди беришет. Мен андайды кабыл албайм. Бирөөнүн эсебинен жашаганды жактырбайм” дейт ал.

– Социалдык тармактардан мага жазгандар абдан көп. Колумдан келишинче жооп бергенге аракет кылам. Кээ бирлери "мага эле турмушка чыкпайсызбы" дешет. Аларга эмне демек элем, күлүп эле коём. Кээде кафеге барып тамактанып акчасын төлөйүн десем бирөөлөр эсепти жаап койгон болот. Менин жигитим же күйөөм болбосо бирөөнүн мага төлөшүн каалабайм. Аны туура эмес деп эсептейм. Өткөндө да ошондой окуя болду, жеген тамагыма төлөп, калганын официантка "өзүңө алып кала бер" деп чыгып кеттим. Кээде циркке, спорт клубдарына гүл таштап кеткен мырзалар болот. Аларды сыйлайм. Бирок кымбат баалуу белектерди кабыл албайм.

Аида цирктен тышкары фитнес, кроссфит боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.
Аида жаа атуу номери менен дүйнөгө таанылып, келишим менен Германия, КЭР, Италия, БАЭ, Франция өлкөлөрүндө иштеп келген.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Nurtilek06
2019-01-22 09:32:14
Азамат онорун оркундой берсин
+6
Umakg
2019-01-22 10:43:30
Мага тиесинби озум эле алайынчы сага кымбат балуу нерсеге акчам деле жок бирок
+11
Jelezo
2019-01-22 12:39:09
Ушундай атактуу кыргыз кызын суйбогон кыргыз жигиттери аман болгула.
+9
Gulem
2019-01-22 16:16:59
30дун кырын ашыптырсыз уй було кутуп турмушка чыгыныз,Цирктин койгойу м журмонуз каарып кетесиз....
+6
lusia
2019-01-23 00:59:19
Ушунча оз кесибин суйгон адамдар болот э тобоо буту канап ооруса да цирк деп журуптур.
+3
bond02
2019-01-23 02:40:17
Лотого акчасын уттуруп тороп жиберген экен да апасы.
+2
al79mi
2019-01-23 10:19:56
Азамат кыз экенсин!Ийгилик!
+1
saza20
2019-01-23 10:29:35
Ошондо Автандил ырчынын клибине катышкан кызбы? Сулуу кыз эле. Же башка дагы буту менен жаа тарткан кыздарыбыз барбы?
0
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан