АВАЗ АКИМОВ СҮЙҮКТҮҮСҮ АЙДАНА ДЕКАГА САЛОН АЧЫП БЕРДИ

13--январь күнү Аваз Акимов сүйүктүүсү Айдана Декага сулуулук салонун ачып берди. Жаңы иш баштап жаткан таттуу түгөйлөрдү салондун ачылышы менен куттуктап, кубанычы менен бөлүштүк.

– Мындай идея октябрда келип, Авазга салон ачкым келип жатат дегем. Аваз идеямды дароо эле колдоп, имарат издеп баштадык. Кийинчерээк жеке концертим менен алаксып, салонду ачуу иштери артка жылып кетти. Былтыр жакшы жерди ижарага алып коюп, январдан баштап эмерек, мастерлерди издеп, ошону менен алек болуп жүрдүм. Каржы жагын Аваз көтөрдү. Эми иштетүү жоопкерчилиги менде,- дейт Айдана.

Аваз Акимов болсо “Бул келечекте биздин үй-бүлөбүздүн бюджетине киреше алып келчү алгачкы бизнесибиз. Айдана салондун иштерин ийгиликтүү алып кетерине көзүм жетет” дейт. Кыз-жигиттин биргеликте ачкан бизнеси берекелүү болсун дейбиз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Eliza1991
2019-01-22 10:33:11
Оббоооо! Ушул экоо оздорунчо эле Ромео Джулиетта да! Эмне болсо да бактылуу болгула! Бизнесинер журушуп кенейе берсин жожолор!
+3
Kuiooluu
2019-01-22 10:59:09
Эрди-катын болбогондон кийин тымызын эле журушпойбу же нике окутуп алышсын
+1
aliya-leyla
2019-01-23 13:12:40
Ырчыларда салон ачкан мода болуп Кетти го
0
ainura220888
2019-01-24 02:17:28
Апана бир нерсе кылып бербейсинби ошондон коро
+1
Jazhoo-soonun
2019-01-24 19:06:37
Биз куйоолорубузго эки бала тороп берип,куну тун кызматын кылып бир койнок алдыра албайбыз.Дека азамат башынан кармаптыр
+3
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан