ЖЫЛДЫЗДАР «ДҮҢҮНӨН» ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ЭС АЛЫШУУДА

Кыштын чилдесинде жылуу, экзотикага бай өлкөлөргө барып эс алып келүү жылдыздар үчүн салтка айланды. Быйыл да салттан калбай шеринелештер Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Нурмат Садыров, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Эрнист Сыдыков жубайы менен Таиланддын Пхукет аралында чардап жүрүшөт. Нурмат Садыров: “Биз баарыбыз шеринелештербиз. Алдын ала кайда барабыз деп көпкө кеңештик. Тандап отуруп, акыры Пхукет аралына токтолдук",- дейт.

Ошондой эле “Жарайт City” командасынын актёрлору, ырчы Арсен, режиссёр Бакыт Осмонканов жубайлары менен Таиландда эс алышууда.

Жылуу жактарда эс алуучулардын катарында Мирбек Атабеков да бар. Ал: “Бул ирет атайын эс алалы деп апам, жубайым, кызым болуп Дубай шаарына келдик. Чынында, апам менен биринчи жолу чет жакка эс алууга чыгып жатам. Мага аябай жакты. Мындан ары үй-бүлөмдү алып дагы көп жакка барышыбыз керек экен деген максат койдук”,- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ayka93
2019-01-22 12:02:06
Мирбек байке азаматсыз.
+5
Nurnur08
2019-01-22 12:04:49
Албетте барышат да кунуно оздору айтмакчы эки уч тойго барып акча таап жатышса.Кимдин кимдин заманы ырчылардын заманы азыр
+9
karona12
2019-01-22 15:11:34
Мирбек азамат апасын алып барган аялдарын эс алдырбай апаларын эс алдыргандарга данк.
+8
Busi06
2019-01-23 06:29:26
Аваз Айдананы ээрчитип албаптыр дагы Кудай сактап,.. Уйлонолек жаман бп атышат эле))
+4
kimsanbek
2019-01-23 10:42:39
Эс алганынар жакшы молодцы. Бирок 5,6 минден чогултуп апасынан ажырап фостерде жашаган кыздарга да кичинеден жардам берсенер болмок! https://www.super.kg/article/show/46833/
+3
BTFB93
2019-01-23 14:27:46
Бизге да ушундай эс алуулар насип этти бекен
+1
rususu
2019-01-25 02:19:48
Мына сага, керемет жашоо деп ушуну айт, ырдайт,бийлейт,эс алышат.Эс алуудан келгенинерден кийин мага бир ямахо аперсенер дадил дадил ырларды чыгарып бермекмин.
+2
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан