ЖАКЫН ТУУГАНДАР ҮЙЛӨНСӨ БОЛОБУ?

Ыйман жана салт

Жашоодо бөлөлөр, таяке-жээндер бирге түтүн булатып, күн кечирген учурлар көп эле. Биздин каарман Каным дагы карын бөлөсүнө турмушка чыккан. Аны мисал тутуп, "жакын туугандар үйлөнсө болобу? Шариятта, салтта кандай каралган? Зыян жактары жокпу?" деген суроолорго жооп издедик.

КААРМАН БАЯНЫ
Биз баарлашканы барганыбызда Каным үч баласы менен үйүндө экен. Жолдошу Таалай жумушка кетиптир. Каным менен Таалай – бир тууган бөлөлөр. “Бир тууган элек, кудагыйлардан болсок, ортобуз ого бетер жакындап, коюн-колтук алышабыз” деп Каным менен Таалайдын баш кошушу туурасында алгач эже-сиңдилер кеңешишкен. Анан эки жаштын да жылдызы келише түшкөн.
Ошентип, 2001-жылы баш кошушкан. Азыр үч баланын ата-энеси. Улуусу Ильяз 1-классты аяктады. Экинчи уулу Ибрахим быйыл мектепке кирет. Ал эми кичүүсү Самира 4 жашта. Эже-сиңди кудагыйлар бири-бирине окшош болгондуктан, Таалай менен Каным деле түспөлдөшүп кетишет. Ошол себептен үч бала тең энесине да, атасына да окшош. Таалай Канымга байбиче деп кайрылса, Каным жолдошунун айтканын эки кылбай сыйлап турат. Учурда ата-энелерин беймаза кылбаган ынтымактуу үй-бүлөлөрдөн.

“СӨӨК ЖАҢЫРТУУ САЛТЫБЫЗДА БАР”
Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф
Октябрь Капалбаев:
– Биринчиден, кыргыздарда аталык линия боюнча жети атага чейин кыз алып, беришке болбойт. Таяке-жээндер арасында “алыстап кетпейли, сөөк жаңырталы” деп куда-кудагый болгондор бар. Мындай көрүнүштөр түрк тилдүү элдердин көбүндө эле кездешет. Кыргыздарда бөлөлөр үйлөнгөн учурлар көп. Анткени аталык линия боюнча кандаш эмес. Ошол себептен уруксат берилген. Мындай көрүнүш 50-жылдарда азайып кеткен. Бирок 90-жылдардан кийин кескин көбөйгөн. Буга социалдык, экономикалык факторлор таасир берген. Дегеним, бир туугандар калың, сеп деген маселелерди ачык доолашпай, оңой чечип алышат.

“ШАРИЯТТА БӨЛӨЛӨР БАШ КОШСО БОЛОТ”
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын
Фатфа бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы Жалилов:
– Шарият боюнча бөлөлөр үйлөнсө болот. Ал гана эмес, бир тууган ага-ининин балдарына баш кошууга уруксат.
Шариятта эркек киши энесине, чоң энесине, небересине, жээн небересине, бир тууган карындашына, эжесине, алардын кыздарына, ага-инисинин кыздарына үйлөнө албайт. Андан сырткары атасы жагынан да, энеси жагынан да бир тууган таежелери менен бирге никеге турууга тыюу салынган. Ал эми атасынын эже-карындаштарынын кыздарына, атасынын ага-инисинин кыздарына үйлөнүүгө уруксат.
Өгөй эне менен өгөй атанын балдарынын баш кошуусуна шариятта жол берилген.

“БАЛДАРЫ ООРУКЧАН ТӨРӨЛҮШҮ МҮМКҮН”
Шаардык перенаталдык борборунун партнёрдук
төрөт бөлүмүнүн башчысы Бурул Туюкбаева:
– Туугандар арасында нике болууга тийиш эмес. Анткени балдары оорукчан же ара төрөлүшү мүмкүн. Балдары жакшынакай төрөлсө да, ата-эненин катасы неберелерине тийиши мүмкүн.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан