ЭТТҮҮ ТАБАК ЖЕ ЭТТЕН ЖАСАЛГАН ЗАКУСКЕЛЕР

Конокторду эмне менен кубантууга болот? Албетте, жаркылдаган кабак жана өз колуңуз менен жасалган даамдар. Чучук, казы-карта, колбаса, тооктун саны, тооктун канаты, куурулган балык... Булар биздин дасторкондо көп орун алган закуске түрлөрү. Дасторконго булардан башка дагы кандай эт азыктарынан закускелерди коюуга болот? Аларды үй шартында жасоонун жолдорун үйрөтөбүз.

ЫШТАЛГАН УЙ ЭТИ

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун сулп эти – 600-800 грамм

Сарымсак – 4-5 тишче

Сабиз – 1 даана

Пияз – 1 баш

Бал – 1 аш кашык

Соя соусу – 3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Лавр жалбырагы – 1 даана

"Жидкий дым" – 1 аш кашык

Туз, мурч, калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сулп этти (кеспей) жууп, казанга салып, чий көбүгүн алып, бир аз туз салып жай отто 40 мүнөт кайнатабыз. Андан соң аарчылган сабиз менен пиязды жана лавр жалбырагын салып дагы 20 мүнөттөй кайнатып, толук бышырып алабыз. Этти суудан чыгарып, муздаганча күтө турабыз.

2. Соя соусун, "жидкий дым", балды, майда тууралган сарымсакты, калемпир, туз, мурчтун баарын кошуп аралаштырып, маринад даярдайбыз. Бул маринадга этти салып, 30 мүнөт тыныктырып коёбуз.

3. Этти тыгыз ороп, жип менен айландыра байлайбыз. Фольганын бетин өсүмдүк майы менен майлап, ага маринаддалган этти салып оройбуз. Андан соң 220 градуста иштеп турган электр мешине 20 мүнөткө салабыз. Андан соң бетин ачып, дагы 10 мүнөткө коёбуз. Закуске даяр! Жука кесип эт ассортисинин катарына тизсеңиз болот.

ГАЛАНТИН

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 800 грамм

Колбаса – 200 грамм

Мисте – 50 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Тоок этин жууп, кагаз майлык менен сүртүп кургактайбыз. Андан соң туздан бир аз себелеп, ашкана балкасы менен акырын ургулап жукартып жаябыз.

2. Эт жука болуп жайылган соң бетине майда тууралган колбасаны жана чагылган мисте данын тегиз себелейбиз да, тыгыз ороп, жип менен байлайбыз. Андан соң ашканада колдонулуучу целлофанга кабаттап ороп, 90 мүнөт жай отто сууга кайнатып бышырабыз.

3. Бышкан этти целлофандан чыгарбай эле муздатып, андан соң муздаткычка 6 саат салып коёбуз. Тоок этинен жасалган галантин кесүүгө даяр!

ТООК ЭТИ+КОЗУ КАРЫН РУЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 800 грамм

Шампиньон – 400 грамм

Пияз – 1 баш

Жумуртка – 1 даана

Сыр – 50 грамм

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этинен чоң кесим алып, аны ашкана балкасы менен акырын ургулап жукартып жаябыз. Жукартып жатканда улам бир аздан туз себелеп алууну унутпаңыз. Бул ыкма этке туздун жакшы сиңишин шарттайт.

2. Шампиньондорду жууп, майда туурайбыз.

3. Пиязды аарчып, аны да майда туурап, козу карын менен чогуу өсүмдүк майына кууруп алабыз. Татымына жараша туз, мурч кошулат.

4. Жукартылган эттин бетине козу карын менен пияз куурмачын салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, этти тыгыз оройбуз. Оролгон эт бошоп кетпеши үчүн сыртынан жип менен байлап койсоңуз да болот. Эми этти фольга кагазына кабаттап ороп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 50 мүнөттө бышырып алабыз. Белгиленген убакыттан кийин фольганы ачып, эттин бети кызарышы үчүн дагы 15-20 мүнөткө салабыз. Рулет даяр!

Эт азыктары толтурулган тарелкага аккомпанемент катары ар кандай соустарды, туздалган жана жаңы үзүлгөн жашылчаларды кошууга болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
deva
2019-01-22 15:24:18
шилекейди агыздынар го. Галантин жагат мага сочный
+1
Colombiana
2019-01-24 18:18:15
Мисте даны,бул эмне? Билбейт экем,орусча кандай аталат?Билгендер жазып койгулачы.
+1
ekaterinburg
2019-01-25 00:52:15
Colombiana,фисташкинин данеги.
+1
ayko24
2019-01-28 15:43:05
Colombiana, фисташки
0
ayko24
2019-01-28 15:43:45
жидкий дым дегени эмне
0
ekaterinburg
2019-01-29 07:58:22
ayko24,суюк турундогу ароматизатор.Даам берет.
0
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан