Балалыктын дүйнөсүндө
Үй-бүлөнүн жаңы мүчөсү жарыкка келди. Бардыгынын көңүлү ага бурулуп, тун баланы көпчүлүк учурда унутуп коюшат. Мындайда алардын көкүрөгүндө кызганыч пайда болуп, өздөрүн керексиз сезиши мүмкүн. Эч качан буга жол бербеңиз, урматтуу ата-эне!
УЛУУ БАЛАНЫ ЭСТЕН ЧЫГАРБАЙЛЫ
БАЛДАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ АРАЛЫК
“Эки баланын ортосундагы аралык канча болуш керек?” деген суроо да жаралбай койбойт. Психологдор балдардын ортосу төрт жаштан болгону туура дешет. Эмне үчүн?
Бир жылда төрөлгөндөр
Улуусу жылдын башында, кичүүсү жылдын аягында төрөлүп, бир жылда эки балалуу болушкандар да жок эмес. Мындай учурда улуу бала өзгөчө жабыркайт. Биринчиден, ичиндеги түйүлдүктүн айынан эне тун баласы менен жакшы байланышта боло албайт. Эмчектен эрте чыгаргандыктан, баланын тилинин чыгуусу, басуусу, дегеле жалпы өнүгүүсү кечеңдейт.
Эки жаш
Эки жаштагы бала да апасын бирөө менен бөлүшүүгө даяр эмес. Ошондуктан бөбөктүү болуу аны анчалык кубанычка бөлөбөйт. Мурун бардыгын өзү кылса, бөбөктүү болгондон кийин колдон түшпөй ыйлап, шымын булгап коюп, өзүнүн укугун талаша баштайт. Мындай учурда баланы сабап же кыйкырып оңдой албайсыз. Андан көрө тун балага көбүрөөк көңүл бурганыңыз оң. Анткени кичинекей балаңыз азырынча өзү менен өзү болуп, сизди кызганууга али кичине.
Үч жаш
Бул маалында балдардын кызганычы өтө күчтүү болот. Бирөө менен атаандашуу, теңтайлашуу бул учурда жакшы өнүккөн. Шоктук кылып, бир нерсени катып салып же атайылап сындырып, ошону менен апасынын өзүнө көңүл буруусун талап кылат. Андыктан анын кыймыл-аракетине жакшы көз салуу керек.
Төрт жаш
Төрт жашында балдардын аң-сезими жетилип, бөбөктүү болууга даяр болуп калышат. Кыз балдар куурчактарына тамак берип, апанын ролун ойногонду жакшы көрүшөт. Апасын убара кылбай өзүнө кам көрүүгө жарап калат. Кээде кичинекейге өз демилгеси менен кам көрө баштайт.
Беш жаш
Бала чоңоё баштаган сайын жакын адамдарга муктаждыгы артат. Андыктан үй-бүлөдө кичинекейдин келиши аларга кубаныч гана тартуулайт. Эсиңизде болсун, кызганычтын үрөнүн себүүгө ата-эне өзү себепчи болбошу керек. Бирин жакшы көргөнүңүздү эч качан көрсөтпөңүз. “Сен чоңсуң да, ошон үчүн тортту бөбөгүңө алып коёюн” деген өңдүү сөздөр баланын психологиясына терс таасирин тийгизет.
Эненин тажрыйбасынан...
Гүлшан Молдоева, телеалпаруучу:
“КЫЗЫМ “ТӨРӨБӨЙ ЭЛЕ КОЙСОҢ БОЛМОК” ДЕП КҮЛДҮРГӨН”– Менин эки кызым бар. Экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылыгы бир топ. Улуусу Чынара тогузга чыккандан кийин Айдананы төрөгөм. Айдана менен төрөт үйүндө жатсам, кызым сүйүнгөнүнөн төрөт үйүнө келгени көз алдымдан кетпейт. Бирок тогуз жыл бою көзүн карап, Чынарка деп жүргөнгө көнүп алган экен, бөбөгү келгенде аябай кызганды. Мурчуюп, кийимдерин ыргытып, жактырбай, бултуңдады. Бала төрөлгөндө баарыбыз эле кичүүсүнө көп көңүл буруп калат эмеспизби. Тигинин бултуюп калганын сезип, “бул сенин бөбөгүң, чоңойгондо сага жардам берет” деп койсок, кичине алданып калчу. Баса, бир күлкүлүү окуясы эсиме түштү.
Кичүү сиңдим да колумда жүрчү. Чынарага “Анара да менин кызым” деп коюп жатпаймынбы. Ал ойлонуп, “апа, менден кийин төрөбөй эле койсоң болмок экен” деп калды. “Эмнеге?”- десем: “Сенин сөйкө-шакектериңдин баары мага калат эле да”,- дейт.
Экөөнүн ортосунда жаш айырмачылык болгону менен, кызганыч сезимдери бар. Азыр деле эки кызым чукчуңдашып кетишет. “Кийимди Чынарага көп алып бересиз” деп кичүүсү таарынат. Чынара “Айдананы көп эркелетесиңер” деп калат. Экөөнүн ортосундагы атаандаштыкты жоюу үчүн бирдей мамиле кылганга аракет кылабыз. Экөөнү тең ээрчитип барып, каалаган кийимдерин сатып берем.
Чынарам турмушка чыкты. Айдана болсо №7-музыкалык мектепте 8-класста окуйт. Жакында Польшага эл аралык конкурска барганы жатат.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg