АЗИЯ КЫРГЫЗ ФУТБОЛУНА АШЫК БОЛДУ
21-январь күнү Кыргыз футболчулары Азия Кубогунун жарым чейрек финалында Бириккен Араб Эмираттары менен кез келди. Эки команда бул мелдештин эң бир кызыктуу оюнун тартуу кылышты.
90 МҮНӨТТҮК ТЕҢ ТАЙЛАШТЫК
Жеңиш алып келген курамды өзгөртпөйт дегендей Филиппинди кайсы курам менен жеңген болсок, ошол эле футболчулар БАЭге каршы чыгышты. Оюндун жүрүшү дароо эле жогорку ыргакта башталды. Голду биринчи киргизүү үй ээлерине маанилүү эле, алар чабуулдарын күчөткөндөн күчөтүштү. 14-мүнөттө арабдардын бурчтан берилген тобу биздин дарбазадан орун тапты. Кыргыз футболчулары буга көңүл түшүргөн жок, 10 мүнөткө жетпей Ахлидин Исраиловдун пасын Мирлан Мурзаев ийгиликтүү жыйынтыктады. Бир гана кол чабуулар! Экинчи бөлүк Валерий Кичиндин дарбаза темирине узатылган соккусу менен башталды. Буга үй ээлери Ахмед Мабхуттун голу менен жооп кайтарышты. Кайрадан гол киргизүү керек. Козубаев, ошол эле Кичин бирден мүмкүнчүлүк кетирип, жеңилүүгө дуушар болуп турганда Крестинин оюнду колго алды. Ал талаага Турсунали Рустамовду чыгарды. Жыйынтыгында 92-мүнөттө бурчтан чыгарылган топту «Алганын» оюнчусу дарбазага башы менен сүзүп киргизди. Эсеп саны 2:2! Мындайды стадион күткөн эмес! Үй ээлери дендароо болуп гана туруп калышты...
Жарым чейрек финалдык оюн овертаймга узады...
КЫТАЙЛЫК КАЛЫСТЫН КЕДЕРГИСИ
Үй ээлери бизден коркуп калганы дароо сезилди. Овертаймда эки команда тең биринчи кезекте коргонууну бекемдеп турушту. Арабдардын оюну жүрүшпөй турган маалда талаадагы калыс башкы каарманга айланды. Кытайлык Фу Минг дээрлик оюндук абалдан эле пенальтини ойлоп таап койду. Сагынбаев ал жерден эч кандай эреже бузбаганы байкалып турат. Бирок калыстын чечими ушундай болду. Же VARдан дайын жок, же адилеттүүлүктөн дайын жок, баш ийүүгө гана аргасыз болдук...
Үй ээлери ушуну эле күтүп жаткандай. Пенальти соккусун Кадырбеков тосуп кетүүсүнө аз эле калды. Тилекке каршы, гол.
Өжөрлүк дегенди ушундан көрүңүз, кыргыздар акыр-аягына чейин күрөштү. Дүйшөбековдун соккусу дарбаза темирине тийип калды, 120-мүнөттө Рустамов эки коргоочуну алдап, сокку узатты... Топ дарбазанын үстүңкү темирине тийип кайтты... Түштүк Корея менен болгон оюнда дарбаза темирлери биз үчүн ойноп берсе, эми ошол «карыздарын» алып жаткандай эле туюлду...
БАЭ утту, бирок Кыргыз футболу Азияны бир толкутту...
«ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ СТАДИОН КЕРЕК»
Оюн бүткөн соң Александр Крестинин футболчулардын оюнуна, күйөрмандардын колдоосуна ыраазы экендигин билдирди. «Болушунча күрөштүк. Команда менен сыймыктанам. Ушундай жол менен алдыга умтулуп, иштей беришибиз керек. Карасаңар, биз оюн болгон сайын алдыга өсүү бар экенин көрсөтүп жатабыз. Биздин жумушту түшүнүш керек, бир орунда турбайлы десек, бизге материалдык, техникалык жана каражат жагынан колдоо керек. Өнүгүү үчүн бизге жаңы стадиондор керек. Булар болсо бардыгы жакшы болот»,- деп биздин бийликтин кулагына күмүш сырга такты.
Бүтүндөй өлкөнү бириктирүүнүн дагы бир жолу бул спорт экендигин Азия Кубогу далилдеп койду. Биз дагы ойной аларыбызды көрсөттүк, эми алдыга кадам шилтеш керек. Жаңы заманбап стадион курууга убакыт келгени көзгө урунат. Азия Кубогу менен футбол бүтүп калбайт. Бул ири арышка болгон алгачкы кичинекей кадам.
«Ак шумкар» бийиктикке карай гана учушу керек.
АЗИЯ КУБОГУ, 1/8 ФИНАЛ
БАЭ – Кыргыз Республикасы – 3:2
Исмаэл Зайед 14-мүнөттө, Мирлан Мурзаев 27-мүнөттө,
Ахмед Мабхут 64-мүнөттө, Турсунали Рустамов 90-мүнөттө
Ахмед Калил 103-мүнөттө
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Алга кыргызстан,жакшы ойноо учун эми чон стадион керек,бийликтегилер кичине ойлоно тушту,кудаа кааласа жакында стадион.
Чынында счет 1:2 болмок, арабдардын 1-голу офсайд болчу, пенальтисин го айтпай эле коюш керек.
Биз учун баары бир жениш болду, майрам болду, кеп эсептик санда эмес, кеп оюндун журушундо. АЛГА АК ШУМКАРЛАР! АЛГА АЛТЫНДАР!