ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ГАРДЕРОБУНДАГЫ ЭҢ КЫМБАТ КИЙИМ КИМДИКИ?

Жылдыздарды кумир тутуп, алардай болуп кийингиси келгендер көп. Анткени социалдык баракчага алар кандай кийим кийип түшпөсүн, кайдан алдыңыз деген суроо жок эле дегенде 10унан чыгат. Биз бүгүн ырчылар жарнама кылып бекер кийген кийимдери тууралуу эмес, өздөрү ашык болуп сатып алган кийимдерине кайрылабыз. Жылдыздардын гардеробундагы эң кымбат кийими канча болду экен деп кызыгып жатасызбы? Анда кеттик.


Курал Чокоев:
«КАРЫШКЫРДЫН ТЕРИСИ ЖАБЫЛГАН ФОРМАМДЫ 35 МИҢ СОМГО ТИКТИРГЕМ»

Кыргыз эстрадасында өзгөчө кийинген ырчы мырзалардын катарында Курал Чокоев бар. Башынан шляпасын түшүрбөгөн Курал «Кыргызстанда аксакалдар, анан мен гана шляпа кийсем керек» деп күлөт. Ырчы мырза шляпаларын Кыргыз жеринде тандоо аз болгондуктан, көбүнчө чет өлкөгө барганда 5000-6000 сомдун тегерегиндеги суммага алып келерин айтат:

– 3 жылдай болуп калды, мен Света Кидикова деген дизайнер, тигүүчү менен иштешем. Ага оюма келген идеяларды айтам, Света эже баарын мен элестеткендей кылып даярдап берет. Гардеробумдагы эң кымбат баалуу костюм бул «Көк бөрү» аттуу ырыма тартылган клиптеги карышкырдын териси жабылган костюм. Карышкырды табууга көп убакыт кеткен, эки жума дегенде ойдогудай терини таап, ишке киришкенбиз. Карышкырдын терисинин өзү эле 18 миң сомго барды. Ал эми өтүк, кийимдердин баарын кошкондо 35 миң сомго жетти.


Айнура Салахидинова:
«КӨЙНӨГҮМ КЕТКЕН КАРАЖАТТЫ 10 ЭСЕЛЕП АКТАП КОЙГОН»

– Мен улуттук кийимдерге басым жасайм. Ар кайсы көйнөгүмдүн баасы ар кандай. Анткени алдын ала канча болушун так биле албайсың. «Бул жагына мындай кошуп койбойсузбу, сайма сайып бербейсизби» деп отуруп кымбаттап кетет. Бул көйнөктү алыш мага чоң маселе болгон. Же кезек жетпейт же алып кетсем бир жери жакпай өзгөрттүрүп жаттым. Кайра барып оңдотуп отуруп 3 ай дегенде бүттү. Баасы 27 миң сомго жетип, баш кийимине өзүнчө 10 миң сом бергем. Көйнөктүн жакшы жагы, белдемчиси да бар. Аны көйнөк менен өзүнчө кийсе да болот. Көйнөгүм түйшүгүнө жараша, кетирген акчасын да 10 эселеп актап бүткөн. Муну ак жолтой көйнөк деп жакшы көрөм. Өзүмө да ыңгайлуу. Чач жасалга жасабай калсам баш кийимин кийип алам.


Сайкал Садыбакасова:
«КӨЙНӨГҮМДҮ КАЗАК ДИЗАЙНЕРИНЕН 2800 ДОЛЛАРГА АЛГАМ»

Сайкал Садыбакасова көбүнчө дизайнерлер менен иштешет. «Көңүлүмө жаккан көйнөк болсо баасына карабай алам» деген Сайкалдын кымбатка бааланган көйнөгү казак дизайнериники.

– Эки жыл мурун Бишкекте өткөн жеке концертиме бир нече көйнөк тиктиргем. Ошентсе да убакыт тар болуп улуттук кийимге жетише албай калдым. Интернеттен казактардын жаш, таанымал Ая Бапани деген дизайнеринин оюулар түшүрүлгөн кийизден тигилген көйнөгүнө көзүм түштү. Баасы 2800 доллар экен. Аябай жаккандыктан акчасына карабай буюртма кылып, алдырттым. Ошол көйнөгүм менен көп жолу кыз узатуу тоюнда «Жар-жар» ырын аткардым. Сапаты акчасына жараша жакшы экен. Канча кийсем да дале калыбын жогото элек. Андан бери кыргыз дизайнери Арзубек Vonama менен иштешип, акыркы көйнөгүмдү 35 миң сомго тиктирдим.


Гүлнур Асанова:
«КӨЙНӨГҮМ ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ, 4000 ДОЛЛАРГА БААЛАНДЫ»

Гүлнур Асанова көбүнчө эксклюзивдүү көйнөктөрдү киет. Ошон үчүнбү ким билсин, «көйнөктөрүмдү уурдап кете беришет» дейт ал.

– Менин гардеробумдагы учурдагы эң кымбат көйнөгүм дизайнер Дилбар Ашимбаеванын эмгегине таандык. Кездемеси 3D, Италиядан алдыргам. 100 пайыз жибек, жаккард. Кездемеси чектелген санда эле чыккан. Андыктан эксклюзивдүү десем болот. Дилбар эже колу менен булгаарыдан оюуларын түшүрүп, өзү дизайнын чийип тигип берди. Ичиндеги көйнөктү өзүнчө кур менен кийсе, чермейин өзүнчө кур тагынып кийсе болот. Үкү топусу да булгаары оюу менен тигилген. Ушунун баары чогулуп отуруп 4000 долларга барды. Мындан мурунураак да Дилбар эжеге тиктирген көйнөгүмдү жоготуп, араң тапкам. Көрсө, ал Дайырдын (ред.: Исмадияров) унаасы менен кошулуп уурулардын колуна түшкөн экен. Жарым жылдын тегерегинде Дайыр арызданып жүрүп унаасын тапты окшойт. Көйнөгүм да багажнигинде болуп чыкты. Негизи эле менин костюмдарымды уурдай беришет. 9 жыл мурун да белгилүү дизайнер Мадина Тапаевага 800 долларга тиктирген кийимимди да унаанын эшигин талкалап уурдап кетишкен. Ошону менен таппай эле калдык.


Гүлжигит Калыков:
«ЕВРАЗИЯ ЖЫЛДЫЗЫ» СЫНАГЫНДА ТҮРКИЯНЫ КЫДЫРЫП ЖҮРҮП СМОКИНГ ТАПКАНБЫЗ»

Гүлжигит Калыков да формаларына кылдат мамиле кылган ырчы мырзалардын катарына кирет. «Сахна формасы тойго, көчөгө кийген кийимдерден сөзсүз түрдө айырмаланышы керек» деген Гүлжигит кымбатка бааланган формасына токтолуп кетти:

– Биз Канат байке (ред.: Култаев) менен 2010-жылдан тартып иштеп баштадык. Ошондон бери кийимдерге кылдат мамиле кылабыз. Арасында сатып алган, тиктиргендерибиз бар. Орточо баалары 200 доллар, 20 миң сомго барат. Алгач кийимдерди көп тиктирчүбүз, көп дизайнерлер менен иштештик. Анткени ал кезде бизге ылайыктуу кийимдер аз эле. Алардын ичинен 2012-жылы «Евразия жылдызы» эл аралык сынагына кийген смокинг эң кымбаты болду окшойт. Себеби жалпы катышуучулар финалга смокинг киебиз деп сүйлөшкөнбүз. Ал маалда Түркияда болгондуктан соода борборлорун кыдырып отуруп 500 доллардан ашыгыраак акчага смокинг алдык, кошумча көйнөк, туфли, бабочка болуп 700 долларга жеткен.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздардын гардеробундагы эң кымбат кийим кимдики?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
Tyty1990
2019-01-30 09:19:54
Ош базардан бир куртканы 1350 сомго алып бир жума давления болуп жүргөм студент маалымда кымбат алып алдым деп
+4
Asyl10
2019-01-30 16:54:27
Эми бул кийимдерди эки-уч кийишет болду, кайра-кайра кийип чыгышса, мынасы устунон тушподу го дейбиз.Тез-тез кийим алмаштырып турушат.Тойго чакырсак асмандын башын айтышат, 200 доллардан 2000 долларга чейин барышат экен, анан булар кийбей ким кийет мынча кымбат кийимдерди. Эмнеге тойго ырчыларды чакырышат,эч тушунбойм да.Жон эле музыканы койуп, оюн-зоокту кобойтуп откорсо болбойбу.Кыйналып атабыз деген адам да жок дегенде 2 ырчы чакырат карызга батып. Фонограмма менен кыйратып кетишет алар
+2
Gulem
2019-01-30 17:23:38
Нурландын Аселясын да кошуп койбопсунар.оозун чоймондотуп мактанып алат эле.
+6
Shaa-82
2019-01-31 14:07:50
Gulem,ооба тойго кийген койногу эле канча сом деп мактанып атты элего э
0
Perihka92
2019-01-30 19:31:07
Нурландын,Аселясы.Анжелика айым жокко бул жакта.тан калыштуу
+3
Samat777
2019-02-01 14:24:54
Perihka92,о кудай эми
эмне кылабыз. Анжелика
калып калат деген эмне
+3
zinagull1996
2019-01-31 03:46:52
Сайкалдын койногу озгочо жакты мага. Сайкал зор келинсин.сага ийгилик каалайм. Суйом сен даагы эле. Э Менин эн кымбат кийимим 3500 бир пальтоо
+2
Altynbekova.01
2019-01-31 06:38:01
Менин шуубам 160миндик. Мактанып калайн хехе
+1
Colombiana
2019-01-31 13:26:23
Мактангандык жагынан конкурс уюштурса,Гулнур Асанова биринчиликти алчудай экен.Ото эле аша чаап кетипир бул жерде Гулнур,экслюзивдуу чектелген санда чыккан жаккард деп.Кыргызстанда жаккардын баасы канча экенин билбейм,чет олколордо терезе жапкычтар,шейшептер сатылат дукондордо арзан эле.Гулнур айткандай 100 пайыз жибек,жаккарддан.
+3
Chaki2795
2019-01-31 15:14:09
5000сомдук пальтону жалдырап атып 4минге алгам 3-4 жыл мурун
+1
Taalai94
2019-01-31 16:18:07
Хехе Гулжигит 200 доллардан 20мин сом дейтко. 200-300дун тегереги дегенге уялган окшойт.
0
Alia82
2019-02-01 15:02:13
Сайкалдын койногу жакты, зор
+3
Kgda
2019-02-01 21:22:07
Ушул жерде Гулжигит менен Куралдын созундо эле жан бардай. Калганын билбейм. Аялыма биринчи машина аперсем анан кымбат шубага очред келет.
+1
Meken28
2019-02-02 11:00:29
Baarynar ele koinoktun baasyn aityp oturasynar,menin tan kalganym Gulnurdun koinogu Daiyrdyn mashinasynda emne kylyp jurot .anan dagy kayakta kalganyn unutup kalgan eken,Gulnurdu yimanduu,toktoo kyrgyzdyn nukura kyzy dep oilochumun,,bul andai emes eken,,ozunun mashinasy bar bolso Daiyrdykyna salyp balee barby dagy unutup kalganychy)))..Gulnur oto jenil ayal ekensin,,bornerselerdi shyltoo kylyp ele super infogo chyga beresin
+3
AruukyzymTunugum
2019-02-02 13:07:18
Дукондорду андып 50%скидка болгондо 1000-2000 сомдук кийимдерди жарым баасына алып атсак, Бир койнок 4000$дейт го
0
Aznazalai
2019-02-02 17:39:19
Буюрсун озубузго арзанбы кымбатпы.Бирок ото кымбат кийимд на да эсебин береткенбиз
0
Birimdik5555
2019-02-03 00:50:36
Гулнурдун койногу жакты,тусу да абдан сонун экен
0
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан