ЭЛДИН БААРЫН «ЫЙЛАТКАН» KAZKA

«Аялзаты кызык жан. Аны бүгүн сөз менен муузда, ал ошол учур көз жашын төгөт да, эртең жаңы күндү баштап кетет. Аялдын сыйкыры ушунда: кыйынчылыкты көз жаш менен жууйт да, дүйнөгө кайрадан аруулук тартуулайт...» Жаралары менен күтүүсүз популярдуулукка жеткен ыр тууралуу аткаруучулар дал ушундай пикирде. Кайсы ыр дейсизби, акыркы жарым жыл аралыгында көпчүлүктүн телефонунда «Плакала» ыры «ыйлап-сыздап» жаңырып турду. Өзгөчө үнү, стили менен кыска аралыкта популярдуулукту багынткан «Kazka» тобу тууралуу маалымат төмөндө.


«KAZKA» ТОБУ
Мекени
– Украина
Түзүлгөн жылы – 2017
Жанры – поп, инди-поп, электро-фолк
Топтун курамы – Александра Зарицкая, Никита Будаш, Дмитрий Мазуряк
Лейбл – Mamamusic

Алган сыйлыктары:
Yuna музыкалык сыйлыгынын «Жылдын ачылышы»;
«Алтын зымырык куш» музыкалык сыйлыгынын «Жаңы ысым»;
«Karabas Live» музыкалык басылмасынын «Жылдын дебюту»;
FDR Media`сынын «Жылдын ачылышы» номинацияларында жеңишке жетишкен


Никита Будаш
Туулган жери – Украина, Киев шаары.
Аранжировкачы, гитара, клавишада ойнойт.
Жеке жашоосун сыр тутат.


Александра Зарицкая
Туулган жылы – 1992-жыл, 3-август.
Туулган жери – Украина, Харьков шаары.
Топтун солисти.


Дмитрий Мазуряк
Туулган жери – Украина, Испас айылы.
50дөн ашык үйлөмө аспапта ойнойт.
Жеке жашоосун сыр тутат.



ШАКИРАНЫН ЫРЫНАН ЖАРАЛАН КЫЯЛ
Украинанын Харьков шаарында жашаган аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнөн ырчы чыгат деп эч ким ойлогон эмес. Александранын тентек мүнөзүнөн улам ата-энеси келечекте дагы бир кайраттуу аскер кызматкери өсүп келе жатат деген ойдо болушкан. Ырчы болом деп үч уктаса түшүнө кирбеген Александра эң алгачкы ырчылык кыялы тууралуу: «Мен эл алдына чыгып ырдап көргөн эмесмин. Мектептеги майрамдардын биринде «сен жакшы ырдайсың» деп кыйнап туруп алышты. Ошондо Шакиранын репертуарындагы ырды ырдадым. Бутум титиреп араң чыккам. Кантип ырдап бүткөнүмдү деле билбейм. Бир маалда залды карасам, баары туруп алып кол чаап жатышыптыр. Ошол сезим унутулгус болчу. Ал сезимди кубалап отуруп ырчы болуу кыялым жаралды» деп эскерет. Бирок кыздын бул кыялы тоскоолдукка учурап, ата-энеси мектепти бүткөндөн кийин юридикалык факультетке тапшыртып коюшкан.


«УКРАИНАЛЫК АДЕЛЬ»
Александра күндүзү окуп, түнкүсүн караоке-бар, түнкү клубдарда ырдай баштайт. 2014-жылы дипломду колго алып, Харьковдон Одесса шаарына көчүп келет. Ал жактан сүрөтчү, музыкант адамдар менен достошуп калат. Сашанын тегерегиндегилер анын таланты бекер короп жатканын айтып, борбор шаардан өзүн сынап көрүүнү сунушташкан. Ошондо ал юрист кесибин сандыкка биротоло бекитип, кайдасың музыка деп Киевге жөнөп берген.
Карьерасындагы биринчи кадам «Голос» музыкалык сынагы эле. Тандоо турунан кыйынчылыксыз өткөн Зарицкая Ани Лорактын командасына туш келип, бирок финалга жетпей калган. Сынактан кийин аны «украиналык Адель» деп атап алышкан.


ЖҮЗҮ ЭМЕС, АЛГАЧ ЫРЫ ТААНЫЛГАН
Никита Будаш. Никита бала чагынан эле музыкант болорун билген. Мектепти бүткөндө Улуттук маданият жана искусство академиясына тапшырат. «Dead Boys Girlfriend» тобунун курамында эл алдына чыгып жүрүп, топ 4 жылдан соң тарап кеткен. Никитанын жашоосундагы чоң бурулуштардын бири Александра Зарицкая менен кезигүү эле. Александранын вокалына суктанган Никита дароо иштешүү тууралуу сунуш киргизген. Чыгармачыл дуэт 2017-жылы январда интернетке алгачкы «Свята» ырын жүктөшөт. 3 күндүн ичинде 300 миңден ашык «лайк» топтогон ырга таң калган аткаруучулар аны радиолорго жөнөтүп көрүүнү чечип, бир айдан кийин ар бир радиодо жаңырган «Свята» аткаруучуларга популярдуулук гана алып келбестен кызыгууну жараткан. Анткени эл ырчынын жүзүн көрө элек эле...


ӨТМӨКТӨН «ТАБЫЛГАН» ДМИТРИЙ МАЗУРЯК
Дмитрий Мазуряк айылдагы музыкалык мектепти бүткөн соң Киевдеги Педагогикалык институттун искусство факультетине тапшырат. Дима өз колу менен ар кандай музыкалык аспаптарды жасаганга уста. Бирок Киевде аны жеңил жашоо күтүп турган эмес. Акча табыш үчүн жер алдындагы өтмөктөрдө өзү жасаган аспаптарда ойногонго туура келген. Ошондой күндөрдүн биринде Никита жолугуп, Дмитрийдин аспаптарына кызыгып калат. Ар бир аспап тууралуу көзү жайнап айтып берген жигит Никитага жагып, топко чакырат. 2018-жылдан баштап Дмитрий «Kazka» тобунун курамына кирген.


КЫЯЛДАГЫ ЖОМОК...
«Элге кандай чыгабыз, кайсы ысым менен?» Никита менен Александранын алдында ушул суроо турган. «Биз таланттын, эмгектин жемиши болорун түшүндүк. Андыктан орундалгыс жомок сезилсе да кыялдангыла деген ой менен топко «Kazka» деген ат ыйгардык» дейт Будаш. 2017-жылы түзүлгөн топтун аты украин тилинен которгондо «кazkaжомок» дегенди түшүндүрөт. Топтун атын чечип алган экөө ээрчишип алып эл аралык «Х-фактор» долбооруна келишкен. Ага чейин ар бир үтүктөн жаңырып турган «Свята» ырынын аткаруучуларын күйөрмандары биринчи жолу ошол долбоордон көрүшкөн. Калыстар тобунун жогорку баасына арзыган топ долбоордо 7-орунга ээ болгон.
2018-жылы топко үчүнчү каарман кошулган. Ал 50дөн ашык үйлөмө аспаптарда ойногон Дмитрий Мазуряк эле...


ДҮЙНӨЛҮК АТАК АЛЫП КЕЛГЕН «ПЛАКАЛА»
Жергиликтүү музыкалык чарттарды «жарган» топтун кезектеги ыры «Дива» деп аталган. Бул ыр менен топко «Евровидение» сынагынын тандоосуна катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тандоо турунан өтпөй калганы менен, топтун популярдуулугу арта берген. Кезек альбом чыгарууга келип жетти. «KARMA» аталган альбомго 10 ыр кирип, 2018-жылдын 1-апрелинде топ алгачкы концертин берет.
Топко Украинадан сырткары чет элдик, анын ичинде кыргыз күйөрмандарын алып келген «Плакала» ыры болду. Ырга жөнөкөй, бирок өзгөчө тартылган клип украин шоу-бизнесинин тарыхында топтордун арасынан Ютубдагы топ-10го кирген алгачкы ыр болду. Ырга 50дөн ашык мамлекеттен күйөрмандар кавер ырдап Инстаграм баракчасына жүктөп, топтун гастролго чыгышын суранышкан. Учурда «Kazka» күйөрмандардын суранычын аткарып, чет мамлекеттерди багындырууну улантууда.


«ТОП ЖАНА МЕН...»
Александра: – «Kazka» менин адаттарымдын өзгөрүшүнө алып келди. Бир кыйла жоопкерчиликтүү, токтоо болуп калдым. Ар бир мүнөтүм пландалган, мурдагыдай чар-жайыт эмес. Кечээ эле мени эч ким таанычу эмес, бүгүн каякка барбайын бейтааныш адам келип учурашып, колумдан кармап саламдашып кетишет. Популярдуулук мага жагып жатабы же жокпу азырынча чече элекмин. Азырынча ар кандай сезимдер болууда.
Никита: – Ушунчалык ийгилик жараттык деп эсептебейм, бирок көпчүлүктүн көңүлүн бура алдык. Украинада биздикиндей стилдеги музыка жок болчу. Биздин топто стандартка байланбаган адамдар иштейт, өзгөчө музыка, өзгөчө аспаптар, баары өзгөчө. Ошол өзгөчөлөрдүн арасында болсом, демек, мен дагы...
Дмитрий: – Эл эч качан элдик музыкадан баш тартпайт. Биздин поп менен фольклордун кошулмасынан жаралган музыкабыздын ийгилиги ушунда болсо керек. Эгер килтейген стадион толо күйөрман чогултсак, анан алардын баары бир «дудкада» бийлеп-ырдашса, ошондо гана максатыбызга жетсек керек...

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Dembele84
2019-01-29 21:21:29
Плакала ото мода болуп турат азыр деле.Радиолордун хит параддарында алдынкы орундарды багындырып журот дагы деле.[moderated]да 5айдын ичинде эле 130млн просмотр топтоп коюптур.
+6
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан