Жол кырсыгында агасынан айрылган жаран: «2 АДАМ КАЗА БОЛСО ДА, ТЕРГӨӨЧҮ КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОБОЙ КОЙДУ»

2018-жылдын 24-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес-Бенц 210 унаасы сүзүшүп, андан Хонда Степвагондо келе жаткан 2 жүргүнчү каза болуп, 2 жүргүнчү, айдоочусу, Мерседес унаасынын айдоочусу ар кандай жаракаттарды алышкан. Мерседес унаасында айдоочу гана болгон. Адам өлүмү катталып жатса да бул факт боюнча тергөөчү эмнегедир кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Аталган иш боюнча сөз кылабыз.


«УНААМДЫ КАРЫЗГА АЛЫП, АКЫСЫН 4 ЖЫЛ ТӨЛӨГӨН ЭЛЕМ»

Кырсыкка кабылган Хонда Степвагондун айдоочусу 47 жаштагы Мирбек Манияров Бишкек-Григорьевка багыты боюнча жүргүнчү ташып иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөн. Ал окуя тууралуу буларды айтып берди:

– Мен саатына 60 чакырым ылдамдык менен келаткам. Бир маалда эле жарк этип Мерседес катуу ылдамдык менен алдымдан чыкты. Ылдамдыкты азайттым. Качырып жатат го деп, фараны күйгүзүп-өчүрүп көрдүм. Мерседес катуу ылдамдык менен келип сүзүп салды. Мерседестин айдоочусу аял киши экен. Ал уктап кетти окшойт деп ойлоп жатам. Азыр ал учурду ойлогондо каршы тилкеге чыгып ары карай бурсам болмок экен деп калам. Бирок анда да Мерседес кайра бурулса эмне болот эле? Билбейм, кантишим керек эле? Мен эреже бузган жокмун. Өзүмдүн жолумда бара жаткам. Өзүмдү күнөөлөй албайм.
Менин унаам чимирилип барып туруп калыптыр. Бир учур эсимди жоготуп кайра өзүмө келдим окшойт. Эсиме келсем өзөрүп калыптырмын, дем ала албай жаттым. Унаадан түшсөм бир бутум иштебей калды. Бутумду жерге койсом таянбай койду. Унааны кармалап эптеп арткы эшикке бардым, эшикти ачууга алым жетпей койду. Бир убакта кишилер келип мени бир жерге отургузуп коюшту. Турайын десем эле кулап жаттым. Көрсө, бир бутум иштебей жатыптыр. Бирок ооруну сезген жокмун. Көп нерсе эсимде жок. «Тез жардамда» баратканда Мерседестин айдоочусунун кыйкырып, бирөөнүн атын айтып сөгүп баратканын билем. Бирөө менен урушуп жолго чыккан окшойт. Айдоочу кыз мас экени билинген.
Өзүм 1999-жылдан бери таксистмин. Мындай абалга биринчи жолу кабылып жатам. Унааны карызга алып, 4 жылда араң кутулган элем. Ушул күздө акчасын төлөп бүткөм. Эми минтип төшөктө жатып калдым. Тиземдеги сөөктөр майдаланып кетиптир, операция жасашты. Башымдан, өпкөмдөн жаракат алдым. Эми качан турам, билбейм. Үйдө иштеп акча тапкан мен элемин. 3 балам, жубайымды мындан ары кантип багам? Өзүбүздүн үйүбүз жок, туугандардын үйүндө жашайбыз.

«НЕС АБАЛЫНДА ЧУРКАП КЕТИПТИРМИН. АЗДАН КИЙИН ТУРА АЛБАЙ КАЛДЫМ»

Ысык-Көл районунун Кашат айлынын 34 жаштагы тургуну Элнура Тынаева Хонда Степвагондун жүргүнчүсү болгон. Орусияда иштеген каарманым жумушунан 10-январга чейин гана суранып үйүнө келаткан. Эми ал 3 ай төшөктө жатуусу керек.

– Орусиядан атамдын каза болгон күнүнө карата куран окуталы деп келе жаткам. Биздин унаа жай келаткан. Чоң-Сары-Ой айылынан өтүп баратканда Мерседес үлгүсүндөгү унаа аябай катуу ылдамдык менен келип бизди сүзүп салды. Мен унаадан ыргып барып жамбашым менен куладым. Белим ооруй түштү. Ал учурда өзүмдү эмес, мен менен чогуу келаткан 15 жаштагы инимди ойлодум. Жыгылган жеримден туруп эле унаага чуркадым. Иним уктап келаткан жеринен эс-учун жоготуп коюптур, бети-башы канжалаган. Аны жулкулдата бердим, ойгонду. Айдоочу байке «жардамга-а» деп кыйкырып жүргөн. Ары жактан өтүп бараткан таксисттер келип жардам берип, инимди унаадан чыгарышты. Ал чыккандан кийин мен баса албай калдым. Нес абалында эле ооруну сезбей жүрө берген окшойм. Айдоочунун да басып жүргөнүн көргөм. Ал деле буту сынганын сезбей басып жүрүптүр. Кийин баса албай отуруп калды. Мени бирөөлөр сумка, чемодандардын үстүнө жаткырып коюшту. Ошондо ары-бери баскан эл Мерседестин ичинде спирттик ичимдиктер бар экенин айтып жатканын уккам.
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тез эле келди. Ал эми «Тез жардам» болжол менен бир сааттан кийин келди. Мерседестин айдоочусу менен «Тез жардамда» чогуу бардык. Ал кыйкырып, сөгүнүп жаткан, оозунан ичимдик жыттанып турду.
Чолпон-Атадагы ооруканада белимден ылдый кыймылдабай жатса да, врач «эч нерсе жок» деп койду. Бир күн тамчылатма дары куюп, дарыларды берди. Башка эч нерсе кылган жок. Абалым күндөн-күнгө оорлой берди. Кайдыгер мамиле кылган врачтын үстүнөн да арыз жазалы деп жатабыз. 3 күндөн кийин Бишкектеги ооруканага барсак, шыр эле жандандыруу бөлүмүнө жаткырышып, операция жасашты. Түшүнгөнүм боюнча, ашказан жактагы май, ичеги үзүлүп кетиптир. Куймулчак сыныптыр. Врачтар 3 ай турбай жат дешти. Жумушум калды.


«СОТКО ЧЕЙИНКИ ӨНДҮРҮШ ТУУРА ЭМЕС БЕРЕНЕ МЕНЕН БАШТАЛДЫ»

Бул кырсыктан Эрнис Жээнтаевдин атасынын иниси Шериф Жээнтаев каза тапты. Анын артында 6 баласы калды.

– Байкем Алматыга барып алма сатып, 24-декабрда үйүнө бара жаткан экен. Жаракатынан улам ооруканага жеткенче үзүлүптүр. Бул ишке болгон тергөөчүнүн мамилеси бизди нааразы кылды. Эки адам каза болсо да тергөөчү кылмыш ишин козгогон жок. Себебин сурасак, «арыз жазылбагандыктан иш козголгон жок» деп түшүндүрүштү. Бирок мен 28-декабрда арыз жазгам. Анда деле козголгон жок. Прокуратурага арыз жазгандан кийин ушул жылдын 8-январында иш КЖБРге (кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри) катталды. Ишти жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык алып баруу үчүн атайын создуктургандай сезилип жатат. Дагы бир нааразычылыгым, кылмыш иши 297-берене менен козголду. Бирок ал беренеде адам өлүмүнө алып келген кырсык тууралуу сөз жок.


«АРЫЗ ЖАЗЫЛБАГАНЫ ҮЧҮН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЖОК»

Суроолорго Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов жооп берди:

– 24-декабрда болжол менен түнкү саат 23:30 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 66-чакырымында жол кырсыгы болуп, анда Мерседес Бенц 210 үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Степвагон унаасы сүзүшкөн. Андан эки киши каза болуп, 4 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жазык-процесстик кодексине ылайык, атайылап жасалбаган кылмыш иши жеке-жалпы айыптоо менен козголот. Бул жерде кылмыш иши соттук-автотехникалык экспертизанын негизинде же жабырлануучу тараптын арызынын негизинде козголот. Алар арыз жазышкан эмес. Кырсык декабрдын акыркы күндөрүндө болуп, эс алуу күндөрүнө туш келгендиктен экспертизанын жыйынтыгы кечигип калгандыгына байланыштуу тергөөчү кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Жабырлануучу тарап 28-декабрда арыз жазганын айтыптыр, жазган эмес. Алар Жаңы жылдан кийин факт боюнча эмес, тергөөчүнүн ишине нааразы болуп арыз жазышкан. Азыр прокуратура тарабынан тергөөчүнүн чечими жокко чыгарылып, иш кайра тергөөгө жиберилди. Иш 8-январда КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Берененин ичиндеги «оор зыян келтирүү» дегенди адам өлүмүнө алып келүү менен барабар санасак болот.
Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1980-жылы туулган Чоң-Сары-Ой айылынын Д.И. аттуу тургунунун канында спирт ичимдиги бар болгондугу аныкталды. Соттук-автотехникалык экспертизанын корутундусу менен Мерседес унаасы күнөөлүү болуп жатат. Мерседес эрежени бузуп, Степвагонду сүзгөн. Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.


«АРЫЗСЫЗ ЭЛЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУШУ КЕРЕК БОЛЧУ»

Юрист Калыйнур Батыралиев бул жагдайда тергөөчү туура эмес аракет кылган деген пикирде:

– Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297 жана 138-беренелери менен сотко чейинки өндүрүш башталышы керек болчу. Себеби автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу (297-берене) менен ал эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор зыян) алып келип (138-берене) жатат. Бул окуя боюнча арыз жазылбады деп кылмыш ишин козгобой коюу туура эмес. Анткени Жазык-процесстик кодексинин 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык, тергөөчү, прокурор сотко чейинки өндүрүштү, жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок учурда да баштай берет.

Көңүл бурчу жагдай, Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы 28-декабрда арыз түшпөгөнүн айткан. Жабырлануучу тарап 28-декабрда арыз жазгандыгын далилдеп берип жатат. Эки адамдын өлүмүнө карабай тергөөчү факт боюнча кылмыш ишин козгобой койгондугу да шек санатат. Бул милиция кызматкерлеринин өз ишине кылган кайдыгер мамилесиби?

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
taalay25
2019-01-29 13:19:12
Тергоочуго да прокуратура тарабынан иш козголушу керек
+5
karona12
2019-01-29 22:41:17
эки киши олуп атса дагы арыз жазыш керек деп шылтоо кылып отура бергиле мерстин ээси ооздоруна тыгып койсо керек
+7
Pamirlan
2019-01-30 11:55:48
Кудай сактасын,боодо кырсыктан, тергоочуну мерстин ээси тойгузган да,
+2
algakaray
2019-01-30 20:51:04
Бир мас катындын айынан эки адам каза болду калгандары ар кандай жаракат алды. Жазасын алсын! Ичип алып айдап башкалардын убалына калды.
0
Azatbek.Svoboda.
2019-02-03 17:55:41
Жумуштан баарын алыш керек!
0
mirlan.tulanbaev
2019-02-04 21:32:18
Ошол тергогунун жакындары ушинтип жол кырсыгынан каза болсо кантээр экен?жашоо бумеранг тергочу акчага козун май бастыбы?
0
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан