Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Сиз бул аптада жетекчилик, өкмөт адамдары менен алака кыласыз. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрөт. Кайсы бир максатыңыз орундалат. Иштин жакшы жүрүшүн кааласаңыз бир сырдуу болуңуз. Жабык типтеги мекемелерден кабар алууга туура келет. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Башка шаардык өнөктөш жана туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Алыскы сапар, документ иштери да сиз ойлогондой бүтөт. Курбуңуз, кичи ишканалар менен жакшы тил табышасыз. Көптөн күткөн үмүттөрүңүз ишке ашат.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Акча, буюм түрүндө киреше кириши күтүлүүдө. Бул кирешени табууда таасирдүү же улгайган адамдардын салымы чоң болот. Андыктан эске алыңыз. Эң кызыгы, бул жакшы таасирлер кийинки жумага чейин созулат. Жоопкерчиликтүү болуңуз.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Эски тааныштарга жолугасыз. Бузулган мамилелер жөнгө салынат. Мурдагы өнөктөш же кадырлуу адамдар тараптан сунуштар түшөт. Бул сунушту четке какпаңыз. Башка шаардыктар, туугандар, текшерүү органдары менен да түшүнүүчүлүк орун алат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жакынкы эки аптада жумушка жана ден соолукка жакшы көңүл буруңуз. Анткени бул күндөрү кесиптештердин колдоосуна ээ болосуз. Айлык акыңыз жогорулайт же кайсы бир булактардан колуңузга акча тиет. Дыйканчылык, мал чарбасы кубантат.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакынкы күндөрү балдарыңыз кубаныч тартуулайт. Эски сүйгөнүңүзгө жолугушуңуз да толук ыктымал. Адамдар менен алака жакшырып, жубайыңыздын сый-урматына ээ болосуз. Көңүлгө жагымдуу эс алуулар, салмактуу сүйлөшүүлөр болот. ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ата-энеңиз же жашы улгайган туугандар менен көңүл эргиткен сүйлөшүүлөр жүрөт. Үй чарба, жер тилке, оңдоп-түзөө иштери жакшы бүтөт. Ден соолук, жумуш жааты да жаман болбойт. Медициналык кароодон өтүп коюңуз. Ийгиликтер кийинки жумага чейин созулат.ЧАЯН (24.10-22.11)
Жашы өткөн туугандарыңыз, кошуна, эски досуңуз менен баарлашасыз. Түшүнүүчүлүк жогорку деңгээлде өтөт. Сүйгөнүңүз же балдарыңыз кубантат. Документ, окуу иштери ойдогудай орундалат. Эски долбоорлорду ишке ашырууга аракет жасаңыз. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жеке иштериңиз жакшы орундалат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге көңүл ачкан учурлар болот. Азыраак суммада акча келиши күтүлүүдө. Бул акчалар негизинен элдеги карыз же кредиттик акчалар болушу толук мүмкүн. Буюм сатып алуу үчүн ыңгайлуу мезгил.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өзүңүздүн кадырлуу, баалуу адам экениңизди байкайсыз. Сизге көңүл бурушат. Тоскоолдуктар азайып, ишиңиз алга жылат. Жакынкы чөйрөдөгүлөр, бир туугандар менен маанилүү сүйлөшүүлөр жүрөт. Сапарга чыгасыз же жагымдуу кабар угасыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жабык типтеги ишканалар: оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекемелерден кабар алып келүүгө туура келет. Барганыңыз туура. Сиз бул тармактар аркылуу киреше табасыз же кандайдыр бир утушка ээ болосуз. Сыр ката билиңиз.БАЛЫК (20.02-20.03)
«Эски дос эстен кетпейт» деген сөздү аргасыздан эстейсиз. Анткени бул аптада эски дос, тааныш, кесиптештерге жолугасыз. Алардын сый-урматына ээ болосуз. Кайсы бир үмүттөрүңүз орундалат. Таасирдүү тааныштарга кайрылып көрүңүз. Жыйынтыгы сизди кубантат.