КЫРГЫЗ ФУТБОЛУНА ЖАҢЫ ДЕМ БЕРГЕН СЕМЕТЕЙ СУЛТАНОВ

2012-жыл, декабрь. Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын рейтингинде 199-орунда. 2018-жыл, декабрь «Ак шумкарлар» рейтингде 91-сапта. 6 жыл ичинде өлкөбүздөгү футболдун деңгээлин көтөрүүгө жетишкендердин сап башында Семетей Султанов турат.

Толук аты-жөнү
– Султанов Семетей Алымбаевич
Туулган күнү, жылы – 23-апрель, 1980-жыл
Туулган жери – Фрунзе шаары
Билген тилдери – Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт
Учурда – Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы

ФУТБОЛДУ СҮЙГӨН ЭКОНОМИСТ

Каарманыбыз кичинекей кезинен футбол оюнуна жакын болуп чоңойгон. 5 жашынан баштап «Семетей-80» командасында ойногон. Кийин 1998-2004-жылдары мини-футбол боюнча «Кани» командасында ойноп, өлкөнүн чемпиону болууга жетишкен.

2003-жылы Бишкектеги Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультетин аяктаган. Кесиби боюнча экономист. Алгач иш тажрыйбасын өзүнүн кесибине байланыштуу иштеп баштайт. Андан кийин «Манас» эл аралык аэропортунда жана «Газпром нефть Азия» ишканасында түрдүү кызматтарда эмгектенген. 2011-жылдан баштап жеке ишкердик кылып келет. 2012-жылы август айында футболду өнүктүрүү боюнча коомдук фондун түзүп, анын президенти болгон. Ошол эле жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланган. 2016-жылы ноябрь айында 2-ирет бул кызматка шайланган.

Семетей Султанов коомдук ишмер Алымбай Султановдун уулу жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы.


ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕГЕН АРАКЕТТЕР

Султанов Футбол федерациясынын жетекчилигине келген кезде өлкөдө футбол жан кейиткен абалда эле. Жаңы президент федерацияга өзү менен кошо жаштардан түзүлгөн команда алып келди. Кызматына келгенден баштап ФИФА, АФК уюмдары жана башка мамлекеттердин федерациялары менен байланыш түзүүгө жетишти. 2013-жылы Катар мамлекетинин Футбол федерациясы менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ал өлкөнүн колдоосу менен 2015-жылы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионуна заманбап жарыктандыруучу каражаттар орнотулду. Эми күйөрмандар үчүн ыңгайлуу болгон кечки убакытта дагы футболдук оюндарды уюштурууга мүмкүн болуп калды.

2014-жылы АФКнын Чакырык кубогунун финалдык баскычында биздин курам ийгиликсиз оюн өткөрүп, жеңилди. Бул окуядан кийин федерация жаш, бирок таланттуу орусялык адис Александр Крестининди улуттук курама команданын башкы машыктыруучулук кызматына алып келди. Крестинин буга чейин Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубун жетектеп, Кыргыз Республикасынын чемпиондугун жеңип алганга жетишкен. Султанов, Крестинин экөөнүн тандеми келечекте бийиктиктерге жетерин ким билиптир...

Жаңы президенттин келиши менен Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы жандана баштаганын АФК дагы баамдады. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы АФКнын «Жылдын эң умтулган федерациясы» наамын жеңип алган.

Виктор Майер, Эдгар Бернхардт, Виталий Люкс сыяктуу кыргыз жергесинде төрөлүп бирок чет өлкөдө ойногон оюнчуларды командага тартып, улуттук курамды күчтөндүргөндүгү федерациянын дагы бир алгылыктуу иштеринин бири десек болот.


КЫРГЫЗ ФУТБОЛУ ТИРҮҮ ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕГЕН ОЮН

2015-жылдын 16-июнунда Бишкекте 2018-жылкы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Азиянын чемпиону Австралия менен ойношту. Бул күнү Англиянын биринчилигинде ойноп келишкен Тим Кейхил, Миле Единак сыяктуу дүйнөлүк футбол жылдыздарын көрөбүз деп стадионго күйөрмандар батпай калды. Оюн 1:2 эсебинде жеңилүү менен аяктады. Бирок эң кызыгы келген күйөрмандар австралиялыктардын оюнуна эмес, кыргыз жигиттеринин ойногонуна баа берүү менен кыргыз футболу тирүү экенин билишти.


ЭЛДИН СҮЙМӨНЧҮЛҮГҮНӨ АЙЛАНГАН КОМАНДА

2019-жылы улуттук курама команда өз тарыхында алгачкы ирет Азия Кубогунун финалдык этабында оюн көргөзүштү. Мелдеш башталганга чейин көпчүлүк футбол серепчилер Кыргыз өлкөсүн алсыз курамалардын катарына киргизген. Бирок «Ак шумкарлар» алгачкы оюнунда эле серепчилерди таң калтырды. Натыйжада улуттук курама тайпадан плей-оффтук баскычка чыгуу менен күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Жарым чейрек финалда БАЭге каршы оюнду ар бир экинчи кыргыз көрдү. Оюндан кийин интернет ааламында, көчөдө, жумушта, коомдук жайларда элдин баарынын сүйлөгөнү футбол болду. Эми кыргыздар көк бөрү, күрөштү гана эмес, футболду да мыкты ойнойт жана жакшы көрүшөт.


ЭМИ АФКга КЕТЕБИ?

10-январь күнү өлкөнүн футбол федерациясын 6 жылдан бери жетектеп келген Семетей Султанов күйөрмандар үчүн күтүүсүз чечимге барды. Ал өзүнүн каалоосу менен бул кызматтан кетип жатканын билдирди. Бирок Семетей мырза федерациянын президенттик кызматынан кетип жатканы менен, ал футбол ааламында каларын жана бул спорттун өнүгүшү үчүн өз күч аракетин жумшаарын баса белгиледи.

Буга чейин Семетей Султанов АФКнын вице-президенттик кызматына өз талапкерлигин көрсөткөнү белгилүү болгон.

Кыргызстандын футбол боюнча федерациясынын мурунку президенти Семетей Султанов «Даңк» медалы, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин «Данакер» ордени жана «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Футбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев «Даңк» медалы менен сыйланышты. Калган оюнчуларга Ардак грамота жана кол сааттар тапшырылды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда кол койгон.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aikan1966
2019-01-29 12:14:48
Семетей азаматсын.
+3
tular
2019-01-30 19:49:05
Эн сонун жыйынтык...
+2
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан