(Башталышы өткөн санда)
Эр ортону элүү жашын абакта отуруп тоскон, "адилетсиз, саясий куугунтуктан улам соттолду" деп көпчүлүк элдин көңүлүндө турган саясатчы Садыр Жапаров менен маегибизди улантабыз. Бул ирет Садыр мырза "Кумтөр" боюнча депутаттык иликтөөлөрүндө кандай тоскоолдуктарга туш болгону, абактан чыкса биринчи эмне иш жасай турганы тууралуу кепти улантты.
– Садыр мырза, сиз 2010-жылга чейин деле депутат, комиссар болгонсуз да. Мурда эмнеге "Кумтөр" маселесин айтып чыккан эмессиз?
– Туура. Биринчи жолу 2005-жылы бир мандаттуу округдан депутат болуп келдим. Революция болду. Президент болуп Курманбек Бакиев шайланды. Ошондон баштап эле «Кумтөр» маселесин көтөрдүм. Жогорку Кеңештин архивдеринде материалдар сакталып турат. Ошондо комиссия түзүлүп, төрага болуп Кубанычбек Исабеков шайланган. Мен ал комиссияга кирбей калгам. Себеби «ар бир облустан бирден эле депутат болсун» деген чечим чыккан. Ошол үчүн Ысык-Көл облусунан Кубанычбек Исабеков кирген. Ал ошол Жети-Өгүз районунан депутат болуп келген эле да. Ошентип ал төрага болуп 2010-жылга чейин текшерип жүрдү.
Ооба, комиссар да болдум. Бирок ал убакта менин «Кумтөрдү» текшергенге кыпындай да укугум жок эле. Анын үстүнө «20 жылдан бери Кыргызстанды «Кумтөр» жыргатып жатат» деп ишендирип келишпеди беле? Баарыбыз эле ишенчү эмес белек? «Кумтөр» менен кандай келишим түзүп жатышканы тууралуу өкмөт маалымат берчү эмес. «Укмуш сонун келишим болду. Мурдагыдан да жыргамай болдук» деп коюшчу эмес беле? «Ии, чын экен» деп ишенип отура берчүбүз.
Кыргызда жакшы сөз бар го, «аты улук, супарасы курук» деген. Анын сыңарындай, аты дүңгүрөп «комиссар» деп айтылганы менен, мыйзамдар боюнча «Кумтөр» эмес, бир жөнөкөй ишкананы текшергенге укугум жок эле. Тергөөсү, оперативдик кызматы жок агентчилик болчу. Ошентсе да бир жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштерди жасадык. Бир жылдан кийин биздин агенттикти жоюп жиберишти. Ошентип 2010-жылы экинчи жолу революция болду. Кудайдын буйругу менен кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп келдим. Ошондо комиссия түздүрүп, төрага болуп шайландым. Мына ошондо гана толук текшерип чыгууга мүмкүнчүлүк алдым. Укмуштуудай жан кейиткен тоскоолдуктарга карабай иштедим. Балким, менин ордумда башка бирөө болсо «тойдум байдын кызына» деп аягына чыгарбай таштап кетип калмак. Биздин бийлик менен канадалык ишкерлердин кыргызга кылган кыянаттык кылмыштарынын баарынын бетин ачып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жарыялап салдым. Тилекке каршы, көпчүлүк депутаттар колдобой коюшуп, «Кумтөрдү» мамлекетке ала албай калдык. Эл тарапта болгон мекенчил депутаттар азчылыкты түзүп калдык. Атамбаев менен Бабанов да караманча каршы болуп туруп алышты. Бабанов Жогорку Кеңешке келип, сессияда ачык эле сөз сүйлөп, депутаттарды тескери үндөдү: «Урматтуу депутаттар! Каршы добуш бериңиздер! «Кумтөрдө» чет өлкөлүк 20 миң акционерлердин кызыкчылыгы бар, алар эмне болот?» деп. Бабановду алты миллион кыргыз элинин кызыкчылыгы ойлондурбады. Анысы аз келгенсип, мен жалдаган кырктай экспертке эмгек акысын төлөп бербей койду. 300 миң доллар сарпталмак. «Өкмөт төлөп берсин» деп Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. Ошого да баш ийбей, бир тыйын бербей койгон. Мен ар кимге жалдырап жүрүп мекенчилдерден 150 миң доллар топтоп, эксперттердин жарым акчасын төлөп бергем. Жарымын албай калышты. Мамлекеттин бир тыйынын короткон эмесмин. Кийин Сариевдин өкмөтүндө комиссия түзүшүп, ага алты миллион доллардын тегерегинде акча беришти. Ошого жараша пайда алып келе турган жыйынтык болгон жок. Бүгүнкү күнгө чейин «Кумтөр» элге кыянаттык кылгандардын колунда кала берди.
– Сиздин соттолушуңузга «Центерранын» таасири болушу мүмкүнбү?
– Жакында эле Өмүрбек Текебаев айтып чыккан экен, «Садыр Жапаров заказ менен камалган» деп. Гезиттерден окуп калдым. Ал киши жети жыл бою бийликтин эң бийик чокусунда турду. Демек, бул иштен ал толук кабардар. Текебаев жөндөн-жөн эле бир нерсени айтпайт. Эл ичинде айтылып жүргөн пикирлер да туптуура. Эч күмөнсүз. Биз, үч депутат биринчи жолу 2012-жылы камалганда дагы заказ менен камалганбыз. Ташиевдин тосмодон секирип кеткени күтүүсүз кокустук, кенебестик болгон. Ал күнү ызы-чуу болбогондо башка күнү бир шылтоо таап, баары бир камашмак. Бирок мени жалгыз камашмак. Ташиев менен Мамытов мени менен кошо камалып, жөн эле азап чегип калышты.
«Эл үчүн иштейм» деп, бирок парламентке жетип алгандан кийин элди алдап, саткын болгон эл өкүлдөрү менен бийлик төбөлдөрүнөн колдоо таппай калганда коомчулукка так маалыматты жеткирип коёюн деп митинг уюштурдум эле. Анткени сессияда эмне болгонун КТРКдан же башка ТВлардан таптакыр көрсөтпөй коюшту. Ошон үчүн Бишкекте митинг өткөргөн элем. Ташиевдин тосмодон секирип кетүүсү, албетте, мен үчүн күтүүсүз болду. Бирок досумдун ошондогу абалын түшүнөм. Ал дагы мекенчил жигит катары бийлик башындагылардын сатылып кеткенине ичи ачышты. «Кумтөрдүн» абалын ал да толук билет эле. Ошон үчүн ал байкуш да митингде, сессияларда «Кумтөр» элге өтсүн» деп чырылдап жүрбөдүбү. Ошентип ал жылы үчөөбүз камалып кеттик. Бийлик КТРК колунда болгондон кийин болушунча шыбап, «булар «Кумтөрдү» шылтоо кылып бийликти басып алганы келишти» деп элге жаман көрсөтүп койду. Камчыбек Ташиев элди Ак үйдү көздөй ээрчиткенде «депутаттардын кабинеттерине барып жатабыз, «Кумтөрдү» бүгүн чечебиз» деген кыйкырык салганы чын. Бирок анын оюн кийин сурасам, «эмне үчүн өлкөбүздөн миллиарддаган долларлар чыгып кетип жатса, убакыт коротуп күтүп жатабыз? Элдин күчү менен депутаттардын кнопкаларын «макул» деп бастырабыз, «Кумтөрдү» бүгүн эле элдин пайдасына чечебиз» деп ойлогон экен. Эл ал убакта бири түшүнсө, бири түшүнбөй калды. Убакыт өтүп, кеч болуп калгандан кийин түшүнүшөт экен. Көпчүлүк эл эми түшүнүп жатат.
Бирок Кыргыз мамлекети, кыргыз эли көп нерседен кечиктик. Бир жылда бир миллиард доллардын алтынын чыгарып кетип жатышат. Акыркы сегиз жылда 8 миллиард доллардын алтыны чыгып кетти. Бул кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү. Көмүскөдө канча баалуу металлдар чыгып кетип жатат, аны бир Кудай өзү билет. Биз болсо
«5 миллиард долларлык сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз?» деп кейип отурабыз. Макул, мурда «Кумтөр» жыргатып жатат десе ишенип, 20 жыл бою билбей жүрүптүрбүз. 8 жыл мурда билдик. Эң жок дегенде ушул акыркы сегиз жылдык алтынды өз элибиздин пайдасына алып калсак жакшы болбойт беле? Мына ушундай талаптарды койгонум үчүн заказ берилип мени камакта кармап жатышат. Алар калган алтындын баарын чыгарып кеткиче эч ким тоскоол болбошун каалашат. Эмне үчүн бүгүнкү күндө төбөсү көрүнгөн, мен кыргыздын каймагымын дегендер «Кумтөр» маселесин көтөрүп чыкпайт, унчугушпайт? Себеби бул маселе жети баштуу ажыдаардай. Беш секундда каматып коюшарын абдан жакшы билишет. Ошол үчүн бийликтин «салык төгүп жатат, казынаны толтуруп жатат, эл аралык сотко берсе утулуп калабыз, «Кумтөрдү» мамлекетке албашыбыз керек» деген өңдүү ар кандай калп шылтоолоруна ишенимиш боло беришет. «Кумтөрдү» мамлекетке алсак эл аралык соттон биз утулбайт элек. Себеби 2012-жылы БУУдан «бул – эл аралык келишим эмес» деген справка алгам. Утулбашыбызга дагы башка бир топ негиздер бар. Ушунун баарын "Центерра" жакшы билет. Ошол үчүн мен абакта жатам. Элестеткиле, дагы он чакты миллиард доллардын алтыны калды. Аны чыгарып кеткиче мен камакта жатканым аларга жакшы да.
– Эгер эркиндикке чыгып калсаңыз биринчи кадамыңыз кандай болот? Эмнелер менен алек болосуз?
– Кадамдарымды кырдаалга жараша көрөбүз. Ал эми пландарым болсо, биринчи кичи мекениме барып, атамдын көрүстөнүнө куран окуп келем, андан келип, энемди Меккеге алып барып келем деген планым бар.
– Парламенттик шайлоого катышууга аракет кыласызбы?
– Сөзсүз. Эгер ага чейин камактан чыкпасам биздин «Мекенчил» партиябыз катыша берет. Кийинки шайлоодон өтүш абдан оор болот. Анткени мурда өтүү босогосу 5 пайыз болсо, азыр 9 пайыз болуш керек эле. Ошол үчүн чоң партиялар, чоң күчтөр биригиш керек. Биз дагы башкалар менен бириккенге аракет кылабыз. Бириге албасак тобокелге салып, өзүбүз деле катыша беребиз.
– Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков менен биргеликте «Ата Журт» партиясын түптөп, 2010-жылы революциячыл партияларды артта калтырып, парламентке эң көп мандат менен келдиңер эле. Эмнеликтен «Ата Журт» ал ийгилигинде сакталып кала албады?
– «Ата Журт» партиясын 2006-жылы эле түптөгөнбүз. 2010-жылы революциядан кийин шайлоого катыштык. Убактылуу өкмөттөгүлөргө Кудай берип салды. КТР, ЭЛТР жана башка бийликке таандык бардык ММКлардан «Мына, «Ак Жол» партиясынын атын өзгөртүп, «Ата Журт» кылып койду. Бул Бакиевдин партиясы, Бакиев акча берип жатат» деп шыбап туруп алышты. Кудай көрүп турат го. Бакиевдерден бир тыйын алган жокпуз. Республикалык штабды өзүм жетектеп турдум. Канча акча кимден түштү, кайсы жакка жумшалды, бир тыйынга чейин өзүм көзөмөлдөдүм. Талапкерлер өзүбүз каржыладык. Ошол шайлоодо биз үчүн түндүктөн бир добуш алыш түштүктөн үч добуш алган менен барабар болду. Бизди Бакиевдердин партиясы кылып көрсөтүп салышты. Абдан кыйын кырдаалда биринчи орунду багындырдык. Кийин парламентке келгенде фракциядагы анча-мынча депутаттардын жеке кресло, чөнтөк кызыкчылыктары үчүн ынтымакты сактай албай чачырап кеттик.
(Уландысы кийинки санда)
(Маекти уюштурууга жардам берген адвокат
Шарабидин Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз)