МАКСИМ ГАЛКИНДИН 40 МИЛЛИОН ЕВРОЛУК СЕПИЛИ БАР

Максим Галкин. Бул инсанды жанынан көрбөсөңүз да, теле аркылуу бет маңдай кезигишесиз. Ырчы, шоумен, телеалпаруучу, жөн гана таланттуу мырза. Галкин кандай үйдө жашап, кандай темир тулпар минери баарыбыз үчүн кызыктуу.

ГАЛКИН ЖӨНҮНДӨ...
Туулган жылы – 1976-жыл, 18-июнь
Туулган жери –
Орусия, Москва шаары
Кесиби – лингвист

Максим Галкин 2001-жылдан тарта “Ким миллионер болгусу келет?” телеберүүсүн алпарып, дал ушул көрсөтүү аны популярдуулукка жеткирген. Ошондон тарта куудулдук, пародия, алпаруучулук, ырчылыкты бирдей алып кеткен бул адам бүгүнкү күндө Орусиядагы атактуу, бай инсандардын катарында. Мисалы, Москванын четиндеги Грязь айылына салган сепилин алып көрөлү. Бул сепил Максимдин планы менен 2006-жылдан баштап курулган. 1 гектар жерден орун алган сепилдин өзгөчөлүгү – классикалык викториандык стилде курулуп, жасалгаланган. Мындай стилди көбүнчө британиялыктар колдонушат. Ал эми ичиндеги эмеректер жалаң антиквариат (сейрек учуроочу эски китептер, сүрөттөр, эмеректер ж.б.).
Атактуу шоумен сепилдин сырткы курулушуна 10 миллион евро, ичине 30 миллион евро сарптаган. Максим бул вилласын куруп баштаганда ар бир деталын кылдаттык менен ойлонгон. 20 бөлмөдөн курулган сепилдин бешөө атайын конокторго арналган, экөө үй кызматкерлерине тиешелүү. Үй кызматкерлери орус эмес, филиппин улутундагылар. Алар үй ичиндеги сөздөрдү, сырларды сыртка чыгарышпайт деген максатта алынган. Үйдөгү дагы бир өзгөчөлүк – муран айнегинен жасалган люстра. Мындай люстра буга чейин орус падышасы Николай IIнин гана сепилинде болгон.

  1. Үйдүн босогосун аттап кирериң менен таш меши бар чоң бөлмөгө туш келесиң. Ал бөлмөдөн ашканага өтүп кетүүгө болот.
  2. Мындай чоң сепилдин экинчи кабаты "кышкы бак" деп аталат. Жазды жактырган ырчы "кышы-жайы дебей жашыл түстү көрүп, бул бөлмөдөн чоң энергия топтоп чыгасың" дейт.
  3. Жер төлө. Бул жерден шоумен конокторуна ар жылдагы шарапты таап бере аларын баса белгилейт.
  4. Жер алдындагы унаа токтоочу жай.
  5. Галкин таң эрте ойгонуп, ал жердеги бассейнге түшүп, анан тамактанат.
  6. Ашканасы. Жаңы технология менен камсыз болгон бул бөлмө баш-аягы 700 миң еврого жасалгаланган.
  7. Даараткана.
  8. Астрономиялык, метеорологиялык байкоолорду жүргүзүү үчүн атайы жабдылган бөлмө. Жан дүйнөсү жалгызсыраганда, жымыңдаган жылдыздарга көз салып, суктанат.
  9. Галкиндин уктоочу бөлмөсү.
  10. Лифт жана оюу түшүрүлгөн тепкич.
  11. 4-кабат телеалпаруучунун китепканасы.”Ким миллионер болгусу келет?” телеберүүсүн алпаруу үчүн ушул бөлмөдө далай даярданып, түн өткөрчү.
  12. Максимдин примадонна Алла Пугачёва менен чогуу жашаганы эч кимге сыр эмес. Бул бөлмө расмий түрдө Пугачёванын бөлмөсү делинет. Ал примадоннанын каалоосу менен жалаң кызыл түстө жасалгаланган. Учурда экөө чогуу жашашат. Кол үздү деген маалымат тактала элек.
  13. Үй кинотеатры. "Москвадагы анча-мынча кинотеатр чын-чынында бул бөлмөнүн жанында жөн гана “эс алат” дешет Максимдин санаалаштары.
  14. Конок күтүүчү жай. Максим көбүнчө шаардын ызы-чуусунан тажап, убактысын сепилде өткөрүүнү каалайт. Анан конок күтүүнү жактырган мырзанын бул бөлмөсү коноктон арылбайт.


Дүйнөлүк жаңылыктар

“КОРНИ” ТОБУНДА ТОЛУК ӨЗГӨРҮҮ
“Жылдыздар фабрикасы” долбоорунан чыккан “Корни” тобунан Павел Артемьев менен Александр Асташенок кетти. Асташенок менен Артемьев мындан ары жеке ырчы болсо керек деп ойлоп жатсаңыз, жаңыласыз. Алардын алдыдагы планында мыкты роль жаратуу турат.
Ал эми топко Дмитрий Пакуличев аттуу жигит алынды. Эми “Корни” квартет эмес, трио. Продюсер Игорь Матвиенконун айтымында, топтун имиджи, стили да өзгөрөт.

ЛИНДСЕЙ ЛОХАН ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ
Белгилүү модель, актриса, ырчы Линдсей Лохан үч айга эркинен ажыратылды. Буга чейин актриса бир нече жолу мас абалында машина айдап, полиция кызматкерине кармалган. Көптөгөн эскертүүлөрдү алган актриса болбой эле бул жоругун уланта бергени үчүн эркинен ажырап отурат. Сот үч ай түрмөгө отуруп чыккан соң ичкичтиктен дарыланышы керектигин айтууда.

ПУГАЧЁВАГА ШАШЫЛЫШ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ
Алла Пугачёванын көзү караңгылап, көкү­рөгү кысылып, дарыгерлерге кайрылган. Алар тезинен операция жасоо керектигин айтышкан. Ошентип, примадонна Израилдеги орусиялык олигарх Михаил Прохоровдун элиталык клиникасында операция жасатууну туура көрдү.
Эскерте кетсек, буга чейин пластикалык операциядан тышкары кант диабетинен жабыркаган жана күтүүсүз өсүп чыккан кистасын алдыруу үчүн операция жасаткан.

ПАВЕЛ ВОЛЯ ҮЙЛӨНӨТ
"Comedy Club" теледолбоорунун жылдызы Павел Воля үйлөнүүнү чечти. Павел Марика аттуу сүйгөн кызы менен буга чейин бир нече жолу таарынышып кеткен. Ошого карабай артист сүйгөнүнүн колун сураганда сунушту Марика кубануу менен кабыл алды. Той качан болору азырынча белгисиз.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан