Жакында Ош облусунда 40 жаштагы кишини бирөөлөр катуу сабап, тоого таштап кетишкени белгилүү болду. Буга сабалган киши 48 миң сом карыз алып, аны төлөбөй жүргөндүгү себеп болгон. Сабалган киши оор абалда ооруканада, ал эми аны сабаганга шектелип кармалган 3 жигит тергөө абагында. “КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП 3 ЖИГИТ КАРМАЛДЫ”
Ош облустук ИИББинин маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2019-жылдын 14-январь күнү саат 11 жарымдарда Ноокат РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан 40 жаштагы адамдын оор абалда түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзгөн. Жабырлануучу 1979-жылы туулган Икрамжан аттуу Ноокат районунун Гүлистан айылынын тургуну болуп чыккан. Анын колу-буту, кабыргалары сынып, мындан сырткары бутуна ок да тийгени аныкталган. Башынан оор жаракат алган, арматура менен башына чабышкан экен.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгисиз 3 адам жабырлануучуну үйүнөн күчтөп Honda SRV үлгүсүндөгү унаага отургузуп, тоого алып чыгышканы белгилүү болду. Тоого алып чыгып аны арматура менен сабап, бутуна атып салышкан. Жабырлануучу аны сабаган жигиттердин бирине 48 миң сом карыз болуп, аны кайтарбай жүргөн экен. Кылмышка шектүүлөр аны өлдү деп ойлоп, тоого таштап кетип калышкан. Жабырлануучуну эс-учу жок абалда жаткан жеринен жергиликтүү тургундар көрүп калып, “Тез жардам” чакырышкан.
Ыкчам иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 1996-жылы төрөлгөн Р.Н., К.Н. жана 1997-жылы төрөлгөн М.А. аттуу тургундары кармалып, Ош шаарындагы СИЗОго киргизилген. Кылмышка шектүүлөрдүн биринин унаасынан 2 темир арматура жана ИЖ-17 үлгүсүндөгү 16-калибрдеги кыскартылган мылтык табылган. Бул кылмыш боюнча Ноокат РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
“ЭМНЕГЕ САБАП, АТЫШКАНЫН БИЗ ДА ТАК БИЛБЕЙБИЗ”
Жабырлануучу учурда Ноокат райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жабырлануучу Икрамжандын бир тууган жээни Акматали таякеси бирөөлөргө карыз экендигин билбесин айтат:
– Таякем үй-бүлөлүү, 4 баласы бар. Агасы 1-топтогу майып, анын да 4-5 баласын кошо багат. Эл катары Орусияга барып келип иштеп жүргөн. Акыркы жолу 1-2 ай мурун үйүнө келген эле. Ооруканага түшкөн күнү башына операция жасалган. Абалы азыр туруктуу эле, өзүнө келгенде эс алдыруучу дарыларды сайып коюп жатышат. Ошондуктан эмне болгонун бизге да айтып бере элек. Колу-буттары сыныптыр, бутуна мылтык менен атышыптыр. Кечээ (ред.: 22-январь) тергөөчүлөр ооруканага келишкен, бирок “абалы дагы деле жакшы эмес экен. Жакшы болгондо сурайбыз” деп кетишти.
Таякемди сабаган балдарды мен тааныбайт экенмин, алардын кимдер экендигин, эмне иш кылып жүргөнүн да билбейм. Таякемдин бирөө-жарымга карыз экендигин деле укпаптырмын, карыз болгон күндө деле ушунчалыкка барган такыр туура эмес. 40-50 миң сом үчүн адамды ушундай абалга жеткиче сабап, атышабы? Биз деле эмне болгонун азырынча так билбейбиз. Айыгып кетишин эле тилеп отурабыз, өзүнө келгенде эмне болгонун айтып берет да.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg