КОМПАНЬОН БАНКЫНАН «ОПОҢОЙ» АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ ТҮРКИЯГА ЭКИ АДАМГА САЯКАТ ЖАНА IPHONE X САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ ТАПШЫРЫЛДЫ

Акча которуулар боюнча «ОПОҢОЙ» акциясы 2018-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин үч этапта өткөрүлдү. Акцияга катышуу үчүн акча которуулардын «Золотая Корона», «ЮНИСТРИМ», Contact жана Western Union эл аралык системалары боюнча жеткиликтүү бардык валюталарда акча каражаттарын жөнөтүү жана алуу зарыл болгон.


Биринчи эки этаптын жыйынтыгы боюнча Компаньон Банкынын бүтүндөй Кыргызстан боюнча 60 кардары баалуу байгелерди: сыналгыларды, ноутбуктарды, планшеттерди, смартфондорду жана тиричилик техникасын утуп алышты.


Экинчи баш байгенин ээси Жалал-Абад облусунун тургуну Назира Токсонова болду:

– Компаньон Банкынан iPhone X деген телефон утуп алып, өтө кубанып турам. Компаньон Банкында мен бир жылдан бери тейленем. Бул жерде иштеген балдар жана кыздар өтө жакшы кабыл алышат.

2019-жылы Компаньон Банкы өз кардарларын баалуу байгелер жана белектер менен кубандырууну улантмакчы. Акцияларга катышыңыздар жана Компаньон Банкы менен бирге байгелерди утуп алыңыздар!


Кадамжай районунун тургуну Мирлан Сыдыков Компаньон Банкынын көп жылдан берки кардары. «ОПОҢОЙ» акциясына катышып, баш байгеге коюлган Түркияга эки кишилик жолдомону утуп алды:

– Көптөн бери Компаньон Банкынын кардарымын. Банктын кызматкерлери ушул акцияны жарыялагандан кийин катышып калдым. Жеңишке жетишем деп ойлогон эмесмин! Бизге күтүлбөгөн белек болуп калды. Буга чейин чет өлкөгө чыгып көргөн эмесмин, эми келинчегим менен барам.


Байланыш үчүн: www.kompanion.кg расмий сайтынан, +996 312 338800 жана 8800 телефон номери аркылуу (уюлдук телефондон чалуулар акысыз) кененирээк маалымат алууга болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан