Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Dota 2 компьютердик оюндары боюнча мелдеш өткөнү коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан учур. “Компьютердик оюндардын калктын маданиятын, рухий байлыгын көтөрүүгө эмне тиешеси бар?” деп бул иш-чаранын маданий очокто өткөрүлүшүнө нааразычылыктар айтылууда.
Театрдын башкы директору Болотбек Осмонов "киберспорт интеллектуалдык оюндун бир түрү" деп актанды. Ошондой эле “залды ижарага берүүдө эч кандай мыйзам бузууларга жол берилбеди” дейт.
Мындай көрүнүш Опера жана балет театрында биринчи ирет болуп отурган жок. Апрель революциясынан кийин Кыргыз өлкөсүнөн качып кеткен Данияр Үсөновдун уулу Марат мырза 2015-жылы театрдын сахнасын ресторанга айлантып, туулган күнүн өткөргөнү коомчулукка жарыяланып кеткен. Өзгөчө шаң менен өткөн ал майрамга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана ишкерлер катышканы катуу сындарды жараткан.
Айрым адамдар бул маданий иш-чаралардын очогун ЗАГСка айлантып жиберишкени да белгилүү болду. Интернеттеги социалдык тармактарда Акаевди бийликтен кууган революционерлердин катарында болгон Эдил Байсалов 2006-жылы Опера жана балет театрын ЗАГСка айлантып, нике каттоо аземин театрдын залында өткөргөнү тууралуу маалымат жана сүрөттөр жарыяланды. Ушул эле театрда 2003-жылы музыканттардын коштоосу менен чоң шаан-шөкөттүү той да болгон. Анда президент Аскар Акаевдин баласы Айдардын үйлөнүү тою болгон.
Айтор, Кыргыз өлкөсүндө маданиятка мамиле ушундай.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg