УНААЛАРДЫН АЙНЕГИН КАРАҢГЫЛАТУУДАН АКЧА ИШТЕП ЖАТЫШАТ

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги жөнүндө жобого ылайык, унаалардын терезелерин караңгылатууну тескөө Транспорт жана жолдор министрлигине жүктөлгөн. Аталган министрлик жолдогу унаалардын терезелерин кандай жол менен текшерип, кантип тартипке салары, кантип айып салары такталган эмес. МАИ кызматкерлери текшербей калган соң көчөлөрдө айнектери караңгылатылган унаалар жайнап кетти. Бир айда эсине келген өкмөт аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жиберди. Ал мыйзам долбоору боюнча унаанын айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айып пул салуу милдети кайрадан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүп берилмекчи. Бул биздин мыйзам чыгаруу өкүлдөрүнүн мыйзамды кабыл алууда анын ишке ашырылышына көңүл бурбаганын далилдейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов унаалардын айнегин караңгылатууга жарандарга уруксат берели деп сунуштады. “Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаттары өзгөчө комбинациядагы унаа номерлерин аукцион аркылуу сатуу боюнча мыйзам кабыл алып, ошонун натыйжасында канчалаган миллион сом бюджетке пайда түшкөн. Азыр айнекти караңгылатканды 500 доллар кылып койбойсуздарбы”,- дейт депутат. Бул пикир башка эл өкүлдөрүнүн да колдоосуна ээ болду. Депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштырууну колдоорун айтып, тиешелүү мыйзам долбоору даяр экенин билдирди.

Бул аралыкта Транспорт жана жолдор министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте унааларын караңгылатып алгандарга рейд жүргүзүп, 1 күндө 94 айдоочу кармалып, 282 миң айып пул салынды. Ошентип өкмөт жана айрым ишкерлер айнектерди караңгылатууну каалаган элдин чөнтөгүнөн олчойгон акчаны иштеп калышты.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан