БИЙЛИК "АТА МЕКЕНДИ" ИЧТЕН ЫДЫРАТУУНУ КӨЗДӨП ЖАТАБЫ?

Өткөн жылдын 20-декабрында Кыргыз мамлекеттик циркин 14 жыл жетектеген Курмангазы Исанаев эмгек жамаатынын көптөгөн нааразычылыктарынан улам кызматтан бошотулган. Ошондон бери бул кызматка келүүчү талапкерлер боюнча тартыш жаралып, эмгек жамаат кайрылууларынан жыйынтык чыкпаган соң Ак үйдүн алдына митинг өткөрүүгө чейин жетти. Цирк өнөрпоздорунун өтүнүч-талабы жөндүү эле. Алар “жетекчиликке биздин ишти ичинен билген, цирктин көйгөйлөрүн түшүнгөн адам келсин, кесиптешибиз Аида Акматованы дайындап бергиле” деп суранышты. Бирок өнөрпоздордун өтүнүчү колдоо таппады. 24-январь күнү маданият жана маалымат министри буга чейин “Айтыш” коомдук фондунда иштеп, айтыш өнөрүнө колдоо көрсөтүп келе жаткан Фархад Бекманбетовду директор кылып дайындады.

Фархад Бекманбетов "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү, учурда Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынан депутат катары иштеп жаткан Садык Шер-Нияздын кадры катары белгилүү. Буга чейин Бекманбетов "Ата Мекендин" парламентке депутаттыкка талапкерлер тизмесине кирип, ушул фракциянын квотасы менен маданият жана маалымат министринин орун басары кызматында иштеген. Цирк өнөрпоздорунун көптөгөн өтүнүч-талаптарына, аракеттерине, каршылыгына карабай бул адамдын директорлукка дайындалышы суроо жаратат. Бийлик адилетсиз абакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин командасына айрым кызматтарды берүү менен "Ата Мекенди" ичтен ыдыратууну көздөп жатабы?

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан