2018-жылы Улуттук банктын эл аралык валюта резервинин көлөмү 21 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА азайган.
"Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенет" деп камакка алынган табып ХАШИМ ЗАЙНАЛИЕВ бошотулду.
Жогорку Кеңеш Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын РАТИФИКАЦИЯЛОО тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Мигранттар өлкөгө жыл сайын 2 МИЛЛИАРД 5 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДАН ашуун акча которушат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Парламент комитетинде "Ак калпакка маданий символ статусун берүү жөнүндө" МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ жактырылды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги 375 АЙЫЛ ӨКМӨТ дотацияда экенин билдирди.
АСЕИН ИСАЕВ Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИНДИН Кыргызстанга мамлекеттик сапары март айына белгиленди.
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жашоо шарты оор балдардын МААЛЫМАТ БАЗАСЫН иштеп чыгууну тапшырды.
Интернет таратуучу "АКНЕТ" компаниясы тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталып, компания мамлекетке 150 миллион сом төлөп, келтирген чыгымдын ордун толтуруп берди.
УКМКнын МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ Мурат Суталиновдун оор илдетке чалдыкканына байланыштуу жазадан бошотуу тууралуу документтер сотко өткөрүлдү.
Жогорку Кеңеш транспорт министри кызматына 94 добуш менен ЖАНАТ БЕЙШЕНОВДУН талапкерлигин колдоду.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы: "ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ 2020-жылы февраль айында жатак-абакка которулат".
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.