Рэп аткаруучу Добрдун үйүндө экинчи жолу наристе үнү жаңырып отурат. Тактап айтканда, рэпер 22-январда экинчи ирет ата макамына ээ болду. Рэперге байланышканыбызда ал сезимдери менен төмөндөгүдөй бөлүштү:
– Кудай буюрса, кырк жылкылуу болдум. Учурда жубайым Жибек менен кызымдын абалы жакшы. 4-төрөтканада саат 21:45те көз жарды. Салмагы 3 килограмм 300 грамм, ал эми бою 50 сантиметр экен. Кыздуу болгон сонун сезим экен. Ысымын буга чейин эле тандап койгонбуз, бирок азырынча айтпай турайын.
Рэпер мырза жана жубайы Жибек 2016-жылы 19-августта тун наристелүү болушуп, уулуна Азирет деген ысым ыйгарышкан.