«Жигиттин кара торусу, кыздардын жүрөк оорусу” дегендей, кыргыз шоу-бизнесинин көз күйдүргөн бойдок жигити Бегиш үйлөнгөнү жатат. 26-январь күнү кыз узатуу тою боло турганы белгилүү болду. Бегиш кайсы сулуу менен кол кармашып жатат деп кызыксаңыз анда биз жооп алып берели:
– Ооба, жакында үйлөнгөнү турабыз. Азыр баары көңүлдөгүдөй кетип жатат. Сүйүктүүмдүн аты Толгонай. Жыйырма үч жашта. Америкада окуган, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, бирге түтүн булатууну туура көрдүк. Үйлөнгөндөн кийин толугураак маалымат беребиз деп ойлойм,- дейт ырчы жигит.
Жаштарга бакыт каалайбыз.