ДРЕСС-КОД КАЙДАН КЕЛИП ЧЫККАН?

“Сиз бул жерге кире албайсыз, сиздин кийимиңиз талапка жооп бербейт” деген сөздү бардыгыбыз өмүрүбүздө жок дегенде бир ирет уксак керек. Кандайдыр бир мекемеге кирүү үчүн же бир иш-чарага катышуу үчүн кийимиң тоскоол болуп калганы өкүндүрбөй койбойт. Негизинен эле дресс-код деген түшүнүк качан жана кандай ойдо пайда болгонуна сереп салып көрүүнү чечтик.

ИШИНЕ ЭМЕС, КИЙИМИНЕ БАА БЕРГЕН ДЕПУТАТТАР

16-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды. Алгач депутат Алмазбек Токторов Тынысовдон вице-спикердин кескин сындарынын коштоосунда эмне үчүн парламентке футболка кийип келгенин сурады. Тынысов бул абалды: "Бул футболка эмес, свитер. Жетекчибиз ооруп калганына байланыштуу мага бул жакка келеримди эртең менен эле айтышты",- деп түшүндүрдү. Андан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров "Жогорку Кеңеш базар эмес" деп сүйлөнүп өкмөт өкүлүнөн жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылды. Жыйынтыгында Тынысов жыйындан чыгып кетти. Эл өкүлдөрүнө өкмөт өкүлүнөн билим берүү тармагы боюнча суроолорго жооп алуу эмес, кандай кийинип келгени маанилүү болду көрүнөт.

Депутат Токторов менен Бакировдун өкмөт өкүлүнө карата жасалган бул мамилеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынды. Пикирлердин арасында көпчүлүктүн көзүнчө адамдын кийими тууралуу айтып, сынга алуу туура эмес дегендер басымдуу. Жыйынтыгында вице-спикер видео аркылуу Тынысовдон кечирим сураса, депутат Токторов үн каткан жок.

Мындай көрүнүш кыргыз парламентинде биринчи жолу болгон жок. Буга чейин да мындай окуялар болуп келген.

2008-жылы ал кездеги парламент төрагасы Адахан Мадумаров жыйынга галстугу жок келген министрдин орун басарын сыртка чыгып кайра кийинип келүүсүн талап кылган. 2012-жылы экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңеште иштеген кыз-келиндердин мини-юбка кийгенине каршы болуп, бардык кызматкерлерди талапка ылайык кийим кийүүгө милдеттендириш керектигин айтып чыккан. 2018-жылы июнь айында парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөттүн бир нече өкүлдөрү жыйынга галстугу, костюму жок, жеңи кыска көйнөк кийип келишкени үчүн сындаган.

2011-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти боюнча "Жогорку Кеңештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо" деп аталган 145-берененин 2-бөлүгүндө “Жогорку Кеңеште иштеп жаткан учурда депутаттар жана ага катышкан адамдар Жогорку Кеңештин расмий иш мүнөзүнө ылайык келген кийим кийип жүрүүгө тийиш” деп гана жазылган. Бирок расмий иш мүнөзүнө ылайык кийим кандай болуш керектиги так жазылган эмес.

ДРЕСС-КОД: СОЦИАЛДЫК АБАЛДЫН КӨРСӨТКҮЧҮ КАТАРЫ...

Бул терминдин келип чыгышына көңүл бурсак, адамдар ортосундагы социалдык абалдын өзгөчөлүктөрүн белгилеп туруу үчүн керек болгон. Мисалы, Рим империясында бардык жаран сенаторду кийиминин түсү аркылуу айырмалай билчү. Тагыраагы, сенаторлор сейрек кездешчү кочкул кызыл өңдөгү кийим кийишчү. Ал эми Кытайда сары түстөгү кийимдерди кийүүгө жана жасалгаларды тагынууга бир гана императорлорго уруксат болчу. Орусияда ХVII кылымда Пётр Iдин бийликке келиши менен кийимге көңүл буруу башталган. Анын жарлыгында дворяндарга сакалын кырып, европалык тигилиштеги кафтандарды кийүү талабы коюлган.

Азыркы учурдагы дресс-код деген түшүнүк ХIХ кылымда Англияда пайда болгон. Кийимге болгон талаптын пайда болушу өлкөнүн экономикалык, социалдык өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Учурда кийим аркылуу адамдын социалдык статусун гана эмес, ошондой эле ал адамдын кесибин, диний көз караштарын аңдап билүүгө мүмкүн болуп калды.

ТЕНДЕНЦИЯДАН АРТТА КАЛЫП БАРАТКАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШ

“Галстук – мен үчүн көйгөй. Ал менин эркиндигимди чектеп, ээн-эркин жүрүшүмө тоскоол болууда” деген пикирди колдогон чет өлкөлүк чиновниктер көбөйүүдө.
ХХ кылымда дресс-код саясатчылар үчүн милдеттүү нерсе катары кабыл алынса, акыркы жылдары дресс-кодду жеңилдетүү иштери башталды. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө, тескерисинче, дресс-код жылдан жылга күчөтүлүп бараткандай...

Жогорку Кеңештин I, II, III чакырылыштарындагы депутаттарын тизмектеп карасак, алардын көпчүлүгү академиктер, окумуштуулар, мугалимдер болгон. Ал учурдагы депутаттарга дресс-код маселеси анча маанилүү эмес эле.

Мыйзам иштеп чыгуудан мурун жөнөкөй кызматкердин кийимине асылып калган учурдагы парламент бекеринен эл оозунда “базардан келгендер” деп аталып калбаса керек...

Парламенттик жыйынга зыңкыйып кийинип келгенинен бөлөк элге кымындай пайдасы жок. Ушундай көрүнүштөрдөн улам парламенттеги депутаттар депутат эмес, базарком деген атка конуп жатышат.

КЫТАЙДЫН ЧИНОВНИКТЕРИ

Бул өлкөнүн аткаминерлерине жумушка ачык түстө кийинүүгө, чачын ачык түстөргө боёого тыюу салынган. Өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери Кытайдан жасалган костюм-шымдарды жана аксессуарларды гана колдонушу шарт. Кытай президенти Си Цзиньпинь аткаминерлерди байлыктын символу болгон нерселерден баш тартып үнөмдөөгө чакырган.
А биздин депутаттардын көпчүлүгү Швейцариянын жүздөгөн миң долларлык сааттарын тагынууну, Европанын кымбат костюмдарын кийүүнү, Япониянын кымбат унааларын айдоону адатка айлантышкан.

АЗИЛ-ЧЫНЫ АРАЛАШ

Апенди тойго эски чапанын кийип барса, эч ким аны киши экен деп тоотпой коёт. Анда апенди үйүнө барып, жаңы чепкен кийип келет. Аны көргөн туугандары ийилип тосуп, сый көргөзүшөт. Апенди болсо чепкенин этегинен кармап алып, дасторкондогу тамакка салат. Таң калып караган элге "адам баркынан чепкендин баркы жогору болгон соң чепкеним жесин" деген экен.

Жогорудагы тамаша бүгүнкү күндө чындыкка айланып баратат. Бийлик өкүлдөрү гана эмес, жөнөкөй жарандар дагы бири-бирине адамдык сапаттарына карап баа бербей, анын байлыгына, кадыр-баркына карап мамиле жасап калышты.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Aktilektaanyshbek
2019-01-29 11:58:59
100% болбосо да 99% чындык! Эмне дагы дейт элек. Ашыкча сөздүн кереги жок! Автор азаматсың баарын кашкайта көргөзүпсүң!.....
+13
souza.j
2019-01-29 12:16:47
Эн туура. Бугунку кундо кедейдин баласы туулганда эле проблеманын устундо. Болунуу бардык жерде бар
+8
mirkaa5182
2019-01-29 16:26:17
Эң тууру, таамай айтылган сөз...
+6
Rubin
2019-01-29 17:56:07
Биринчи жолу супер инфодон, оюмдагыдай макала окудум.
+7
talas0707
2019-01-30 15:59:01
Бирок ушуларды шайлаган озубуздо куноо! Келгиле туугандар буйруса эмдиги жылы шайлоо болот. Ошондо ойлонуп туура шайлайлы, дагы азыркыларга окшогон допарастарды шайлап албай.
+1
amirrus
2019-01-30 19:41:28
ачуу чындык , журналист азаматсын чындык жакта болсон ососун
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2019-01-30 21:06:26
Автор,азамат. Макала дегенди ушинтип жазат.
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2019-01-30 21:06:54
Автор,азаматсын!
+1
gulmira96
2019-01-31 03:43:58
Биз шайласак шайлабасак деле акча менен оздорун шайлап алат. Азыр бийлик мандат сатуу буларга мода болуп калган.
+1
Alia82
2019-02-01 14:54:10
Депутаттар эле эмес дегеле кыргыз эли сырткы кооздука конул буруп, кам коруп калганбыз, а ички байлык эчкимди кызыктырбайт (((
+1
Skarlett-Skarlett
2019-02-02 11:06:10
Окунучтуу....
+1
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан