БЫШЫРУУНУ ТАЛАП КЫЛБАГАН ТОРТТОР

Майрамдык дасторконду тортсуз элестетүү кыйын. Бул жолу биз бышырууну талап кылбаган, колдо бар нерселерден эле жасалган торттордун рецепттерин сунуштайбыз. Жасап, жакындарыңызды кубантыңыз.

ТОКОЧТОН ЖАСАЛГАН ТОРТ

Керектелүүчү азыктар:

Токоч – 300 грамм

Быштак – 250 грамм

Каймак – 250 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Желатин – 1 аш кашык

Суу – 75 миллилитр

Шоколад – 50 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Сууга желатинди салып, көөп чыкканча бир нече мүнөткө тыныктырып коёбуз.

2. Башка бир идишке быштак, кумшекер, көптүрүлгөн желатин жана каймакты салып, миксердин жардамы менен аралаштырабыз. Быштак креми даяр.

3. Торт жасай турган идишке токочту бир катар тизебиз да, бетине кремден сүйкөйбүз. Дал ушундай ыкма менен токочтор 3 катар тизилет. Эми торттун бетин клеёнка менен жаап, 10-12 саатка тыныктырабыз. Бул аралыкта крем токочко толугу менен сиңет. Тортту дасторконго коёрдо табитке жараша бетине шоколад кырындысын, майдаланган мисте же грек жаңгагынан себелеп, мөмө-жемиштер менен кооздоп коюуга болот.

РУЛЕТ ТОРТУ

Керектелүүчү азыктар:

Рулет – 2 даана

Сүт – 800 миллилитр

Каймак май – 70 грамм

Кумшекер – 9 аш кашык

Желатин – 1 пакет

Пудинг ванилини – 2 пакет

Банан – 4-5 даана

Шоколад – 1 даана

Кумшекер упасы – 100 грамм

Каймак – 100 грамм

Суу – 50 миллилитр

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

1. Сууга желатинди салып, көөп чыкканча бир нече мүнөткө тыныктырып коёбуз.

2. Мискейге пудинг ванилинин, кумшекерди жана 300 миллилитр сүттү кошуп аралаштырабыз. Андан соң үстүнө калган сүттү куюп жай отто 1-2 мүнөт кайнатып алабыз.

3. Пудингди оттон чыгарып каймак майды жана желатинди кошуп аралаштырып, муздаганча коё турабыз. Муздаган соң 10-15 мүнөткө муздаткычка салабыз.

4. Рулетти кесимдерге (калыңдыгы 1 сантиметрден) бөлөбүз. Торт бышыруучу калыптын ичине клеёнка төшөп, үстүнө бир катар кылып рулеттин кесимдерин тизебиз. Калыптын ички капталына да бир катар рулет кесимдери тигинен тизилет. Эгер мындай калып жок болсо, анда ордуна чуңкур табакты колдонууга болот.

5. Калыптын ичине пудингдин жарымын куябыз да, үстүнө банандарды салабыз. Эми пудингдин калганын куюп, тортубузду 30 мүнөткө муздаткычка салабыз. Андан соң каймак менен кумшекер упасын миксер менен көбүргөнчө чалып, торттун бетине сүйкөйбүз да, шоколад кырындысынан же болбосо ар кандай глазур таттууларынан себелеп кооздойбуз.

ЖҮГӨРҮ ҮЛПҮЛДӨГҮНӨН ТОРТ

Керектелүүчү азыктар:

Жүгөрү үлпүлдөгү – 100 грамм

Желатин – 10 грамм

Суу – 50 миллилитр

Кара шоколад – 100 грамм

Ак шоколад – 100 грамм

Каймак май – 70 грамм

Быштак – 200 грамм

Кумшекер – 1 аш кашык

Сүт – 100 миллилитр

Банан – 2 даана

Киви – 3 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Желатинди сууга чылап, көөп чыкканча тыныктырып коёбуз.

2. Кара шоколад менен каймак майды суу ваннасында эритип алып, ага жүгөрү үлпүлдөгүн салып аралаштырабыз. Бул торттун негизи болот.

3. Торт бышыруучу калыптын ичине жана капталына пергамент кагазын төшөп, жүгөрү үлпүлдөгүн ныктап, тегиздеп салабыз да, муздаткычка 30 мүнөткө коюп коёбуз.

4. Быштакка ванилин кумшекерин жана аарчылган кивини кошуп аралаштырабыз.

5. Сүттү кайнатып, ага желатинди кошуп аралаштырабыз. Сүт муздаган соң быштак, кумшекер жана эритилген ак шоколадды кошуп жакшылап аралаштырсак, кремибиз даяр болот.

6. Торттун үстүнө алгач банандын кесимдерин, андан кийин кремди тегиздеп салып, 10 мүнөт муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салабыз. Торттун бетин каалаган мөмө-жемиштин кесимдери менен кооздоп койсок болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
deva
2019-01-29 09:24:54
Оңой рецепттер экен. Диетадамын да, эмесе бүгүн эле жасамакмын
+2
Rubin
2019-01-29 17:59:54
Улпулдок эмне?
+5
operaledi
2019-01-29 21:10:05
Rubin, токоч дегени печеньеби десем, улпулдок дегени тушунуксуз болду го
+2
balzaminka
2019-01-29 22:30:04
operaledi,попкорн окшойт
+2
tram-lam
2019-01-30 10:04:35
operaledi,кукурузные хлопья
+2
Mama-Yasmin
2019-02-01 23:48:48
Rubin, кукурузная хлопья
0
saltanat.
2019-01-31 11:29:27
Үлпүлдөк ахахаааахааа аааааааааа хааа хааааа хааааааааааааааа))))))
+1
Colombiana
2019-01-31 14:35:05
Жугору улпулдогун билдик. Токоч деген эмне си,нанбы?
+1
MKW.MYRZAiYM
2019-01-31 22:37:47
Colombiana, кадимки эле печенье
+1
Suluwka_1992
2019-02-02 21:47:00
Желатин менен жазасам эч эле уюбай койду. Секреттер менен болушкулочу.
+1
mishelkhan
2019-02-04 00:30:30
жугору улпулдогу-кукурузный крахмал болсо керек
0
mishelkhan
2019-02-04 00:31:52
кукурузный крахмал болсо керек
0
Zor_go
2019-02-04 08:31:53
кукурузные хлопья болуш керек :-)
0
Perihka92
2019-02-04 20:09:31
Кукурузный крахмал.улпулдок деген.
0
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан