БАРДЫГЫ «АК ШУМКАР» ЖӨНҮНДӨ

Азия Кубогунда кыргыз элин толкутуп, кубандырган кыргыз футболчулары жөнүндө сөздөр айтылып түгөнбөй жаткан чагы. Жылмаюусу менен кыздардын түшүнө кирип жаткан Виталий Люкс, амбициясы күч Мирлан Мурзаев, аты бир заматта өлкөнүн булуң-бурчуна чейин таанылган Кутман Кадырбеков... «Ак шумкар» менен кененирээк таанышабыз.


КЫРГЫЗ КУРАМА КОМАНДАСЫ
Каймана аты – «Ак шумкар»
Капитан – Валерий Кичин
Башкы машыктыруучу – Александр Крестинин (Орусия)
ФИФАнын рейтингинде – 91 (2018-жылдын декабрь айына карата)


АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН
Азия Кубогуна Крестинин Марчелло Липпи, Паулу Бенту, Свен-Йоран Эрикссон жана Альберто Дзаккерони сыяктуу машыктыруучулар менен тирешти. Липпи Италия менен мундиалды багынткан, Бенту Роналдуну машыктырган, Эрикссон Бекхэм, Оуэни бар Англияны машыктырып келген. Учурда БАЭни машыктырган Альберто Дзаккерони кезинде «Ювентусту» башкарган. Ал эми Крестинин машыктыруучулугун 20 миңге жетпеген калкы бар Кочкор-Ата шаарында баштаган. Бул мелдешке 40 жаштагы Крестинин «Дордойду» машыктырып жатканда эле даярданып, дээрлик улуттук курамдагы көпчүлүк футболчулар дал ушул «Дордойдон» болду.


ТАКТИКА
Крестинин Азия Кубогунун 4 оюнунда тең 3-5-2 тактикасын колдонду. Мелдешке бир ай калганда Дохадагы машыгуу сбордо ушул схемага басым жасалган. Мурун мындай тактика менен оюн өткөрө элек болчу. Крестинин көбүнесе 4-2-3-1 тактикасы менен чыгып келген. 3-5-2 тактикасы коргонууга басым жасалган тактика. Ошондой эле талаанын ортоңку бөлүгүнө басым жасалып, флангда эки вингер – коргонууга да, чабуулга да ыктап турушат.


Кутман Кадырбеков
21 жаштагы дарбазачы Матяштын ордун басып, Азия Кубогунда өзүн көрсөтө алды. «Дордой» клубунун тарбиялануучусу бул мелдешке 3-дарбазачы болуп барган, оюнга келгенде негизги курамдан орун тапты.


Мустафа Юсупов
Мустафа Юсупов Азия Кубогунда 2 оюнда Тэгонун ордун алмаштырып, негизги курамдан орун ээлей алды. Кызыл-Кыя шаарынан карьерасын баштаган 23 жаштагы коргоочу ар бир оюн сайын өзүнө болгон ишенимин арттырып жатты. «Дордой» клубунда ойноп келген бул футболчу дагы чет өлкөлүк клубдардын карамагына түшүп калса таң калуунун кереги жок.


Валерий Кичин
«Енисейдин» коргоочусу Азия Кубогуна чейин улуттук курама командада бир канча убакыттан бери ойной элек эле. Бул мелдеште Кичин капитандыкты колго алып, бардык оюндарды жогорку деңгээлде өткөрдү. Анын жата калып топко ээ болууларын, атаандаштардын кооптуу абалдарын жок кылууга жана талаадагы лидерлик сапатын көрө алдык. 26 жаштагы Кичин Байматовдун жоктугун билдирбей ойногондугун көпчүлүк танбайт. Кичин мелдеш бүткөн соң дароо «Енисейдин» машыгуу сборуна аттанды.


Бекжан Сагынбаев
Талаанын сол капталына жооптуу «Дордойдун» 24 жаштагы оюнчусу Бекжан Сагынбаев болду. Акыркы жылдары гана улуттук курамга чакыруу алган бул футболчу көзгө көрүнүктүү футболчулардын катарын толуктады. Чабуулга да, коргонууга да жетишип жаткан Сагынбаев атаандаштардын баш оорусу болуп жатты.


Тамирлан Козубаев
24 жаштагы «Дордойдун» коргоочусу улуттук курамдын оюнунда борбордук бөлүктөгү негизги коргоочу болду. Тамирлан 4 оюнда тең алмашуусуз ойноп, бир топ тажрыйба топтой алды. Олуттуу чабуулчуларга коркпой-үркпөй туруштук бере алган коргоочу чет өлкөлүк клубдардын көзүнө түшкөн. Мелдештен соң Козубаев Малайзиянын «ПКНС» аттуу футболдук клубу менен келишим түзгөнү белгилүү болду.


Кайрат Жыргалбек уулу
Топ-Лиганын 2018-жылдагы мыкты футболчусу мыктылыгын бул мелдеште да далилдеди. Оң капталдын башкы кыймылдаткычы болгон Кайрат ар бир оюнда 90 мүнөттөн ашык чаалыкпай оюн жүргүздү. Статистикалык көрсөткүчтөрү да жогору бааланган 25 жаштагы «Дордойдун» футболчусу 4 оюнда тең алмашуусуз ойноду.


Эдгар Бернхардт
Талаанын ортоңку бөлүгүнө жооптуу 32 жаштагы Бернхардт болду. Польшанын «Тыхы» клубунда ойноп келген футболчу атаандаштардын чабуулун бууп, өз командасынын чабуулун баштап берип жатты. Оюндун ыргагы дал ушул футболчуга байланыштуу болуп жатты. Эдгар Чүй облусунда төрөлүп, кичинекей кезинде эле ата-энеси Германияга көчүп кетишкен. Ал 2015-жылдан бери улуттук курамда ойноп келе жатат.


Ахлитдин Исраилов
Кезинде киевдик «Динамодо» ойноп келген Ахлитдин Азия Кубогунун алдында эч бир клуб менен келишими жок эле. Анын негизги курамда ойногонунун дагы бир себеби Антон Землянухиндин жаракатынан толук айыга электиги да болду. Бирок Исраилов алгачкы оюндан тарта ишенимди актап, кооз соккусу менен Кытайга гол киргизди. 24 жаштагы футболчу азырынча эч бир клуб менен келишим түзө элек.


Фархат Мусабеков
25 жаштагы «Абдыш-Ата» футбол клубунун тарбиялануучусу жарым коргоочулук кылып, Азия Кубогунда чабуулду баштап берүү милдетти аркалады. Техникалык жактан жөндөмдүү оюнчу бир далай Түштүк Корея жана БАЭнин коргоочуларын жүдөттү. Учурда Фархат «Дордой» клубунун футболчусу.


Мирлан Мурзаев
Бул Азия Кубогунда 28 жаштагы чабуулчу өзүнүн өжөрлүгү менен өзгөчөлөнө алды. Түркиянын клубдарында 4 жылдан бери ойноп келген футболчу Азия Кубогунда 4-оюнда гана өз эсебин ачты. Филиппин менен болгон оюнда соккусу дарбаза темирине тийсе, БАЭге керемет гол жарата алды. Мурзаев 2018-жылдан бери Түркиянын «Сомаспор» клубунда ойноп келет.


Виталий Люкс
Виталий Люкс чабуулдагы мыкты аракеттери менен кыргыз күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланды. Филиппин менен болгон оюнга чейин оюну анчейин жүрүшпөй жатты. Анын 3 голу жеңишти камсыздап, плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Жылмаюусу менен кыздардын жүрөгүн багындырган бул футболчу улуттук курамда 2015-жылдан бери ойноп келет. 29 жаштагы футболчу клубдук карьерасын Германиянын «Ульм» командасында улантып келет.


ГОЛДОР
Кыргыз курама командасы үчүн оюндан гол киргизүү маселеси көйгөйлүү маселе болуп келген. Бирок Азия Кубогунда оюндан киргизилген голдор кызыктуу комбинациянын жыйынтыгында ишке ашып жатканы кубандырбай койгон жок. 6 голдун бешөөсү оюндун жүрүшүндө, бир стандарттык абалдан киргизилди. Ал эми өзүбүзгө 7 голдун 4 голу стандарттык абалдан кирди. Алардын 2 голу бурчтан берилген топтон, 1 гол айып белгиден жана бирөөсү пенальтиден.


КЫЗЫКТАР САНДАР МЕНЕН...

  • Негизги курамдын орточо жашы 25 жашты түздү.
  • Курамдын эң улуусу Валерий Кашуба 34 жашта, эң
    кичүүлөрү Эрнист Батырканов жана Айзар Акматов 20 жашта.
  • Кайрат Жыргалбек уулу тайпалык оюндарда коргонууда 47 күрөштү жеңип, мелдештин мыктыларынын катарында болду.
  • Азия Кубогунда «Ак шумкар» жалпы 6 гол киргизип, өзүнө 7 гол өткөрдү.
  • Виталий Люкс улуттук курамдын тарыхында биринчи жолу хет-трик жасады.
  • Ушул жылдын 5-сентябрынан тарта «Ак шумкар» «Катар-2022» Дүйнөлүк мундиалга тандап алуу оюндарына катыша баштайт.


АЛМАШУУДАГЫЛАР

ТУРСУНАЛИ РУСТАМОВ
Алмашууга чыккан оюнчулардын катарынан Турсунали Рустамов көпчүлүктүн эсинде калды. Дал ушул «Алганын» капитаны 92-мүнөттө БАЭ менен болгон оюнда эсепти теңеп, экстра-таймда дарбазанын үстүнкү темирине тепкен. Рустамов алмашуудан кийин кошулса дагы, оюндун ыргагына кошула биле алгандыгы менен таанылды. 28 жаштагы Рустамов Крестининдин сакталып турган куралы экендигин биле алдык.


ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Антон Землянухин, Даниель Тэго, Павел Матяш, Бахтияр Дүйшөбеков, Азиз Сыдыков сыяктуу футболчулар кай бир оюндарда негизги курам менен жана алмашууга чыгып жатышты. Одилжон Абдурахманов, Айзар Акматов, Валерий Кашуба, Павел Сидоренко жана Муролим Ахмедов талаага бир да мүнөткө чыгышкан жок.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mister.ailasyz
2019-02-05 12:40:17
Мени таң калтырганы эмнеге Улуттук курамдын 90% Дордой клубунун оюнчулары түзөт? Алайдын оюнчуларын эмнеге кошкон эмес? Негизи эле улуттук курамды түзгөн адам эмнени ойлонду экен. Акшумкарлар албетте азаматсыңар.
0
ali96
2019-02-06 02:18:56
mister.ailasyz,Алайдын негизги оюнчулары легионерлер го
+2
newman
2019-02-05 16:56:53
Улуттук курамды машыктыруучу Крестинин чечет. Ал өз ишин билет. Ошондуктан мен анын тандоосун эң жакшы деп билем
+2
kakukani
2019-02-07 14:53:37
Азаматсыздар Ак Шумкарлар Кыргызстан ды өзүлөрүнүн оюну менен башка өлкөлөргө дагы бир жолу көргөзө алышты
0
erjigit-e.15
2019-02-08 16:10:47
Ак Шумкарга соз жок
0
Apyn8793
2019-02-10 00:28:05
Кээ бирлер айтып калат тренерди алмаштырыш керек деп бирок ушул тренер келип Кыргыз футболунда журуш болду го. Ушуну эмнеге эстерине алышпайт кургурлар.
Крестинин азамат!
Ак шумкарлар азамат!
+1
Cherik.777
2019-02-11 15:56:12
Жараткан эми тилегибизди берип бир жаакшы стандартка жооп бере турган спорт комплекс куруп алсак экен...Менин жеке оюмча спорт комплексти шумкардын стилинде салынса деп ойлойм коргон адамга шумкар учуп бараткандай туйулса.Алга ак шумкарлар
0
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан