Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «КАЙНЕНЕ БОЛГОНГО МОРАЛДЫК ЖАКТАН ДАЯРДАНЫП ЖАТАМ»
Буга чейин ырчы Алтынай Нарбаева «Кат жазчы мага?», «Кимибизден?» сыяктуу ырлары менен угармандардын жүрөгүнөн орун тапкан. Ал эми 2018-жылдын «Супер тандоосунда» окуучусу Мирбек Атабеков менен чогуу аткарган «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу дуэт көпчүлүктүн добуш берүүсү менен «Жылдын мыкты дуэти» деп табылды. Бул ирет жаштардан кем калбай хит артынан хит жазып, кумурскадай талыкпай эмгектенип, изденүүнүн үстүндө жүргөн Алтынай айым менен маек курдук.
– Алтынай эже, саламатсызбы? Маек башындагы фотосессияда мени арыктатып койгула деп айтып калдыңыз, диета кармап жатасызбы?
– Саламатсыңарбы? Мен тез толуп, тез арыктайм. Кичине санаа тартсам эле арыктап кетем. Негизи эле 4 жылдан бери диетадамын. Авто кырсыгына кабылгандан кийин дарыгерлер диетага отургузушкан. Бирок ага карабай эле нанды аябай жакшы көрөм. Союз маалында "нанды жебе, суюк тамак ич" деп эч ким деле айтпаптыр. Тескерисинче, бизди «ой, тигинин келини сөөк-саактуу» десе токчулуктун символундай толмоч болуп жүргөнгө көнүптүрбүз. Арыкташ кыйын, бирок аракет күч.
– Чыгармачылыгыңызда, үй-бүлөңүздө кандай жаңылыктар болуп жатат?
– «Супер тандоодо» сиздер биздин дуэтти мыкты деп тандаганыңыздарга абдан ыраазыбыз. Азыркыга чейин аябай сүйүнүп жүрөм, куттуктоолордун аягы суюла элек. Бул да болсо биздин ийгилигибиз.
– «Мен сени сүйөм өмүр» аттуу дуэт хитке айланды. Дуэттин жаралышына кыскача токтоло кетсеңиз.
– 15 жыл мурун «Сагындым сени» деген ырды Чымкенттен тойдон угуп жактырып, жаздыргам. Ал учурда уруксат суроо деген жок эмес беле, көрсө, ал ырдын обонун ошол кезде мектепте окуп жүргөн Роза Алкожо деген Казакстандын белгилүү ырчысы, композитор жазган экен. Ал 2-3 жыл мурун такси менен Кордай тараптан кетип баратса, кыргыз радиосу тартып калып, мен аткарган «Сагындым сени» ырын угуп калат. Анан интернеттен издеп аты-жөнүмдү таап, мага байланышып, Астанага концертине чакырды. Шакиртим Динара Тилекееваны жаныма алып алгам. Астанага баратканда ага: «Эмнегедир жүрөгүм оолугуп жатат, жакшы бир нерсе менен кайтат окшойм. Жакшы ыр таап келемби?»- деп бардым эле.
– Жүрөгүңүздүн оолукканы бекер эмес бекен?
– Ошол учурда 1 жылдын ичинде эле чыгармачылыкта жүргөн канчалаган жаш улан-кыздар арабыздан өтүп кетишти. Жакын кесиптеши катары менин да жүрөгүм тилинди, ыйлады. Жашоо ушундай тура, өмүр деген көз-ачып жумгуча бир заматта үзүлүп кетет экен деп ойлонуп, чыгармачылыгымда тыным боло түшкөн. Жашоо, өмүр тууралуу жакшы ыр болсо ырдасам деп аябай ойлонгом. Издегеним Астанадан табылды. Роза Алкожо концертинин аягында «Мен сени сүйөм, өмүр» деген жаңы ырын ыйлап аткарды. Сахна артында үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин сүрөтү слайд болуп көрсөтүлдү. Бери жакта туруп мен да көзүмө жаш алдым. Анан ушул ырын мага берсе, концертимде ырдап жатканда сахнанын артынан көзү өтүп кеткен жалпы кесиптештерибиздин сүрөтү көрсөтүлсө деп элестетип койдум. Уруксат сурасам, «сизге ырларымдын баарын ырдоого уруксат берем» деди. Ошентип эже-сиңдидей болуп кайттык. Келип эле жаздырып, бир тойдо ырдап жатсам Мирбек угуп, аябай жактырып, чогуу ырдоону сунуштады. Ал менин окуучум да, макул болдум. Ыр элге тез алынып, бат эле хит болду. Бизге акжолтой ыр болду, тойлорго көп чакырыла баштадык, көптөгөн сыйлыктарды алдык. Жакында Мирбек экөөбүз дагы бир жакшы дуэт жаздыралы деп сүйлөштүк.
– Жолдошуңуз тууралуу көп айтпайсыз. Кантип таанышып калдыңыздар эле, сүйүү баяныңыздарга токтоло кетсеңиз.
– Кичинемде жогорку билимдүү болсом деген эң чоң тилегим бар эле. Үйдүн кичүүсү, ата-энем пенсионер болгондуктан окууга акча менен өтүүгө шарт жок. Жылда Оштогу музыкалык окуу жайга тапшырып, биринчи сынактан өтөм да, экинчисинен кулап калам. 4 жыл тапшырам деп өтпөй калып, 5-жылы аябай уялып калдым. Андан көрө Фрунзеге барайын деп келип, Ишеналы Арабаев атындагы университеттин музыка факультетине өтүп кеттим. Староста болдум. 23 жашымда классташ кыздарымдын баары турмушка чыгып, мен эле калдым. Айрыкча түштүктө турмушка эрте чыгышат го, 24 жашка чыкканча турмушка чыгышым керек, эмки жылы «отуруп калды» дешет деп пландап жүргөндө Политехникалык институтта окуган кызылкыялык Тургуналы Акматов деген жигит менен таанышып калдым. Ал дагы староста экен. Ортобузда сезим пайда болуп, 1 жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Азыр эми 2 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз. Жолдошум жеке ишкер. Жолдошум дагы, балдарым дагы "биз жөнүндө көп айтпа, эркин жашагыбыз келет" деп өтүнө беришет. Ошондуктан алар тууралуу көп айтпайм, сүрөттөрүн да чыгарбайм.
– Мурдагы берген маегиңиздин биринде “күнү-түнү ырдап жүргөн аял кимге жаксын? Анын айынан казан-аяк кагышып, үйдө “акыйнек” болуп турат” деп тамашаладыңыз эле. Азырчы?
– Кызганыч жашың жогорулаган сайын өчөт дегенге кошулбайм. Кызганган киши күчөсө күчөйт, азайтпайт. Сүйүү бар жерде кызганыч болот. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Кызганып, даректеп, көзөмөлдөп турган жакшы болуш керек деп ойлойм.
– Жолдошуңуз ырдаганыңызга каршы болбойбу?
– Башында «ырдабайсың» деп көпкө күрөштүк. «Бул ашыкча жүк экен. Жүрөгүң ырдайм деп жатса, аны кантип бекитип коём? Мен баары бир ырдайм» деп канчалаган «дүйнөлүк, жарандык, ата мекендик согуштар» менен жүрүп акыры чыгып кеттим. Чыкканым жакшы болуптур, эл дароо жакшы кабыл алып, канчалаган сыйлыктарды, 11 жыл мурун «Эмгек сиңирген артист» деген наамды алдым. Эми «Сокурдун эңсегени эки көз» дегендей, мен деле эл катары Эл артисти болсом деп тилек кылам, ниет кылам. Жумурай журтумдун, жолдошумдун, үй-бүлөмдүн, көзү өтүп кеткен ата-энемдин алдында «мына, мен силерди уят кылбай, ушундай деңгээлге жеттим» деген учурду күндөп-түндөп күтүп жүрөм.
– Келин жумшап, колуңуз узарчу күн алыс эместир.
– Колумда 3 жарым жаштагы кичүү кызым Карина бар да. Кызым «Не кытасын?», «кетпе» эле дей берет. Себеби көп гастролдойм, Ошко, Жалал-Абадга, Орусияга чейин барып ырдап келебиз. Ошентип кызымдын жүрөгүнүн сары суусун алып койгон окшойм. Кээде өкүнүп кетем. Кошо алып алайын десем кичинекей. Кээде чогуу жатсак деле: «Кат жазчы мага, кетпейсиңби?» «Өмүр, кетпейсиңби?» дей берет. Мен кетип жатканда «Өмүр», «Кат жазчы мага» ырдап, акча алып келем» деп коём да (күлүп). Кызымды бат сагынып кетем, үйгө жеткиче мекиренип-мекиренип, эркелетким келип, жумуштан үйгө жеткиче Самаркандга жеткидей болуп кетет. Экөөбүз жолукканда майрамдын майрамы. Ушундай сезимдер ар бириңиздерде бар болсун. Ал эми небере жыты андан да жыттуу болот дешет. Мен дагы ар бир аялзаты катары небере жытын жыттап, небере эркелеткенди тилейм. Уулум Темирлан Экономика министрлигинде иштейт. Сүйлөшкөн кызы бар. «Сизге аябай кыйын болуп жатат, мен быйыл үйлөнүшүм керек» дей берет. Кызым Акмарал андан улуу, Жогорку сотто иштейт. «Кыйналган жокмун, биринчи эжеңди турмушка узаталы» десем ага деле макул. Бирок өзү үйлөнгүсү келип калган окшойт. Атасы менен кеңешип, быйыл келин алалы деп жатабыз. Азыр атасы экөөбүз кайнене, кайната болгонго моралдык жактан даярданып жаткан чагыбыз.
Алтынай Нарбаева: "Интернетте катталуучуларым аз болгондуктан концертке катыша албай калдым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nevestkaa
2019-02-05 09:06:55
Бактылуу карылык сиздерге,сиз эң сонун кайнене болосуз буйруса.
+11
Paprikafm
2019-02-05 09:36:40
Ар бир интервьюсунда, балдары кайсы жумушта иштээрин айтып өтөт, ну что жогорку сотто иштесе?
-19
Skarlett-Skarlett
2019-02-05 11:55:33
Paprikafm,Эне балдары менен сыймыктанат да.Бизге да насип кылсын балдарыбыз мн сыймыктануу.
+21
Jazdyn_tany
2019-02-05 18:09:50
Paprikafm,айтып өтпөсө, сурагандар чыгат да, кайсы жумушта иштейт леп...
0
Eliza1991
2019-02-05 13:43:57
Аябай журогу тазаа адамдай корунот ушул Айым. Жакшыы келин насип этсин!
+7
karona12
2019-02-06 15:10:00
Башка олконун ырчылары арыктап келбетине кам корушот биздикидер бут эле дандыйышат
-3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.