Кызматтык роман... Мейли, сүйүү дей берели. Айтор, ушу сымал нерсе башыма келди. Куду кинодогудай, кубанган, жинденген, кызганган, күлүңдөгөн, ичимден көпөлөктөр учкан абал. Биринчи жолу жанымда сени отурган кызга келип бир нерсе деп кайрылып, ал сага жооп берип жатканда байкадым. Сен уурдана тиктеп жатканыңды далым менен сезип турдум. Ушу байкуш далым азамат экен, сенин көп көз караштарыңды көтөрдү. Бир күнү жанымда отурган кесиптеш эже моюнун оорутуп алыптыр. «Сулуу жигиттин аркасынан жүгүнүп койсо тарап кетет экен, бизде келишимдүү жигит ким эле?» деп сурап калды. Акылыма алгач эле сен келдиң. Элестет, 100 адам иштеген мекемеде сенин элесиң тартылды. «Акыл!» дедим ишенимдүү.
– Ия?
– Ошо жакшынакай го.
– Жанагы эле кредиттик бөлүмдө иштеген жигитпи? Капкара, упузун?
Ал мени Марстан түшүп келгенсип таң кала тиктеп калды. Мен ийинимди куушура «андан башка ким?» дедим. Моюну кантип айыкты билбейм, айтор, экөөбүздүн окуя ошондон башталды. Биздин кабинетке сен себепсиз эле кире бересиң. Болбогон жерден эле бир нерселерди талаша бересиң. Көңүл борборунда болгонду жакшы көрөсүң. Аа, айтмакчы, менин кызмат ордум көтөрүлүп, бир бөлүмдү жетектеп калдым. Ошончо элдин арасында жылмайып туруп «кош келдиң» дедиң. Анан башталды. Каректер издешип барып табышып калса уурулугубузду карматкандай ууртубуздан жылмаябыз. Кечинде экөөбүз тең бир шылтоо менен жумушка узакка отурабыз. Эл кеткенде кофеңди көтөрүп сен келесиң же мен барам. Тамашалаша беребиз.
Мен сенин колуң-жолуң байланып калган адам экениңди билем. Бирок... Эч кимге залал кылган жокмун да. Ал тургай кол кармашкан жокпуз. Жүрөгүбүздө болуп жаткан маселе биздин маселе. Туурабы? Жок, чоң кыз, өзүңдү антип алдаштын кереги жок. Мүмкүн эмес! Чекит! Ушинтип өзүм менен өзүм сүйлөшүп, урушуп, кайра жоошутуп жүргөн учурда отуруш болуп калды. Өзүңдү-өзүң тамада шайлап алыпсың. Айрыкча ишенимдүүсүң, кээде таң калып кетем. Көзүмө сонун көрүнөсүң. Мага эмнең жагат деп ойлоп, анализдесем жашоону кандай учур болбосун күлүп кабыл алганыңды жактырат экенмин. Анткени менин жашоомдо күн желеси жок. Туман, саз, жамгыр, бозомук, чала-чарпыт күн чыккан бир нерсе, айтор... А сенин жашооңдо көз кубанта турган түстөр бар. Жаныңа баргым келди, бардым. Эч нерсе билмексен боло шампан куюп бердиң. Анан эле төгүлүп-чачылып сүйлөп кирдиң. Жашооң, жеңилүүң, ызаң, кубанычың, келечегиң, өтмүшүң, атаң, апаң, уулуң, мышыгың... Айтор, айтып бербеген нерсең калган жок. Сыртыңдан күлүп жүргөнүң менен, сенде терең дүйнө жаткан тура. Жаагымды таянган боюнча уга бердим, уга бердим. Аягында отурушта экөөбүз гана калыптырбыз. Уктачусу уктап, кетчүсү кетип калыптыр.
– Жүрү, үйүңө узатып коёюн.
– Макул.
Кызымтал болсоң деле машинени айдап бара жаттың. Жанымды өтө баалаган жаным ичип алып башка бирөө айдап бара жатса отурмак эмесмин, сени менен негедир корккон жокмун. Машинаңда отурабыз. Жамгыр жаап жатты. Сен дагы деле сүйлөп жаттың. Мага эмне тууралуу сүйлөп жатканың маанисиз болчу, жөн эле сен тартуулаган бейпилдиктемин.
– Анда дагы бир жолу ичиме бук толуп кеткенде сага келем. Макулбу? Баса, эркектер сени көп сөз кылышат.
– Кудай сакта, эмне деп?
– Сонун кыз деп...
Үнүңдөн билгизбейин десең деле кызганганың билинип калды. Бир күнү чет өлкөгө кете турганыңды уктум. Экөөбүз үчүн туура чечим болчу. Мени кыжалат кылбай, ушу кадамга барганыңды баалап койдум. Эркек экенсиң. Кызык, эми кимге жамгыр алдында окуяларыңды айтып берер экенсиң? Төгүлүп-чачылып кимге ыр окуп берер экенсиң? Башка учурда, башка статуста болгонуңда жолуксак биз үчүн башкача болот беле, ким билет? Мен дагы кетүүнү чечтим. Мен үчүн бир барак жабылып, экинчи барак ачыла турган мезгил келип жетти. Сенсиз жашоо башташым керек. А бирок ошол сенсиз жашоо бар болду бекен? Кабинетиңе көз чаптырып башка адам отурганын көрдүм. Чындап кетипсиң. Өх, чындап кеттиңби деги? Сенин ырларыңды ичимден кайталайм. «Биз арманбыз башталбаган, бүтпөгөн, биз сүйүүбүз жазылбаган, өчпөгөн». Таппаганың жок тим эле. Ооба, биздин окуя жазылган жок, бирок абышка-кемпир болгонубузда ууртубуздан жылмаюу тартуулаган, эсибизде өчпөй жазылып кала турган икаябыз болду.
Белла