Бек Исраилов, ырчы: «ЖУБАЙЫМ ЖЫЛДЫЗ БОЛУП КЕТСЕ КАПА БОЛБОЙМ»

Бактылуу түгөйлөр экен, көз тийбесин. Ырчы Бек Исраилов менен жубайы Айжаркын Карыбаеваны көргөндө ушул ой келди. Анда бирин-бири чексиз сүйгөн жаштардын сүйүү баянына орун берели.


– Бек, Айжаркын, биринчи жолу кайсы жерден таанышкансыңар?

Бек: – Биз Ысык-Көлдөн жолукканбыз. 2011-жылы 28-июлда музыкалык сынак өткөрүлүп, мен катышканы баргам. Айжаркындын эжеси дагы ырдайт, сынакка ал катышып, бул болсо эжесине колдоо көрсөтүү үчүн келиптир. Ошол жерден көрүшүп, таанышып, жактырышып калганбыз. Бир көргөндө эле жактырдым. Кудай жалгап ошол сынактан мен биринчи орунду алып калдым. Борборго келгенде эки күндүн ичинде Айжаркынга көнүп калганымды сездим. Кийин телефон чалышып, көрүшүп жүрдүк.

Айжаркын: – Ал кезде биз кичине болчубуз. Мен 17 жашта, Бек 18 жашта болсо керек эле. Дароо эле сүйүү экенин билген эмесмин. Жакындан таанышып, кыз-жигит болуп 5 жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Бул жылдардын ичинде эмнелер гана болгон жок (күлүп)?

– Кыз жигит кез аяктап, үйлөнгөн соң силер үчүн мамиленин башка этабы башталды. Баш кошкондон кийин сүйүү өзгөрүлдүбү?

А.: – Кыздар үчүн турмушка чыгуу жомоктой сезилет го. Кечке эле күйөөң менен ойноп, жыргап жүрө бересиң деп ойлойсуң. Кызыгы, так ушул жерден жомок аяктап, реалдуу жашоо башталат экен. Башка үй-бүлөгө көнүү, биринчи кыйынчылыктар, өз алдыңча болуу деген нерселерди башыңдан өткөрөт экенсиң.

Б.: – Мен үчүн өзгөрүлгөн жок. Айжаркынга биринчи күндөгүдөй эле ашыкмын. Балким, андан көбүрөөк жакшы көрөм. Жубайымдын оригиналдуу сапаттары бар. Сүйлөшүп жүргөндө эле тың экенин билчүмүн. Тазалыкты жакшы көрөт, тамакты мыкты жасайт. Бир жакка бара турган болуп кечигип жатсак, үйдү жыйнап тыпыйтып туруп кетмейинче чыкпайт. Мен кийинип алып сыртта күтүп турам. Ата-энемдин үйүндө жашап жүргөндө деле түндө келип ашкана чачылып калганын көрсө, аны жыйнап иреттемейинче уктачу эмес.

– Бек, Айжаркынга азыр деле суктанып бүтпөйт көрүнөсүң, сени таң калтырган сапаты эмне?

Б.: – Баары эле биле бербесе керек, Айжаркын өзү чыгармачыл үй-бүлөдө чоңоюп өскөн. Атасы Аскар Карыбаев, композитор, апасы ырчы Чолпон Алсеитова. Балким, ушундай атмосферада чоңойгон үчүнбү, искусстводогу табити жакшы. Ыр болобу, кино болобу, кийим болобу бардык нерсени түшүнө алат, талдай билет.

– Айжаркын, сен Бектин кайсы сапатын өзгөчө бөлүп көрсөтөт элең?

А.: – Биринчиден, талантына баа берем. Экинчиден, менин үй-бүлөмө, ата-энеме тез арада эле өз киши болуп кеткени аябай таң калтырган. Мен жок болсом деле үйгө кирип сүйлөшүп, жыргап жүрө берет. Адатта күйөө балдар тартынып турушат го, бул тез эле меникилерге менден жакын болуп кетти. Атам менен да кызыкчылыктары бир, футболду жакшы көрүшөт. Апам экөөнүн юмору окшош, музыка тууралуу көп сүйлөшөт.

– Адатта үйлөнгөндөн кийин романтикага орун бир аз калбай калат го. Силерде барбы?

А.: – Мен кыз-жигит болуп жүргөндө деле сюрприз, тиги-бу дегенге көп жакын эмес болчумун. Мисалы, Бек кымбат ресторанга чакырып жатса, “ал жакка барбай эле койбойлубу, ал жак кымбат го? Андан көрө ал акчаңды бул жакка жумша” дей берчүмүн. Гүл алып берсе деле “жөн эле койсоң болмок” деп сүйлөнө берчүмүн. Мунун акчасын ошондо эле аяп кыйнала берчү экенмин. Үйлөнгөндө деле ошол нерсе калып калды. Андан көрө үйгө, тиричиликке дей берем. Азыр убакыттын өтүшү менен сюрприз аял үчүн аябай керек нерсе экенин түшүнүп калдым. Өзүм өкүнүп калдым бир аз (күлүп). Бирок “намёк” кылсам дароо эле аткарганга аракет кылат.

– Кызгануу жашооңордо канча пайыз?

Б.: – Айжаркынды мен азыр деле кызганам. Үйлөнгөнгө чейин мындан да катуураак кызгансам керек. Бирок эми такыр чыкпа, отур деген нерсе эмес, баары чеги менен. Мен ырдап чыга баштаганда эле Айжаркын менен сүйлөшчүмүн. Ошондон баштап элдин баары менин жүрөгүм бош эмес экенин билишет. Андыктан аны-муну жазгандар деле жок.

А.: – Ырчынын жашоосу, фанаттары болот. Турмушка чыкканда эле даяр болчумун. Мага бул нерсе оор деле эмес. Тескерисинче, фанаттарыңа жазып тур, “жылдыз болуп кетиптир” деп айтпасын деп Бекке айтып турчумун. Чектен чыгып бара жатканын байкасам, албетте, кызганам. Бирок башыма андай нерсе келе элек. Атам менен апам гастролго кеткенде кичинебизде жалгыз калчубуз. Ушундай чөйрөдө өскөнүм үчүн көңүлүм тынч болсо керек.

– Аял сөзсүз күйөөгө баш ийиши керекпи? Кандай дейсиңер?

Б.: – Баш ийиш керек. Айжаркынга кайсы бир нерселерге уруксат берем, же бербейм. Акча жаатында толук өзүм камсыз кылам. Бардык эле үй-бүлөдө күйөө лидер болуш керек деп ойлойм. Бирок кеңешип, акылын угуп туура болсо кабыл алганга аракет кылам.

А.: – Бекти баары жумшак деп ойлошот. Кээ бири “сага үнүн деле көтөрбөйт болуш керек” дешет. Тескерисинче, мүнөзү катаал. Кээде такыр укпай өзүнүкүн бербей койгон жайы бар. Акырын, абайлап “жаным, ушул мындай болуп калды го” деп айтсам деле чарт-чурт деп кетмейи бар. Мындай кезде урушуп да кетебиз.

– Кээде аялдар себепсиз эле “үчүнчү дүйнөлүк согушту” баштап жиберген учурлары болот. Мындай учурда аял эмне каалап жатканын деле түшүнбөй калышат байкуш эркектер. Ошондо кандай куралдар менен коргоносуң?

Б.: – Эгер көңүлүм жай болуп турган учурда башталса, сооротуп түшүнгөнгө аракет кылам. Эгерде менин да маанайым түшүп турса “эмне болуп жатасың?” деп эле бир тием.

А.: – Башында Бек мени түшүнчү эмес. Түн ичинде отуруп алып себепсиз ыйлап калган учурларым болчу. Жакындарымдын сүрөттөрүн карап эле буулугуп жинди боло берчүмүн. Көрсө, жаңы келген учурда көп эле келиндерде болот экен. Мени түшүнгөндүн ордуна Бек “койчу, монстрлар менен жашап жаткансып” деп кайра мага таарынып калчу. Мен дагы абалымды түшүндүрө албай кыйнала берчүмүн. Мындай учурларда "ий, ушул үчүн күйөөсү улуу болгон жакшы" деп айтышат тура деп ойлочумун. Тең болсо сен таарынсаң кошо таарынып, эркелесең кошо эркелеп туруп алат экен (күлүп). Бирок азыр Бек өзгөрдү, үчүнчү дүйнөлүк согуш баштагым келгенин байкап алдын алып калат.

– Бек, Айжаркындын да жакшы үнү бар экени байкалат. Дуэт ырдап жүрбөйсүңөрбү. Эртең сенден популярдуу болуп кетсе капа болбойсуңбу?

Б.: – Өзүм ырдап чыксын деп аракет кылып жүрөм, капа болбойм. Акырындап ошого даярданып жатабыз. Жалгыз эле өзү “супер жылдыз” болуп кетишин каалабайм. Мисалы, Анжелика Варум, Леонид Агутин сымал ырдасак деп ойлоп жүрөм. Менден да популярдуу болуп кетсе... Жылдыз болуп такыр эле мени укпай чанып баратса, жаза колдонобуз да (күлүп).

– Мага экөөңөр таптакыр урушпагандай элес калтырдыңар, пикир келишпестиктер болобу?

Б.: – Башындагы эки жыл биз үчүн кыйыныраак болду. Бирок бири-бирибизди колдоп “баары жакшы болот” деп жеңип кеттик. Көп эле жолу чемодандар жыйналып кайра жазылды (күлүп).

– Учурда кандай чоң тилегиңер бар?

Б.: – Ушул жылы балалуу болууну каалап жүрөбүз.

А.: – Биз Европага кетебиз деп ойлоп жүргөнбүз, ошого азырынча токтото турабыз деп айтып калчубуз. Андан биринчи кезекте үйлүү болуп алалы деп эле тилек кылып жаттык. Тилегенибиздей үйлүү болдук. Эми 2019-жылы балалуу болууну тилеп жатабыз.

– Тилегиңер орундалсын.

"Айжаркын экөөбүздүн эң бактылуу күнүбүз".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Kymbatym
2019-02-05 11:39:03
Ошентип токтотуп туралы деген ниетиңерди кудайым түбөлүк кылып өмүр бою бала бербей койсо ошондо өкүнөсүңөр
-27
newman
2019-02-05 17:07:58
Kymbatym, оозуна таш. Чубак ажы Исламда кайсы бир максатка жетүү үчүн илим алуу сыяктуу болгондо үй-бүлө пландоо эң керектүү жеп айтканын уккам.
+14
petushokimishka
2019-02-14 19:26:21
Kymbatym,В черной голове-черные мысли...
+1
Aikan1966
2019-02-05 11:46:27
бакыт каалаймын.
+4
nur0202
2019-02-05 12:27:43
Бул ирет супер инфо жакпады.Кызык эмес материалдар чыгыптыр.
+13
Samieva8890
2019-02-06 22:05:31
nur0202,оа сериалдар болгондо кызыктуу болмок
+3
love_you
2019-02-05 14:32:01
сериалдар чыга баштайт деп окудум эле, же булсандан кийинкисине чынабы?
+3
admin_portal
2019-02-05 15:04:48
love_you, саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болору менен жалпы окурмандарга кабарлайбыз.
+1
Veronica89
2019-02-06 03:30:39
Сериалдарды кутобуз
+1
Abdizhapar
2019-02-06 06:18:53
Жылдыз болуп кетсе оздоу жонундо ойу бийик экен да ХХХХ
+3
admin_portal
2019-02-06 17:21:31
Nursbaike, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
-1
Sajakat14
2019-02-08 01:12:20
Эхх мага жаккан мырза эле
+1
Sajakat14
2019-02-08 01:13:56
Эхх мага жаккан мырза эле
+1
s81
2019-02-08 19:32:56
жаман болуптурда
0
s81
2019-02-08 19:36:12
Сонунго
0
s81
2019-02-08 19:36:47
Сонунго
0
Azatbek.Svoboda.
2019-02-09 19:36:04
Кайра эле кайталап чыгарып койдунарбы? Бвлтыр эле чыгардынар элего?!
0
Azatbek.Svoboda.
2019-02-09 19:39:14
Уйду байлыкты кылса болот. Болочок наристелуу болушту токтоттук деген болбойт!
-1
admin_portal
2019-02-11 12:52:08
Kymbatym, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. БАН!
0
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан