Джонни, ырчы: «КҮТТҮМ, АЙ» ТОЙ ЫРЫ ЭМЕС. БИРОК ТОЙГО КӨП ЧАКЫРЫШАТ»

Джонни. Бул ысым кыргыз эстрадасында 2018-жылы чыкты. Күтүшкөн кыз-жигиттердин символуна айланган “Күттүм, ай” деген ыр телеканалдарга бергенге чейин эле угармандарын таап, хит болуп кетти. Ал эми Джонни ким? Джонни – аталган романтикалуу ырдын автору, аткаруучусу. Абдан тамашакөй, күткөндү жактырбаган, жасалмасы жок сүйлөгөн ырчы мырза.


– Джонни, салам. Сени жалпы журтка тааныткан “Күттүм, ай” аттуу ырың жашооңдон алынганын билебиз. Аны ырдаган сайын мурунку сүйүүңдү эстей берсең керек?

– Албетте, ырды аткарган сайын өткөн күндөр эске түшөт. Сезимдер өчөт, бирок адам унутулбайт деген чын экен. 3-4 жыл чогуу жүрүп калган адамды кантип унутасың? Ырдын өмүрү узун болсо, элес да ошончо жашай берет деп ойлойм.

– 2018-жылдын хит ырларына кирген чыгармаң канча убакта, кандай шартта жаралган?

– “Күттүм, ай” деген ырдын чыгышына жалпысынан эки жыл кетти. Алгач обонун гитарада ойноп отуруп диктофонго сактап койгон болчумун. Былтыр Таиландга Максат досум (ред.: Садырбеков) экөөбүз барып эс алып, жергиликтүү бар, клубдарда англис, итальян, француз тилиндеги ырларды аткарып иштеп калдык. Бир жолу бөлмөдө диктофондогу обондорду угуп отурсам Макс “ушул обон жакшы окшойт, сөзүн жазбайлыбы?” деп калды. Айбек Курманбаев деген Макстын акын байкеси бар. Ал мурун эле Макска бир ырдын текстин жөнөткөн экен. Ошол эске түшүп, сөздөрүн обонго салып көрсөк дал келип калды. Мен кайырмасын жазып, аталган чыгарма жаралды.

Казак ырчысы Кайрат Нуртас “Күттүм, ай” деген ырыңды сенден уруксат албай туруп аткарган видеосун интернетке жүктөгөн. Бир кезде Мирбек Атабековдун “Суранам” деген ырын да толук уруксат албай эле жаздырган экен. Ушундай автордун укугун бузгандарга шоу чөйрөсүндө кандай баа берилет?

– Бул иш боюнча алгач Кайраттын менеджери кайрылган. Анда ырым эми гана чыккан эле. Мен ага ыр элге кеңири жайылсын, кыргыздын ыры экенин эл билсин, анан ойлонуп көрөм дегем. Бирок болбой эле чыгарып салышты. Мыйзам боюнча мындай нерсе туура эмес. Бирөөнүн эмгегин жегендикке жатат. Сапаттуу чыгарма жаратыш үчүн көп эмгек, каражат кетерин ырчылар жакшы билет. Уруксаты жок видеону чыгарганга болбойт. Ал көрүнүш мага деле жаккан жок. Видеону көрүп алып менеджерине байланышып, болбойт да мындай кылганыңар десем, ар кандай актанууларды айтты. “Чыгармаңыз Кайратка жагат. Ал жөн эле өзү үчүн ырдаганын жүктөп койгон. Бирок радиого, эч жакка чыкпайт. Сиздер дагы ойлонуп көрүңүздөрчү, берсеңиздер жакшы болмок” деди. Ал тууралуу көп ойлондум, апам менен, башкалар менен кеңештим. Айрымдары "сат, көп акча болот" деди. Айрымдары, тескерисинче, сатпа дешти. Жүз адам болсо жүз ой болот экен да. Акыры апамдын “казак-кыргыз бир тууган. Сатпай жөн эле берип, ыраазычылыгын алганың жакшы” деген сөзүн туура көрүп, уруксат бердим.

– Аталган чыгарманы кавер аткаргандар да көп болду окшойт. Канча жолу аткарылганын эсептеп көрдүң беле?

– Менин билишимче, 3 айдын ичинде 1000дей кавер аткаргандар болду. Арасынан эсте калганы Африкада жашаган кара терилүү байкеники, француз, индус улутундагы аткаруучулардыкы болду. Ыр радиолорго бериле электе, клип чыга электе популярдуу болуп кетти. Албетте, ырды хит болот деп күткөнбүз. Бирок интернет аркылуу жайылып, башка улуттар ырдайт деп ойлогон эмеспиз.

– Сахнага чыкканга чейин 10 жылдай кафе-ресторандарда иштеп жүрүптүрсүң. Сахнага чыгуу максатың башта эле бар беле?

– Мен кичинекей кезимден эле ырчы болом деп кыялданчумун. Үйгө коноктор келип “чоңойгондо ким болосуң?” дешсе, “арноо концерт болом" дечүмүн.

5 жашымдан баштап конокторго концерт коюп, акча таап, кашыкты микрофон кылып ырдачумун. 6-классымда Нарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык окуу жайда комуз, баян бөлүмүнө киргем. Андан соң Бишкекке келип Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырдым.

Чыгармачылыкты да жөн жерден тандап калган жокмун. Анткени чоң атам комузчу, таенем жакшы ырдачу. Мен 1 жашка чыгайын дегенде апам ырымдап чоң атамдын комузунун башын тиштеткен экен. Андыктан талант сага чоң атаңдан өткөн дешет.

Апам да жаш кезинде ырчылыкка кызыкчу экен. Бирок атам ала качып кетип, отуруп калыптыр. Эми болсо апам "эгер ырчы болсом бир эле дипломум болмок, азыр менин 6 дипломум бар" деп күлүп калат. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. Бир туугандарымдын баары жакшы ырдашат, бирок мен гана ырчылыкты кесип катары алып кеттим.

10 жылдай кафе-ресторандарда ырдап жүрүп, былтыр сахнага чыгайын деген чечимге келдим.

– Мектепте гитарада жакшы ойночу экенсиң. Демек, сага ашык болгон кыздар да көп болсо керек?

– 7-класска чейин класстын алдыңкы окуучуларынан болдум. Гитараны жакшы өздөштүрүп калганда 10-11-класстагы эжекелер гитарам менен сабактан “сууруп” чыгышчу. Аларга гитара менен ырдап берчүмүн. Бул музыкалык аспапка кызыгуум күчөп, кыздарга ырдап берем деп жатып 9-класста жалаң “4” деген баага окуп калдым. Ошентип чыгармачылыкка киришип кетип сабакты таштап салдым. Гитаранын жардамы аркылуу кыздар менен көп тааныштым, отуруштарга чакырылдым дегендей (күлүп).

– Азыр сен кайда барсаң "Күттүм, айды” ырдап бер" деп суранышса керек. Эң көп дегенде канча жолу ырдадың?

– Бир жолу кайрымдуулук концертине барып эки жолу, андан кийин тушоо, сүннөт той, башка тойлорго ырдап отуруп бир күндө 14-15 жолу аткаргам. Чынында башында ырдатышса өзүмө деле жакчу. Кечке кайталай берсең тажап да калат экенсиң. “Күттүм, ай” тойдун ыры эмес. Бирок элге жагып юбилей, балдарынын тоюна деле чакырып ырдатып жатышат.

– Шоу-бизнесте ырчылар фирмач, тойдун ырчысы деп бөлүнөт эмеспи. Анткен менен азыр дээрлик баары тойго чыгып калышты. Ошондо эми кандай болуп калат?

– Фирмач ырчылар десе эл кыйын ырдайт деп ойлойт. Алардын арасында деле ырдай албагандары бар. Мында ырлардын айырмачылыгы, тойго ылайыкташкандары дүйнөлүк деңгээлге төп келбейт. Ал эми ар бир ырчы үнүн жакшы таптап, репертуарын өзгөртсө, баары эле эл аралык сынактарга катышса болот. Азыр акчанын баары тойдо болуп жаткандыктан, көпчүлүк той ырларына басым жасап жатат.

– Бир кезде Түштүк-Сахалинскте да иштеген экенсиң...

– Ал жакта Адилет деген досумдун байкеси иштечү. "Музыканттар керек болуп жатат" дегенинен Аско, мен, Бек деген балдар менен барып 3 жарым жылдай иштедик. Кечинде ресторанда, түнкү 12ден таңкы саат 4кө чейин клубда ырдачубуз. Клубдарда ар кандай шоу-программалар менен чыкчубуз. Кийинчерээк андан ары өсөлү деп мекенибизге келе бергенбиз. Келерим менен эки ыр жаздырдым. Бирок ал ырлар элге алынган жок.

– Жакында жеке концертиңди бергени турасың. Концертиңден кандай өзгөчөлүк күтсөк болот?

– Биздин концертте алпаруучу болбойт. Өзүм чыгып, коноктордун суроолоруна жооп берип, эл менен жандуу байланышта болом. Мага "2-3 ырың менен концерт коёсуңбу?" деп да айтышты. Негизи азыр жарыкка чыккан 6 ырым бар. Көрүүчүлөр концертте 10 чакты жаңы ырыма күбө болушат.

– Маегиңе рахмат. Тушоо кесүү концертиң ийгиликтүү өтсүн!

"Түштүк-Сахалинск шаарында клубдарда иштегенде ар кандай шоу өткөрүп турчубуз".
Джоннинин "Күттүм, ай" ырынын клибинде Бек Исраиловдун жубайы Айжаркын тартылган.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Джонни: "Сүйүктүүмө үйлөнөм деп жүргөндө кол үзүштүк. "Күттүм, ай" ошол кызга арналган"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Kenje.jarkynbaeva
2019-02-05 11:03:14
Южно сахалинде жашап кетсе молодеец . Биз азыр ошол аралдабыз
0
Aikan1966
2019-02-05 11:27:35
Чыгармачылык ийгилик
0
Eliza1991
2019-02-05 13:15:43
Ушул темпте кетсен Атабеков Арсен марсен нурландардан дв ашып номер 1 болосун Кыргыз эстрадасында! Молодец!Лично мага жагат ырларын. Саны аз болсо да сапаттуу!
0
Skarlett-Skarlett
2019-02-05 19:07:50
Азаматсын!Кыргызымда таланттуу жигиттер,кыздар коп экени ото кубантат.Иштеген жеримде сыймыктыктанып коюп коём.Орустарга да жакты
+2
petushokimishka
2019-02-14 18:42:51
Молодец, Джонни! Талантын оркундой берсин!
Мен аябай жакшы кором "Куттум ай" ырын. Кечке ырдай берип, жанымдагы адамдар кошо жаттап бутту.
0
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан