«БАЗАРЧЫЛАР», «АТКЕЗЧИЛЕР». ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДАГЫ КАНДАЙ АТКА КОНОТ?

25-январда түнкү саат 3-4 аралыгында "Токмок автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик менен алектенген жарандардын ортосунда чыр чыгып, окуя атышуу менен аяктаган. Бул атышууга Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынан депутат Урмат Самаевдин да тиешеси бар экени айтылууда. Коомчулуктагы мындай талкуу ансыз деле "деңгээли начар", "базардан келгендер" деп аталып келе жаткан парламенттин калган азгантай аброюн дагы тебеледи. Эске салсак, ушул эле “Кыргызстан” фракциясынын дагы бир депутаты Дамирбек Асылбек уулу өткөн жылы ири аткезчиликке шектелип, Казакстандын атайын кызматы уюштурган операциянын негизинде кармалып, учурда сот өкүмүн күтүп камакта жаткан кези.

АТКЕЗЧИЛЕРДИН ЧАТАГЫ

Жергиликтүү маалымат булактарына чыккан маалыматтарга ылайык, аткезчилик жолу менен күйүүчү май ташыгандар деп айтылып жаткан Дастан менен Кубан аттуу жарандар аткезчилик менен жаңыдан иштеп баштаган Бахтияр жана Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөн. Ортодо чыр-чатак чыгып, окуя атышууга чейин жеткен. Натыйжада Аскат аттуу жаран травматикалык тапанчадан денесинин төрт жеринен жаракат алып, ушундай абалын сүрөттөп көрсөтүп видео тартып, аны интернетке жарыялады. Видеодо Аскат аттуу жарандын башына, аркасына жана санына ок тийгени көрсөтүлөт.

Жогоруда аты аталган Кубан деген жаран Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев экени айтылууда. Кочкорбаев Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин жакын адамы экени да айтылды. Окуянын экинчи катышуучусу делинген Дастан аттуу адам болсо ушул эле депутаттын жакын тууганы делинүүдө. "Тар чөйрөдө депутат Самаев Чемпион деген каймана атка ээ" деген маалымат коомчулукка бул окуя менен кошо жарыя болуп кетти. Видеодогу сүйлөшүүлөрдө сөз Чемпион деген каймана аты бар адам жөнүндө болуп жатканын угууга болот.

Ошондой эле эл өкүлү 25-октябрда окуя болгон жерге баргандыгы айтылууда. Анын келбети көзөмөл-өткөрүү пунктундагы камерага түшүп калганын окуяга катышуучулардын бири Аскат айткан. Чек ара көзөмөлдөө башкармалыгы бул маалыматты төгүндөгөн да жок, ырастаган да жок .

БИРИ-БИРИН КҮНӨӨЛӨГӨНДӨР

Октон жабыркаган Аскат Үсенов депутат Самаевдин жакын тууганы аны травматикалык тапанча менен атканын, бул ишке эл өкүлү кийлигишип жатканын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго видео аркылуу кайрылып, жардам сурады.

– Токмокто чек аранын жанында иштеп жатсак, бизди иттей кылып атып кетти. Ооруканага бара албайм же милицияга кайрыла албайм. Анткени бүт баарын караган Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев. Кайрылган күндө деле иш эртеси кайра жабылат. Мени райондук ички иштер бөлүмүнө Урмат Самаев өзү Тойота үлгүсүндөгү машинасы менен алып келген. Мени ошол депутаттын тууганы Дастан деген жигит атты. Ал Токмоктун чек арасын караган адам. Телефонума "өлтүрүп кетебиз" деген СМСтер келип жатат,- деп видеокайрылуу аркылуу президенттен коопсуздугун камсыз кылып берүүнү суранды.

Аскат Үсенов “мени атты” деп күнөөлөп жаткан Дастан Бейшенкулов учурда ооруканада. Ал желим октон көкүрөк тушунан жаракат алганынан улам дарыланууда. Дастан Бейшенкулов, тескерисинче, аны Аскат Үсенов атканын айтып, арыз жазды.

ДЕПУТАТТЫН КАТЫШЫ БАРБЫ? АНЫ ТАКТОО КЫЙЫН

Чүй облустук милициянын башчысы Саматбек Курманкулов бул окуя боюнча маалымат жыйын өткөрүп, төмөнкүлөргө токтолду:

– Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жердеги атышуу 25-январга караган түнү болгон. Чыр Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубан Кочкорбаев менен Бахтияр жана Аскат Усенов аттуу жарандардын ортосунда чыккан. Алар товарларды жана күйүүчү майларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүшкөн. Ошонун негизинде акча маселесинен улам чыр чыккан. Атышуудан Аскат жана Дастан аттуу эки адам жаракат алган экен. Бирок биз аларды 26-январда Токмок РИИБине чакырып сураганыбызда эч кандай атышуу болбогонун айтышкан. Кийин Аскат деген адам октон жаракат алганын көрсөткөн видео интернетке жарыяланды. 28-январда Дастан Бейшенкулов дагы октон жаракат алганын айтып, ооруканага жаткан. Андан тергөөчүлөр кайрадан сурак жана арызын алышкан,- деди Курманкулов.

Облустук милициянын башчысы Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин окуяга тиешеси болгон-болбогону тактала элек дейт:

– 26-январь күнү депутат Урмат Самаев дагы Токмок РИИБине чакыртылган. Бул маалыматты тастыктай алам. Бирок анын окуя болгон жерге атышууда барганын так айта албайбыз. Райондук милицияда өзү сурак берип жатып окуяга катышы жок экендигин айтты. Эгерде тиешеси бар болсо, УКМКга материалдарды чогултуп беребиз, чара көрүлөт. Анын окуя болгон жерге барганын көргөндөр болсо, облустук милицияга келип маалымат беришсе угууга даярбыз.

КРИМЧӨЙРӨ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ АРАЛАШЫП КЕТТИБИ?

"Мамлекеттик жогорку бийлик болгон Жогорку Кеңештин аты буга чейин да чуулгандуу иштерде аталып, "криминалдык чөйрөнүн белгилүү өкүлдөрү менен аралашып кетти" деп талкууга түшкөн, буга чейин да парламент депутаттарынын ичинен аткезчилик менен алектенет" деп шектелген эл өкүлдөрү болгон.

2011-жылы мыйзам чыгаруучу органдын спикери ири уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Камчы Көлбаев менен Жаңы жыл майрамын Караколдогу лыжа базалардын биринде чогуу майрамдашканы айтылган. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында төрага болгон Ахматбек Келдибеков кримавторитет Камчы Көлбаев менен жолукканын ички иштер министри далилдеген соң спикерликтен кетүүгө аргасыз болгон. Алар менен чогуу Жаңы жыл тоскондордун катарында Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улан Чолпонбаев да болгон.

Өткөн жылы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу аткезчилик менен алектенген ири кылмыштуу топту түзгөн деп шектелип, Казакстанда кармалган. Эскерте кетсек, 2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасынан 4 кыргыз жараны бар болуп, анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу болуп чыккан. Көп өтпөй анын казак жарандыгы да бар экендиги тастыкталган. Бул окуя депутаттыкка талапкерлер тизмеси БШКда жетиштүү деңгээлде текшерилбегендигин далилдеген. Кош жарандуулук шылтоосу менен БШК Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыратуу менен бул чуудан кутулду.

ПРЕЗИДЕНТ ҮН КАТПАЙ ЖАТАТ

Бажы кызматы Кыргыз өлкөсүндө коррупцияга малынган орган экени көптөгөн окуялар, маалыматтар менен түшүнүктүү болуп келе жатат. Дал ушул аткезчилик маселеси өлкөнүн экономикасына чоң кедергисин тийгизүүдө. 2017-жылы Казак өкмөтү Кыргыз тарапты Бажыдагы аткезчиликти көзөмөлгө албайт деп сындаган эле. Анда Казак өкмөт башчысы Кыргыз менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, Кыргыз тараптын бажы көрсөткүчтөрү Кытайдыкынан кескин аз экендигин, демек, ортодогу айырма көмүскө чөнтөктөргө кетип жатканын айтып сындаган.

Бажы кызматында олчойгон көйгөйлөр бар экенине карабастан бул тармакта эч кандай реформалар жүргүзүлбөй келет.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков эл ичинде “Раим миллион” атыккан, ЖМКлардын иликтөөлөрүндө ири коррупцияга шектелген Райымбек Матраимовду Бажы кызматына кайра алууга даяр экенин билдирет. Муну менен бул тармактагы коррупцияга каршы күрөш кантип жүрүп жатканы белгилүү болду:

­– Райымбек Матраимов Бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеп кеткен. Ага чейин аталган кызматта жетекчилик кызматтарды да аркалап келген. Сот кандай чечим кабыл алса, биз аны аткарууга даярбыз. Ал Ошто иштеп жүргөндө жакшы көрсөткүчтөр болгон. Бажы кызматында 20 жылдык тажрыйбасы бар адам катары соттун чечимин аткарууга даярбыз,- дейт Оңолбеков.

Атышуулар, камакка алуулар, ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн нааразычылыктары жана башка толтура маалыматтар Бажы кызматында коррупциянын тамырлап кеткенин көрсөтүп турса дагы Жогорку Кеңеш, президент, өкмөт бул тууралуу үн катпай жатат.


Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан