СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ АТАМБАЕВДИН КӨЧҮН УЛАНТУУДА. "Супер-Инфо" жана Super.kg Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешин чагылдырууга коё берилген жок

30-январь күнү президент Сооронбай Жээнбековдун жетектөөсүндө Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул жыйынды чагылдырууга "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тарабынан чакырылган жок. Бүгүнкү күндө маалыматтык саясат бөлүмүн Толгонай Стамалиева башкарары маалым.

2016-жылы Алмазбек Атамбаев өлкө башчы кезинде президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү президенттик маалымат жыйынды чагылдырууга оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын тартуучу тобун автобуска салбай таштап кетишкен. Көрүнүп тургандай, Сооронбай Жээнбеков шайлоо кезинде берген убадасын аткарууда, тактап айтканда, көч уланууда...

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан