30-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн тандоого бир күндүк убактысын кетиришти.
Парламентте Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө Маркабай Ааматов, Чынар Капарова, Атыркүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков жана Нургазы Мусаевдин талапкерлиги каралды.
Алгач депутаттар рейтингдик жабык добуш берүү менен талапкерлерге добуш беришти. Жыйынга талапкерлердин бири Нургазы Мусаев келбегенине байланыштуу ага добуш берилген жок. Жыйынтыгында Чынар Капарова 79 добуш алып, утуп чыкты. Атыркүл Сарыбаева болсо 60 добуш алган. Чынар Капарова кимдир бирөөгө жакпай калган көрүнөт, бул жыйынтыкты жокко чыгаруу үчүн депутаттар жакшы эле аракет кылышты.
Добуш берүүгө катышпай, жыйынга жаңы гана келген эл өкүлү Асылбек Жээнбеков вице-спикер Аида Касымалиева жыйынды туура эмес алып барды, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу керек деп чыкты.
Асылбек Жээнбековдун сунушу дароо кабыл алынды. Экинчи добуш берүү алдында Жанар Акаев: “Эртеден бери шайланышы керек деп бир адамдын аты аталып жатат. Премьерди шайлаганда, каржы министрин шайлаганда кийлигишсеңер да түшүнөр элек, эми ушул КТРКнын Байкоочу кеңешине да кийлигише бересиңерби?”- деп нааразы болду. Бирок мындай кайрылуулар суу кечпеди. Жогорку Кеңеш алгач Чынар Капарованы өткөрүп, бир аздан соң анын ордуна акыркы жылдары базарда иштеп жүргөнү айтылган Атыркүл Сарыбаеваны 77 добуш менен шайлады. Ал эми Чынар Капарованы колдогон депутаттардын саны 61ге чейин кыскарды.
Чынар Капарова мындай жыйынтыктан кийин өзүнүн социалдык баракчасына мындай билдирүү калтырды: "Мен 79 добуш менен утуп чыккан алгачкы саатта залда Асылбек Жээнбековдун болбогонун, мен утарым менен тез арада залда пайда боло калганын, шашылыш танапис жарыяланып, танапис учурунда депутаттар жарга такалганын жана башка жат көрүнүштөрдү, танапистен кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун пайда боло калышын, Жээнбеков мырзанын айтканы айткандай кабыл алынып, регламенттин бузулушун социалдык тармактар жазып, түз эфир көрсөтүп жатты.
Мени өткөрбөй коюу менен менин аброюмду көтөрүп, президенттин аброюна шек келтирген эл өкүлдөрүнө, мындай ыпластыкка “дирижёр” болду делип жаткан үкасына уят дегенден башка сөзүм жок.
Баса, адегенде добушун берип, жарга такалган соң добушунан баш тарткан принциби жок депутаттардын ар бирине менден 5500 сомдук "белек".
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg