АДАХАН МАДУМАРОВДУ АҢДЫГАНДАР КИМДЕР?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын кеңсесинин тегерегинде ички иштер кызматкерлери жана алар менен кошо күмөндүү адамдар, кеңсени, ага кирип-чыккандарды сүрөткө, видеого тартып, сырттан байкоо жүргүзүп жатканы видеого тартылып, интернетке тарады.

Бүгүнкү күндө Текебаев абакта, Бабанов аргасыз сыртта жүргөн маалда бийликтин кемчиликтерин бетке айтып, катачылыктарды жоюуну талап кылып, сындаган оппозициячы саясатчы жалгыз эле Адахан Мадумаров болуп калганы түшүнүктүү. Мындан улам атайын кызматтар саясатчынын артынан аңдып, баскан-турганын көзөмөлгө ала баштадыбы деген суроо туулат. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери анын сүйлөшүүлөрүн тыңшоого аракеттер болуп жатканын да айтат. "Мен отурган жерге барып, сааттын ичине тыңшоочу аппарат коюшуптур. Ушуну менен экинчи жолу мындай окуя болду. Биринчи жолу койгондо батерея ысып кетип, ээрип түшүп калган. Эми дөдөйлөр дагы келиптир да, сааттын аркасына бекитип кетиптир. Бул деген кызылдай айбандык",- дейт Мадумаров. Оппозициядагы саясатчыларды аңдуу, аларды каралоо, ыңгайы келсе кайсы бир компроматтарга таяп опузалоо бийликтин колундагы тийиштүү органдар тарабынан дайыма жасалып келе жаткан иштер. Мындай адат Акаев кезинен бери, эки ирет революция болуп, саясий систем өзгөрсө да жоюлбады. Артынан аңдуу башталганына караганда бийлик ушул тапта Адахан Мадумаровдон чочулап турган өңдүү.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан